Украинага саякат: III бөлүк, Днепропетровск

Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер Украинада алдыдагы президенттик шайлоолор менен чыгыштагы кризистин фонунда эмнелер болуп жаткандыгына күбө болуу максатында элден чогулган каражатка аталган өлкөгө сапар алды.

Баяндоо автордун атынан жүрөт

 Саякатка акча чогултуу жөнүндө кененирээк жана Бектур Искендердин твиттер-хроникасы

Саякаттын башка бөлүктөрү:

I бөлүк: Киев

II бөлүк: Донецк

IV бөлүк: Одесса

V бөлүк: Одессадагы шайлоолордон кийинки митингдер

VI бөлүк: Львов

Поезд Донецктен Днепропетровскини көздөй 23-май күнү салгылашуулар орун алган Донецк облусундагы Красноармейсктен алыс эмес жердеги Карловка айылын бойлой тыкандык менен кетип бара жатты.

Мен Донецктен өтө тынчты алган, коркунучтуу учурда кетип бара жатканымды түшүнүп турдум. Поездегилердин көбү болуп жаткан окуяларды талкуулашып, өтө кабатырланып жатышты.

Ошондуктан Донецктен поезд менен үч саатта эле жетип алууга мүмкүн болгон Днепропетровскидеги кыйла эле айырмаланган атмосфераны көрүү мен үчүн  өтө таң калычтуу болду.dnipro_23may_0293Бул өлкөнүн чыгышындагы эң украинчил шаар.

Жергиликтүү тургун Андрейдин мага түшүндүргөнүнө ылайык, Евромайдандын, андан кийинки Крым менен чыгыштагы окуялардын фонунда жергиликтүү тургундардын көбүндө мамлекеттик белгилерге болгон абдан чоң сүйүү пайда болгон.

Мындайды мен Киевден көргөм, бирок Украинанын чыгышында бул мага күтүүсүз болду.

Украин желектери имараттарда:dnipro_23may_0291Унааларда:dnipro_23may_0290dnipro_23may_0292Катерлерде:dnipro_23may_0307Кайрадан унааларда:dnipro_23may_0301dnipro_23may_0303Күзгүнүн каптамасында (мындайды биринчи жолу көрүп атам):dnipro_23may_0314Украин желегин саткандар бурулуштарда көп кездешишет:dnipro_23may_0294Курулуп бүтө элек мейманкананын дубалына Украинанын чоң герби тартылган:dnipro_23may_0313

Коломойский

Чынын айтуу керек, жергиликтүү тургундардын бири Кирилл түшүндүргөндөй, орусчул жарандар Днепропетровскиде да бар — анын баамында, алар болжол менен шаардын бир миллиондон бир аз ашыгыраак калкынын бештен бир бөлүгүн түзүшөт.

Бирок алар өз позицияларын ачык айта алышпайт, анткени алар азчылыкты түзүшөт, ал эми мында кандай гана орусчул маанайдагы көрүнүштөр болбосун бардыгын тең сепаратизмге чакырык катары кабыл алышып, андайлар менен көпкө кыжылдашып отурушпайт: днепровдуктар коңшу облустардагы окуялардын алардын шаарында да кайталанышын каалашпайт.

Евромайдандан кийин Днепропетровск облусундагы бийликке башында Игорь Коломойский турган таасирдүү украинчил адамдар келгендиги да бир топ маанилүү.

Донецк облусундагыдай эле Днепропетровкидеги иштин жагдайы да жергиликтүү ири олигархтын көңүлүнө жараша аныкталган — бирок мында окуялар таптакыр башка тарапты көздөй багыт алган.

Эгер Донецкте абал көбүнчө Ринат Ахметовдун ички  каалосунан (бул тууралуу буга чейинки баянымда кенен жазгам) улам күчөгөн болсо, Днепропетровскиде тескерисинче, Коломойскийдин башынан эле бир позицияны бекем кармангандыгынын аркасында абал турукташкан — ал жалаң гана Украинанын биримдиги тууралуу сүйлөп, федерализация же бөлүнүү тууралуу эч бир сөз айткан эмес.

Днепропетровскиде да өздөрүнүн Антимайданы болгон. Бул шаарда орусиячыл активисттер Янукович бийликтен кетери менен эле дароо өз митингдерин өткөрүүгө аракет кылышкан. Бирок украин коргонуу топторунун кыйла эле күчтүүрөөк экенин түшүнгөндөн кийин ал аракеттерин токтотушкан.

Жыйынтыгында, Днепропетровск облусунун аймагында атайын батальондор түзүлгөн — бири ИИМдин алдында, а экинчиси коргоо министрлигинин алдында — анда кызмат кылган жоокерлер жакшы айлык алышат жана сепаратизмдин кандай гана көрүнүштөрү болбосун алардын жайылуу ыктымалдыгына каршы турууга даяр.

Кирилл жергиликтүү олигархтын адамдарынын мурунку иштерин эстеп (ал алардын мурунку иштерин «рейдерлик» деп атады), Коломойскийге анча деле үмүт арта бербейт.

«Бирок Коломойский өз ордунда болуп чыкты, — деп түшүндүрдү мага Днепропетровскинин тургуну. — Кайсыл гана шаарды болбосун ордунан козгоп койсо болот, бирок жаңы бийлик өз учурунда демилге көтөрүп, толкундоолорду басып койду».

Кирилл Днепропетровск кандай гана оор кырдаал болбосун дайыма жыйынтыгында ким күчтүү болсо ошонун позициясын кармангандыгын айтып тамашалады.

«Биздин шаар дайыма жеңүүчүлөр үчүн. Мисалы, Львовдогу адамдар принципиалдуу, студенттери да окуудан чыгарабыз деп коркуткандыктарына карабастан демонстрацияларга чыгышты, а бизде болсо өтө бизнес-конъюнктуралуу шаар», — дейт ал.

Мейли, эми көчөлөрүн аралап көрөлү.

Шаар

Мындагы жөө адамдар жүрчү башкы жолго ысык болбошу үчүн үстүнөн суу чачып турушат:dnipro_23may_0298Мындай конструкцияларды Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу өлкөлөрдө гана болот деп ойлогом:dnipro_23may_0299Мында бейпилчилик:dnipro_23may_0300dnipro_23may_0305Мында тынчтык:dnipro_23may_0312Мында Украина үчүн көнүмүш болгон бак-дарактар көп:dnipro_23may_0302Мында велосипедчилер:dnipro_23may_0309Бул суу жээгинде чыныгы өзбек палоосу (Днепропетровск — өтө көп улуттуу шаар):dnipro_23may_0311Мында эски үйлөр бар:dnipro_23may_0296Кээ бир бөлүктөрүндө өтө эле эски үйлөр да кездешет:dnipro_23may_0315Мында кызыктай жаңы үйлөр да бар:dnipro_23may_0297Алардын кээ бирлери өтө эле кызык:dnipro_23may_0304Донецктен кийин бул жердеги атмосфера кайсыл бир Ниццедегидей сыяктанат:dnipro_23may_0306Ошондуктан бул шаарда журналисттер үчүн таптакыр кылаарга иш жок (Днепропетровкинин жашоочулары үчүн кандай жакшы жаңылык):dnipro_23may_0308Андан ары Одессага кеттик.