Украинага саякат: V бөлүк, Одессадагы шайлоолордон кийинки митингдер

Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер Украинадагы президенттик шайлоолор менен чыгыштагы кризистин фонунда эмнелер болуп жаткандыгына күбө болуу максатында элден чогулган каражатка аталган өлкөгө сапар алды.

Баяндоо автордун атынан жүрөт

Саякатка акча чогултуу жөнүндө кененирээк жана Бектур Искендердин твиттер-хроникасы

Буга чейинки Одесса тууралуу баянымды мындагы жеригиликтүү тургундарды өлкөнүн президентинин шайланышына караганда шаардын мэринин шайланышы көбүрөөк тынчсыздандырып жаткандыгы менен аяктагам.

Чынында эле ошондой экендиги шайлоо өткөн күндүн эртеси эле даана көрүндү — Одассада мэрге добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талаш-тартыштар башталды.

Мэрди шайлоонун өзү шаардагы маанайдын аныктагычы болду. Ал орун үчүн батышчылыраак Эдуард Гурвиц (буга чейин эки жолу Одессанын мэри болгон) менен орусиячыл Геннадий Трухановдун ортосунда күрөш жүргөн.

Экзит-поллдор Гурвицтин лидерлигин көрсөтүп жатышкан, бирок болжолдуу жыйынтыктарга келгенде Трухановдун алдыда экендиги белгилүү болгон. Өз кезегинде бул «Евромайдандын» одессалык активисттеринин нааразычылыгын жаратып, 26-май күнү кечинде алар аймактык шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына митингге чогулушту:odessa_26may_0324Аймактык шайлоо комиссиясынын салттуу түрдө орусиячыл одессалыктар чогулган Профсоюздар үйүнүн жанында жайгашкандыгы коркунуч жаратты — аларды кичинекей гүлбакча менен аянт гана бөлүп турду.

Анда орусиячыл активисттердин Трухановду коргоп «антимайданга» чыгуулары мүмкүн деген чочулоолор болгон. Бирок Профсоюздар үйү тараптан аз гана киши келди, алар окуяга сыртынан гана байкоо салып турушту:odessa_26may_0318Ал ортодо «таза шайлоо үчүн» митингинде бүйүр кызып турду — «митингди уюштуруу керек беле» деген теманын айланасында чогулгандардын баары менен талашып-тартышууну каалаган кыздын кайдан жайдан пайда болгондугу мен үчүн дагы деле түшүнүксүз:

Кагылышуулар болуп кетиши мүмкүн деген чочулоолордон улам митингдин жанында тез жардам кызматынын унаалары да турушту:odessa_26may_0323Милиция аймактык шайлоо комиссиясынын имаратын айланта курчады:odessa_26may_0317Бир аз алысыраакта өздөрүн «жеке күзөт кызматынын өкүлдөрү» деп тааныштырган формачан кишилер акмалап турушту (бир катар журналисттер аларды «Евромайдандын» киевдик коргонуу тобу деп айтышты, анткен менен менин эч кандай далилим жок):odessa_26may_0320Бирок жалпысынан митинг тынч жана эч кандай чыр-чатагы жок өттү:odessa_26may_0314odessa_26may_0315Ошондой болсо да 27-май күнү эртең менен Труханов расмий жеңүүчү деп жарыяланды. Мындан улам Одессада митингдер дагы уланат деген ойдомун.

2-майдагы кагылышуудан кийин облустук милициянын башчысы алмашкан — ага чейин Одесса милициясы тымызын орусиячыл активисттерди колдоп келген деген шектенүүлөр орун алып келген. Эми одессалык милициянын кээ бир унаалары украин желектери менен жүрүшөт:odessa_26may_0321Украин митингдеринин кызыктуу өзгөчөлүгү — бул түз эфирде видео берип жаткан журналисттердин көптүгү. Мындай ыкма «Евромайдандын» фонунда өзгөчө популярдуу болууда.

Эми кандай гана кызыктуулуктагы окуя болбосун дароо эле 5-6 стримерде түз эфирде берилет.

Көпчүлүк учурларда планшеттер пайдаланылат. Мен алардын эмне себептен планшеттерди пайдаланышаарын анча түшүнгөн жокмун — эмне, ошондой ыңгайлуубу?odessa_26may_0316odessa_26may_0319odessa_26may_0322Дагы бир кызыктуу өзгөчөлүк — бул аймактык шайлоо комиссиясынын имараты менен Профсоюздар үйүнүн алдындагы митингдердин ортосунда кичинекей балдары менен сейилдеп жүргөн ата-энелер. Кайраттуу адамдар:odessa_26may_0325Ал ортодо 26-май күнү кечинде Профсоюздар үйүнүн алдына да адамдар чогулушкан, бирок аз эле — көп болсо 20га чукул:odessa_26may_0326Эгер «Евромайдандын» активисттери Трухановду шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого айыптап жатышса, орусиячыл активисттер тескерисинче, «киев хунтасынын айла-амалдарына карабастан» жеңип чыккан адамдын бийликке келишине мүмкүнчүлүк бербей жаткандыктарына нааразы болушууда.

Андыктан Одесса коомчулугу буга чейин болуп көрбөгөндөй экиге бөлүндү деп айтса болот.

Ал тургай белгилүү «патёмкин» тепкичиндеги түрдүү көз караштагы вандалдардын күрөшү да токтобой эле:odessa_26may_0327