Украинага саякат: II бөлүк, Донецк

Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер Украинада алдыдагы президенттик шайлоолор менен чыгыштагы кризистин фонунда эмнелер болуп жаткандыгына күбө болуу максатында элден чогулган каражатка аталган өлкөгө сапар алды.

Баяндоо автордун атынан жүрөт

Саякатка акча чогултуу жөнүндө кененирээк жана Бектур Искендердин твиттер-хроникасы

Саякаттын башка бөлүктөрү:

I бөлүк: Киев

III бөлүк: Днепропетровск

IV бөлүк: Одесса

V бөлүк: Одессадагы шайлоолордон кийинки митингдер

VI бөлүк: Львов

Көбүңүздөр Донецкти төмөнкүдөй сыяктуу элестет болушуңуздар керек:donetsk-21-22may_0257Чындыгында бул Донецктеги металлургиялык завод болчу. Ооба, ал кандайдыр бир деңгээлде шаарды, ошондой эле жалпы өндүрүштүк аймакты элестетип көрсөтөт. Бирок бул шаардын бир гана бөлүгү, а биз стереотиптер менен ой жүгүртүүнү жактырбайбыз да, чынбы?

Бул жолку сапарымда Донецк мага абдан жакшы көрүндү:donetsk-21-22may_0256Мүмкүн биринчи жолку сапарымда мында кыш болгону үчүн ушундай сезилип жатса керек, анда мага шаар сур жана түнөрүнкү көрүнгөн. А чынында ал укмуштуудай жашыл шаар экен:donetsk-21-22may_0258Ошондой эле шаар XX кылымдын ортосундагы архитектуранын көрүнүктүү үлгүлөрүнө ээ:donetsk-21-22may_0286А азыр мына мындай сонун жаз:donetsk-21-22may_0267Эгер өтө эле ысык болуп кетсе шаардагы көптөгөн сейил бактардын бирине барса болот:donetsk-21-22may_0266Же Кальмиус дарыясынын жээгиндеги салкын желден ыракат алса болот:donetsk-21-22may_0283Кечке маал жумшак күндүн нурунда сейилдесе жакшы:donetsk-21-22may_0282Анан мына силерге! — шаардын борбору, бул эмне болгон көрүнүш?donetsk-21-22may_0264

Донецк элдик республикасы

Качан Донецкке бара жатканымда менде коркуу сезими болгон. Мен согуштук аракеттер болуп жаткан шаарга бара жатам деп ойлогом. Анүстүнө адамдардын өлүмүнө алып келген чыныгы кагылышуулар Донецктин айланасындагы кичинекей шаарлар, кыштактарда болуп жатат да.

Поездде мен кызыктуу адамдар менен бардым: донецктик эки аял, бири референдумда Донецк элдик республикасынын көз карандысыздыгы үчүн добуш берген, а экинчиси — Украина бирдиктүү болушу керек деп эсептейт.

Алардын ортосундагы талаш-тартыштар мушташууга чейин жеткен жок. Интеллигент аялдар узакка созулган маегинин соңунда — Украинанын ар кайсы бөлүгүндө жашаган карапайым адамдар бири-бирин саясатчылар көрсөткүсү келгендей жек көрүшпөйт деген бир пикирге келишти.

Ошондой эле алар шаарда болуп жаткан окуяларга кабатыр болушту. Алардын биринин келини менен небереси бир канча убакытка Маданият үйүнүн имаратында камалып калышкан. Анда ал имарат бир эле маалда түрдүү балдар ийримдери, ошондой эле алдыдагы Украинанын президентин шайлоо үчүн тилке катары кызмат кылып жаткан.

Балдар ийрими иштеп жаткан маалда имаратка Донецк элдик республикасынын куралдуу өкүлдөрү кирип келишип, балдар менен ата-энелеринин экинчи кабатка кетүүлөрүн өтүнүшкөн (чынында, маектешим айткандай, алар «өтө кичи пейилдүүлүк менен өтүнүшкөн»). Анан шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен бирге бардык бюллетендерди алып кетишкен.

Ал окуяда жөнөкөй адамдардын жабыр тартпагандыктары менен  мындай учурлар Донецктин жашоочуларына тынчтык кошумчалабайт.

Эми буга шаардагы үрөй учурган көптөгөн ушактарды кошкула. Эң көп айтылганы — бул украин армиясынын танкаларынын шаарга кирип келгендиги. Мен Донецкте жүргөн эки күндүн ичинде мындай ушак шаар ичине эки-үч жолу тарап кетти.

Мен Донецкке келгенде ар бир кадам сайын Донецк элдик республикасынын өкүлүн кезиктирип, бардык жакта тосмолор болуп, саат сайын ок атуулар угулуп турат деп ойлогом.

Бирок Донецк элдик республикасынын таасири алыстан сезилгендей анчалык деле күчтүү эмес экен. Иш жүзүндө өздөрүн «Донбасстын элдик кошууну» деп атаган алар Донецктеги бир нече гана имаратты көзөмөлдөшөт экен, ал эми шаарда ок атуулар угулса да тынч мезгилдердегиден бир аз гана көбүрөөк угулат.

Бул Донецк элдик республикасынын өкүлдөрү басып алган Украинанын коопсуздук кызматынын имараты, мындагы тосмолор адамсыз калган. «Элдик кошуун» бул жерге жакпай калган адамдарды камашат, Коопсуздук кызматтын жер төлөөлөрүн алар «тергөө абагы» деп аташат:donetsk-21-22may_0268Ошондой эле прокуратуранын имараты да Донецк элдик республикасынын көзөмөлүндө. Бирок анда эч кандай аракеттер байкалбайт. Качан мен анын негизги кире беришиндеги эшикти такылдатканымда жаш милиция кызматкери башын чыгарып, учурда имаратта оңдоо иштери жүрүп жатканын жана эч ким интервью бербей турганын билдирди:donetsk-21-22may_0251Донецк элдик республикасынын өкүлдөрүнүн башкы базасы – бул Донецк облустук мамадминистрациясынын имараты. Ал тегерете тосмолор менен тосулган жана анда жашоо кадимкидей эле кызуу уланууда:donetsk-21-22may_0260Терезелерден Донецк элдик республикасынын башкы белгилери көрүнүп турат:donetsk-21-22may_0261Кире беришинде көп сандаган түрдүү туулар желбирейт, а алардын алдында дайыма орусиялык каналдардын бирине коюлган телевизор иштеп турат:donetsk-21-22may_0262Мындагылар фашизмден коркушат. Алардын «фашизм» деген сөздүн англис тилинде кандай жазыла тургандыгын билбегендиктери үчүн кечирели:donetsk-21-22may_0263Чынында Донецктин өзүндө «Донецк элдик республикасынын аймагы» бир нече имарат менен гана чектелет. А калган бөлүктөрүндө шаар өз жашоосу менен жашап жатат.

Шаардык Раданын басылып алынган имаратынын артындагы сейил багында балдарын жетелеп сейилдеп жүргөн шаардыктарды кезиктирүүгө болот:donetsk-21-22may_0265Шаар тургундары дөңгөлөктөр менен тосмолорду капарына деле албай калышкандай, анүстүнө шаар ичинде андай тосмолор менен үйүлгөн дөңгөлөктөрдүн саны деле анча көп эмес:donetsk-21-22may_0289Мага обладминистрациянын имаратынын ичин сүрөткө тартууга уруксат беришкен жок. Ала көйнөкчөн кире бериштеги киши мен фотоаппаратымдын батерейкасын чыгарып салганымды көргөндөн кийин гана имаратка кое берди.

Мага көңүл кошураак мамиле кылышты, «элдик кошуундар» менин кыргыз жарандыгыма кандай реакция жасоо керектигин билишкен жок. Кезек күтүп туруп мен 7-кабаттан кагаз алдым, ал эми андан дагы үч кабат көтөрүлгөндөн кийин мөөр басып берүүлөрү керек болчу.

Мөөр бастырууга кезек күтүп турганымда мага бир жаш жигит келип каяктан экенимди сурады. Мени коштоп, жол көрсөтүп жүргөн айдоочу мени бир өзгөчө кылып тааныштырды: «Элестет, ал Чүй өрөөнүнөн экен?»

Көрсө, Чүй өрөөнү Донецкте марихуана менен жабдып туруучу негизги аймак катары белгилүү экен. Анын бул жерде мынчалык белгилүү экендиги мен үчүн күтүүсүз жаңылык болду.

Донецк элдик республикасынын өкүлү болгон ал жигитке маңдайында Чүй өрөөнүнүн чыныгы жашоочусунун тургандыгы өзгөчө жакты. Андан башка менде обладминистрациянын имаратынын ичинде эч кандай көйгөй болгон жок.

Ал эми алган аккредитациям мага Донецк элдик республикасынын өкүлдөрүнүн жанында болуп, алардан орой сөздөрдү, кагууларды укпашыма жардам берди.

Ахметов

Өлкөнүн чыгышында мындай кырдаалдын кантип пайда болгондугун түшүнүүгө аракет кылалы. Донецкте окуянын төмөнкү версиясы өтө популярдуу.

Ага ылайык, Донецк элдик республикасынын артында алгач Украинанын эң бай адамдарынын бири, февралда бийликтен кеткен мурунку президент Виктор Януковичтин капчыгы атыккан Ринат Леонидович Ахметовдун өзү турган.

Ахметов өз кишиси бийликтен кеткенден кийин Украинанын чыгышында жайгашкан ишканаларынын келечегине кабатыр болуп, аларды сактап калууга аракет көрө баштаган.

Өлкөнүн чыгышындагы элдик кошуундун риторикасынын кандай өзгөргөндүгүнө көңүлүңүздөрдү бөлсөңүздөр. Алгач анда чыгыш Украинанын «федерализацияланышы» тууралуу кеп болуп жаткан. Сыягы, Ахметов анда мындай жол менен Киевдеги жаңы бийликке аны менен да эсептешүү керектигин кыйытып түшүндүргөн. Украинанын курамындагы чоң автономия Киевдеги бийликке кимдин келгенине карабастан Ахметовдун өлкөнүн чыгышын көзөмөлдөөсүнө шарт түзүп бермек.

Ошондой эле Донецк элдик республикасы Орусия тараптан да өтө чоң колдоо алып турат – ал Кремль кооптонуп жаткан «батыштын таасирине» каршы коюлган аракет. Негизи ал аракеттер «Владимир Владимирович мырзанын» (Путинди Донецк элдик республикасынын өкүлдөрү кичи пейилдүүлүк менен ушинтип айтышат) өз мекендештеринин арасындагы имиджинин бекемделишине абдан жардам берүүдө.

Чынында, чыгыштагы аракеттер Крымдагыдай натыйжа берген жок, аны менен катар санкциялар да өз таасирин тийгизүүдө, кайсыл бир учурдан тарта Кремль өлкөнүн чыгышында Крымдагыдай сценарийди улантуудан артка чегине баштаган.

Болжол менен ошол эле маалда Донецк элдик республикасынын өкүлдөрү Ахметовдун көзөмөлүнөн чыгып, Кремлдин багытынан да кайта башташкан.

Аны менен катар алардын лидерлеринин бири, Павел Губарев украин бийлигинин камагынан чыккандан кийин кокусунан эле Ахметовду «элдик кошуундун үчтөн экисин» каржылап жатат деп айыптап чыккан.

Цугцванг абалында (учурда популярдуу сөз) турган Путин майдын башында Донецк элдик республикасына жалынын бир аз басаңдатышы керектигинин кыйытып айткан.

Ал майдан тарта риторикасын өзгөрттү – күтүүсүздөн эле Украинада президенттик шайлоо өткөрүү идеясын колдоп баштады (бирок буга чейин анын командасы аларды легитимсиз деп атап келген), а андан кийин Пунтин Донецк элдик республикасын аймактын көз карандысыздыгы үчүн 11-майга белгиленген референдумдан баш тартууга чакырдын.

Бирок элдик республиканын өкүлдөрүнө эч кандай жазасыз эле куралчан жүрүү жагып калганбы, айтор алар өз пландарын өзгөртүүнү каалашкан жок. Референдум өткөрүштү, бирок украин армиясына каршы согуштар бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Бул жерде чечүүчү учур Ахметовдун бизнесинин өзгөчө ири бөлүгү жайгашкан Мариуполь шаарында орун алган 9-майдагы кагылышуу болуп калды. Кыязы, ошол күнү Ринат Леонидович окуянын өтө тереңдеп кеткендигин жана өзүнүн «федерализациянын жактоочуларын» колдоо идеясынан жоготууларга гана дуушар болуп жатканын түшүндү окшойт.

Чынында Ахметовго Донецк элдик республикасынын кереги деле жок – таанылбаган өлкөнүн аймагында жайгашкан ишканалар менен ким соодалашмак эле? Ага аймактын Орусиянын курамына өтүшүнүн да кереги жок – ал өлкөнүн бай кишиси деген статусун жоготкусу келбейт, ошондой эле анын өзүнө каршы жарыяланышы ыктымал болгон эл аралык санкцияларга да кабылгысы кебей эле.

Ушул аптада тактикалык жактан өтө аянычтуу абалда калган Ринат Леонидович күтүүсүздөн өзүн куткарууга мүмкүн болгон жалгыз кадамга барды – ал Бирдиктүү Украина үчүн чыгып баштады:donetsk-21-22may_0274Дүйшөмбү күнү ал «Донбасс-Арена» деген өз стадиондо митинг өткөрдү (бирок ал анда өзү болгон жок, стадионго орнотулган чоң экран аркылуу сүйлөдү). Ахметов капысынан баары унутуп калган сыяктанган Донецктин Бирдиктүү Украинаны колдогон тургундарына кайрылды.

А андайлар бул жакта анча деле аз эмес экен:donetsk-21-22may_0259donetsk-21-22may_0285(Баса, мен Донецктен кетээр күнү Донецк элдик республикасынын өкүлдөрү мына бул чатырды тигишти.)

Ахметов дүйшөмбүдөгү митингде көптөгөн кооз сөздөрүнөн сырткары Бирдиктүү Украинанын бардык тарапташтарын күн сайын чак түштө унаалар менен сигнал берүүгө чакырды. Унаа айдоочуларына Ахметовдун заводдорунун гудоктору кошулат.

Бул акция мен Донецкке баргандан бир күн мурун, 20-майда башталган. Анда дароо эле шаардын борборунда Донецк элдик республикасынын өкүлдөрү сигнал бергендердин бардыгына таш ыргытышкан.

Акция 21-майда мына мындай болду (бул видеодо унаасынын арткы айнегине таш ыргытылган көк футболкачан кишиге көңүл бурсаңыздар – Донецк элдик республикасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө жалгыз гана ошол барды, бирок анын дарегине «фашистсиң» жана «Одессада адамдарды өрттөгөнсүң» деген сөздөрдү укту:

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР: Видео өтө узун. Эң кызыктуусу башталышы менен аягында.

Эгер буга чейин украиначыл дондуктар эч нерсе айтпай, Донецк элдик республикасынын өкүлдөрү менен ачык кагылышка баруудан карманып келишке болсо, эми алар күн санап каардуу боло башташты — таш менен унаасынын айнектерин сындырып жатышса кимге жакмак эле?

Күн сайын чак түштө Донецкте бүйүр кызып, түбөлүк созулчу талаш-тартыштар башталат:

Милиция аларга таптакыр аралашпайт. Менин көз карашымда Донецк милициясы кайсы тарап күчтүү сезилсе ошол тарап менен кызматташууга бара турган эң принципсиз укук коргоо органы.

Донецк элдик республикасынын өкүлдөрү сигнал берип жаткан унааларга кол салып жатышканда милиция кызматкерлери эч нерсе кылбастан жөн гана карап турушту. Мени коштоп, жол көрсөтүп жүргөн айдоочу экөөбүз алардан эмне себептен эч кандай аракет көрбөй жаткандыктарын сурап көрүүнү чечтик. Анан мына мындай болду:

Блок-посттор жана аба майдан

Сиздер түшүнгөндөй, эгер чак түштө Бирдиктүү Украинаны колдогондугуңар үчүн унааңардын айнегин талкалап салуу ыктымалдыгын эске албаганда Донецктин ичинде жүрүү анчалык деле коркунучтуу эмес.

А беткапчан адамдар каякта? Бронетранспортерлор кана? Аскер кызматкерлери менен элдик кошуундар кайсыл жакта?

Анын бардыгы Донецк облусунун ар кайсы бөлүктөрүнө блок-посттор катары жайгаштырылган. Аларга «туура» кагаздарды көрсөтүү үчүн кайсынысы кимдин блок-посту экенин ажырата билүү керек, бирок көбүнчө алар Украинанын же Донецк элдик республикасынын желектери менен кооздолгон.

Дагы алардын аталыштарын да алмаштырып албоо зарыл, «Восток» батальону – бул Донецк элдик республикасынын, ал эми «Донбасс» батальону – Бирдиктүү Украинанын тарапташтары.

Анткени эгер сен украин армиясынын адамдарына шектүү көрүнсөң сени «Лайфньюс» телеканалынын журналистинин тагдыры күтүп турат. А эгер сен Донецк элдик республикасынын өкүлдөрүнө жакпай кала турган болсоң Украинанын коопсуздук кызматынын жер төлөөсүнө камаласың. (Дал ушундан улам мен эки күбөлүк жасатып алгам – бири англис тилинде, а экинчиси орусча. Баарына ушундай кылуу кеңешин берем. Эң башкысы аларды алмаштырып албоо зарыл.)

Бул Славянскка, андан ары түндүккө алып барчу жолдогу Донецк элдик республикасынын блок-посту:donetsk-21-22may_0275Бул ширетүүчү менин Донецк элдик республикасынан алган аккредитациямды көрөрү менен дароо маектешүүгө макул болду. Ошондой эле ал эки күндөн бери мен жолуктурган куралчан адамдардын ичинен куралы менен сүрөткө түшүп берүүгө макул болгон жалгыз адам болду:donetsk-21-22may_0277«Мен өз үй-бүлөмдү, кызымды «Оң сектордун» өкүлдөрүнөн коргоп жатам», – деп түшүндүрдү ал өзүнүн бул жерде жүргөндүгүн.

Чынында ал оң секторчуларды көрө элек, көрбөйт дагы болуш керек – анткени ал уюм өлкөнүн чыгышында эч кандай активдүү аракеттерди көрбөй эле. Негизи эле анын украин саясаты менен күнүмдүк жашоосундагы таасири өтө апыртылган.

Бирок чыгыштагылар Бирдиктүү Украинанын колдоочуларынын бардыгын тең «оң секторчулар» деп аташат.

Донецк элдик республикасына каршы украин армиясы менен Янукович бийликтен кеткенден кийин дароо негизделген улуттук гвардия согушуп жатат. Баса, оң секторчулар улуттук гвардиянын курамына кирүүдөн баш тартышкан, бирок баары бир деле Донбасстын бир катар жашоочулары үчүн каракчы болуп калышты.

Блок-посттордо унаалардын бардыгын эле текшере беришпейт. Негизинен шек туудургандарды гана текшерүүгө алышат. Менин көзүмчө кандайдыр бир жүк алып бара жаткан «Газелди» токтотушту:donetsk-21-22may_0276Бронетранспортерду бир гана жолу көрдүм – Донецк элдик республикасынын Мариуполго барчу жолдо жайгашкан Донецктин түштүгүндөгү блок-постунан. Андагылар бир аз каардуураак экен, менин сүрөткө тартуума тыюу салышты. Бирок Украинада унаалардын айнектерин караңгылатууга эч ким тыюу салган эмес:donetsk-21-22may_0271Донецк элдик республикасы мезгил-мезгили менен тигил же бул имаратты өз көзөмөлүнө алгандыгы жөнүндө билдирип турат. Тереңирээк изилдеп көргөн соң кеп дайыма эле чыныгы көзөмөлгө алуу тууралуу боло бербестигин түшүнөсүң.

Ачык мисал – Донецктин эл аралык аба майданы.

Күндөрдүн биринде ал жакка Донецк элдик республикасынын 60ка чукул өкүлүнөн турган делегация барган. Алар жалпы залга кирип барышып, жетекчиликтин келишин талап кылышкан.

Жетекчилик алардын алдына чыккандан кийин аба майдан элдик республиканын көзөмөлүнө өткөндүгүн уккан.

Жооп катары аба майдандын жетекчилиги сылык гана «аба майданды каалаган эле адам башкара албастыгын, эгер стерилизацияланган аймакка ашыкча адамдар кирсе Донецктин аба майданы мамлекеттин алдындагы авиатүзүмдөрдүн (IATA сыяктуу) санкцияларына туш болуп, ал жакка учактар учуп келбей калаарын» түшүндүрүшкөн.

Элдик республика өкүлдөрүнүн аба майданга барууларына анда  Киевден келген «жалданган аскерлер» конуп жаткандыгы жөнүндөгү ушактын пайда болушу себеп болгон (бирок бул маалымат ырасталган эмес). Аба майдандын жетекчилиги аларга алгач жалпы залда акмалап, элдик кошуун катары «жалданма аскерлердин» келер-келбесине көз салууларын сунушташкан.

Андан бери Донецк элдик республикасынын өкүлдөрү аба майданга келишкен эмес. Бирок ал жакка өз желектерин илип коюшкан:donetsk-21-22may_0280Аба майдандын жетекчилиги да ал желекти алган эмес. Мекеменин басма сөз кызматы аны жөн гана төмөндөгүдөй деп түшүндүрүп берди.

«Бизге азыр баарынан да жүргүнчүлөрүбүздү абсолюттук коопсуздук менен камсыз кылуу маанилүү. Эгер биз желекти алып сала турган болсок, жүргүнчүлөр үчүн белгилүү бир тобокелдиктер пайда болот деген жыйынтыкка келдик, ошондуктан эч кандай чара көргөн жокпуз».

Анткен менен Донецктин аба майданы Украинанын чыгышындагы окуялардан улам чоң каатчылыкка кабылган. Биринчиден, Киев ал жакка «Аэрофлоттун» учактарынын учуусуна тыюу салган, а Москвадан келген каттамдар болсо Донецктеги эң тез-тез кайталанчу каттамдар болчу.

Экинчиден, «Уизз Эйр» лоу-костери Донецктеги каттамдарын кыйла эле кыскартып койгон.

Учуулардын тактасы азыр мына мындай көрүнүштө:donetsk-21-22may_0278Эч ким жок жалпы залдагы зериккен бармен бизден шаарда эмне болуп жаткандыгы тууралуу айтып берүүбүздү өтүндү. Ал бүгүн кимдир бирөө менен сүйлөшө алгандыгына абдан кубанды:donetsk-21-22may_0279Качандыр бир кездерде Донецк аба майданынын алдындагы унаа токтотуучу жай кыйла эле активдүү пайдаланууда болгон:donetsk-21-22may_0281

Шайлоолор

25-майда Украинада президенттик шайлоолор болот. Донецк элдик республикасы шайлоонун Донецк жана Луганск облустарынын аймактарында өтүшүн каалабай эле.

Сыртынан караганда өтө эле жаш көрүнгөн Алексей Горонин Донецк элдик республикасынын «боршайкомунда» иштейт. Ал Украина шайлоолорду «башка мамлекеттин аймагында өткөрө албастыгын» айтып түшүндүрдү.donetsk-21-22may_0287Ал элдик республиканын өкүлдөрү шайлоо тилкелерине барышып, комиссия мүчөлөрүнөн бюллетендерди тартып алып жаткандыктарын ачык эле мойнуна алды. Ал тургай ал өзүнүн иш бөлмөсүндөгү сейфин ачып, шайлоо комиссиясынан алынган бюллетендер менен документтерди көрсөттү.donetsk-21-22may_9999Горонин Донецк элдик республикасынын өкүлдөрү шайлоо тилкелерине барганда эч кандай зордук-зомбулуктарга барбай тургандыктарын билдирди, бирок күбөлөр бир аз башкачараак окуяларды айтып беришүүдө.

Келгиле Горониндин өзүн угуп көрөлү.  Ал – маегин видеого тартып алууга уруксат берген элдик республиканын жалгыз өкүлү. Тасманын сапаты үчүн алдын ала кечирим сурайм, анткени ал начар жарыктандырууда жана сүйүүчүлөрдүн фотоаппаратына тартылган:

Донецкте мен жок дегенде иштеп жаткан бир шайлоо тилкесин табууга аракет кылдым, бирок эч натыйжасыз – алар же өтө эле эрте жабылып калышат же болбосо таптакыр эле иштешпейт.

Донецк элдик республикасынын өкүлдөрү мага Донецктин Ворошилов районундагы аймактык шайлоо тилкесинин иш бөлмөсүн көрсөтүштү. Анда зеригип отурган милиция кызматкерлеринен башка эч ким жок экен, алардын бул жактагы ролунун кандай экендиги да таптакыр түшүнүксүз.

Милиционерлер имарттагы иш бөлмөлөрдүн биринде түштөнүп жатышкандыктан сүрөткө тартып албай эле коюшумду өтүнүштү.

Президенттик шайлоолор координация кылынышы керек болгон Донецктин борбордук бөлүгүндөгү бөлмө жыйынтыгында мына мындай көрүнүштө:donetsk-21-22may_0288Анткен менен шаарда шайлоо алдындагы үгүт такталары илинип турат. Анда негизинен «Аймактар партиясынан» Михаил Добкиндин үгүттүк материалдары басымдуулук кылат экен, бирок кээ бир жерлерде Юлия Тимошенконун үгүт тактасы сыяктуу таң каларлык нерселерди да кезиктирүүгө болот:donetsk-21-22may_0273Украинанын президенттик шайлоолорду өлкө чыгышында кантип өткөрөрү мен үчүн өзүнчө эле бир чоң табышмак.

Мындан ары Донецкте кандай окуялардын болору да мен үчүн табышмак.

Орусиянын аскерлерин киргизүү ыктымалдыгы реалдуу эмес. Украин аскерлеринин кандай аракеттерге барары түшүнүксүз. Дээрлик толугу менен профессионалдуу кадрлары жок Донецк элдик республикасы өз «республикасын» кантип башкара ала тургандыгы да суроо туудурат.

Эң башкысы – Донецк менен жалпы эле Украинанын жашоочуларынын көпчүлүгүнүн эч ким менен согушкулары келбейт, болгондо да бири-бири менен. Адамдар каатчылык менен аныксыздыктан ушунчалык тажашкандыктан, ал маселелер боюнча капаланууга да алдары калбай калгандай.

Донецкте болуп жаткан окуялардын бардыгы тең мага саясатчылар менен олигархтардын акча үчүн, таасир үчүн болгон алаңгазар күрөшүн ачык-айкын көрсөтүп турду. Баарынан да карапайым тургундар жабыр тартып жатышат, алар бул кагылышуулардын жыйынтыгында акча да, эч кандай таасирге да ээ болбой калышат шекилдүү.

Бонус-видео: Донецк элдик республикасынын өкүлдөрү Ленин аянтындагы Украинанын желегин алып салууга аракет кылышты, бирок жетпей коюшту: