Украинага саякат: I бөлүк, Киев

Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер Украинада алдыдагы президенттик шайлоолор менен чыгыштагы кризистин фонунда эмнелер болуп жаткандыгына жана эмнелер боло тургандыгына күбө болуу максатында элден чогулган акчага аталган өлкөгө сапар алды.

Баяндоо автордун атынан жүрөт

 Саякатка акча чогултуу жөнүндө кененирээк жана Бектур Искендердин твиттер-хроникасы

Саякаттын башка бөлүктөрү:

II бөлүк: Донецк

III бөлүк: Днепропетровск

IV бөлүк: Одесса

V бөлүк: Одессадагы шайлоолордон кийинки митингдер

VI бөлүк: Львов

Ошентип, мен Киевге келдим.

Адатта чыныгы согуштук аракеттер жүрүп жаткан өлкөнүн күнүмдүк жашоосун элестетүү кыйынга турат. Эреже катары жалпыга маалымдоо каражаттары каршылашуулар орун албаган аймактарды көңүл сыртында калтырышып, башкы көңүлдү өтө оор окуяларга багытташат.

Бүгүнкү күндө Киев сыртынан караганда адамдар бири-бирин өлтүрүп, бири-бири менен согушуп жаткан өлкөнүн борборун элестетпейт.

Алгач борборго жакын эмес жайгашкан жерлерге баш багалы. Дарниця метро станциясынын жанындагы базар мурункудай эле жашоосун улантууда:kyiv-19may_0248Жашоо кадимкидей эле кызуу уланууда:kyiv-19may_0218Лениндин сүрөтү күмбөздөргө орнотулчу тактачалардын үлгүсү катары пайдаланууда:kyiv-19may_0217Киевде жаздын кызып турган чагы:kyiv-19may_0236Шайлоо алдындагы үгүттөөлөр дагы:kyiv-19may_0216Шайлоо алдындагы үгүт иштери:kyiv-19may_0219Жаз:kyiv-19may_0240Дагы жаз:kyiv-19may_0235Кайрадан шайлоо алдындагы үгүт иштери:kyiv-19may_0242Шайлоо алдындагы үгүтөө:kyiv-19may_0244Жаз:kyiv-19may_0237Кечиресиңер, берилип кетиптирмин.

Майдан бүгүнкү күндө

Шаардын борбору — Майдандамын. Ал бүгүн үч ай мурункудай эмес.

Менин Киевге болгон февралдагы сапарым Янукович бийликтен кетип, Крым каатчылыгы келе элек эйфория маалына туш болгон.

Ал күндөрү адамдар өз күчтөрүнө болуп көрбөгөндөй ишеничте болушуп, Майдан элдик квази-парламентти элестетип турган, алардын алдында жаңы гана бийликке келген саясатчылар отчет беришип, коркуп турушкан.

Крымдагы, андан соң Донецк, Луганск каатчылыктары коомчулуктун башкы көңүлүн күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүү маселелеринен геосаятка буруп салды. Бул аралыкта жаңы бийликтин өкүлдөрү өз орундарына бекем отуруп алууга жетишишип, Майданда чогулгандардын көпчүлүк бөлүгү жөн гана тарап кетишкен.

Бүгүнкү күндө Майдан кайсыл бир маселелер боюнча нааразычылык билдирчү аянт эмес, ачык асман алдындагы музей болуп калгандай.

Дөңгөлөктөрдөн тургузулган тосмолор сүрөткө түшүү үчүн экспонаттарга айланган:kyiv-19may_0222Башка материалдардан жасалган тосмолор саясий граффити чеберлери үчүн аянча болуп калган:kyiv-19may_0221Сүрөтчү Геннадий Гутгарц өрттөлгөн Профсоюздар үйүнө февралдагы кагылышууларда курман болгондордун элесине арнап жүз кызгылт так түшүргөн. Азырынча эмнеге дал ушул түстүн тандалгандыгынын себептери аныктала элек:kyiv-19may_0224Азыр эч ким сахнага чыгып сүйлөбөйт:kyiv-19may_0226Аянттагы аскер техникасына да эч ким көңүл бурбай калган:kyiv-19may_0231Майдандын популярдуулугу менен Украинада окуяларга таптакыр байланышы жок ар түрдүү адамдар пайдаланууда. Мисалы, фалуньгун диний кыймылы:kyiv-19may_0247Кайсы бир кездерде бул жерде беткап кийген каардуу адамдар турушкан, а азыр болсо контингент бир аз өзгөргөн:kyiv-19may_0223Ал эмес Майдандын айрым жерлеринде унаа кыймылы да калыбына келтирилген. Бирок чынында айдоочуларга чатырлар жана унаа өтүүчү тилкелерде ээ-эркин басып көнүп калган жөө адамдарды аралап өтүүгө туура келет. Ошондуктан айдоочулардын бардыгы эле бул жол аркылуу өтүүнү туура көрө беришпейт — анткени мында өтө эле жай жүрүүгө туура келет:kyiv-19may_0246Майдандагы күндүн башкы жаңылыгы — катуу шамал бир нече чатырды талкалап кетти. Мен бул окуяга кокусунан күбө болуп калдым:

Жакынкы күндөрү мында кызыктуу эч нерсе күтүлбөйт.

Орус тили

Янукович бийликтен кеткенден кийинки орун алган окуяларды анализдеп көрсөк евромайдандан кийинки украин кризисиндеги бурулуштуу учур Жогорку Раданын депутаттары орус тилин аймактык тил статусунан ажыратууну сунуштаган 23-февраль болгондугу түшүнүктүү болууда.

Бул жаңы бийликтин эң олуттуу (жана акылсыз) тактикалык катасы болгон. Бул идеяны баары бир ишке ашыра алышкан жок да, орус тилинин статусу ошол бойдон калды. Бирок бул жаңы бийлик менен Евромайдандын кадыр-баркын кетирүүнү каалагандардын баары үчүн мыкты белек болуп берди.

Ал белекти жаңы бийликтин оппоненттери (азырынча алардын ушинтип атап туралы) билгичтик менен пайдалана алышты. 24-февралдан тарта Украинанын орус тилдүү калкынын арасында дүрбөлөң башталып, бузук телефон схемасы боюнча орус тилине таптакыр тыюу салына тургандыгы жөнүндөгү сандырак ушак тарап кеткен.

Анан «мекендештерди коргоо» идеясы тиешелүү маалыматтык иштеп чыгуулары менен өз маалында пайда болду. Буга «фашисттер» менен «бандеровчулардан» коркуу сезимдеринин жаралгандыгын кошкула, анан мына силерге — тил азчылыгынын өлкөнүн курамынан чыгуу каалоолорун пайда кылчу идеалдуу рецепт.

Ал эми тилдик жактан азчылыктын кээ бир аймактарда көпчүлүктү түзөөрүн эске алсак, анын жыйынтыгы эмнеге алып келип жатканын өзүбүз көрүп жатабыз.

Майдандагы бул сыяктуу жазуулар улуттар аралык кырдаалдын жакшырышына жардам берээрин Кудай билет:kyiv-19may_0228Бирок, акыйкатчылык үчүн айтып коюуу керек, мында башка жазуулар дагы бар. Мисалы мына бул: («Стоп пропаганда! Тут немає фашизму!» — бел жерде котормонун деле кереги жок го деген ойдомун):kyiv-19may_0225Же пацифисттик жазуулар:kyiv-19may_0232Майдандан өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгүлөр жек көргөн Степан Бандердин сүрөтүн алып салышкан — ашыкча жолу колтукка суу бүркпөө максатында болсо керек.

Ал эми марттан тарта Украинада өлкөнүн биримдиги үчүн кеңири масштабдагы өнөктүк башталган, анда пайдаланылган чакырык сөздөр дайым эки тилде жазылып келет:kyiv-19may_0233kyiv-19may_0245Бирок украин улутчулдарынын алдындагы коркуу сезимдери этникалык орустардын мээсине ушунчалык сиңип калгандыктан бүгүнкү күндө мындай жарнамалык өнөктүктөрдүн биримдикке канчалык деңгээлде жардам берээр-бербеси азырынча түшүнүксүз:kyiv-19may_0241Ал ортодо Киевде «фашизмдин» эч кандай белгилери байкалбайт. Оңчул көз караштагы балдар бар, бирок алар өтө аз болгондуктан шаардын күнүмдүк жашоосунда дээрлик таптакыр байкалышпайт деле.

Андай болбосо бүгүн мен киевдиктердин бири-бири менен болгон сүйлөшүүлөрүнөн мынчалык орус тилди укпайт элем да.

Андай болбосо кара денелүү бул туристтер Майданда ээн-эркин басып, соода кылып жүрүшмөк эмес да:kyiv-19may_0220Киевдиктер — кур дегенде мени менен маектешкендери — азыр өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү көйгөйдү кантип чечүү керектигин анча элестете алышпайт. Менин бир курбум ал «өз жерибиз үчүн күрөшүшүбүз керек» жана «ошондой болушун каалап жатышса Орусиянын бир бөлүгү боло берсин» деген ойлордун ортосунда имерчиктеп жатканын мойнуна алды.

Канткен менен баары бир шаарда жаз го:kyiv-19may_0243Бирок абада кандайдыр бир тынчсыздануу менен белгисиздик калкып жүргөндөй жана аны кайсыл бир сүрөт менен көрсөтүп берүү мүмкүн эмес.

Ошондуктан сапарымды андан ары улантайын — бүгүн негизги аракеттердин аянтчасы болгон аймактарды көздөй. Менин программамдагы кийинки пункт — Донецк.

Эгер сиздерге бул материал жаккан болсо Бектур Искендердин бул сапарына дагы деле акча которо аласыздар. Биринчи кезекте ал акчалар журналисттин коопсуздугуна жумшалат. Каражат топтоо тууралуу кененирээк.