Украинага саякат: IV бөлүк, Одесса

Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер Украинада алдыдагы президенттик шайлоолор менен чыгыштагы кризистин фонунда эмнелер болуп жаткандыгына күбө болуу максатында элден чогулган каражатка аталган өлкөгө сапар алды.

Баяндоо автордун атынан жүрөт

Саякатка акча чогултуу жөнүндө кененирээк жана Бектур Искендердин твиттер-хроникасы

Одесса тууралуу, өзгөчө андагы орус тилдин жергиликтүү өзгөчөлүгүнө байланышкан көптөгөн стереотиптер бар. Бирок мен бул шаарда андай говорду дээрлик таптакыр эле укпай элем.

Балким буга акыркы жылдары шаардын еврей улутундагы тургундарынын санынын кыйла эле азайгандыгы таасирин тийгизсе керек, анткени одессадагы сөздөрдүн айтылышынын көбү дал еврейлердин идиш тилинен калька катары алынган.

Мен одесса говоруна окшогон сөздөрдү бир гана жолу, кичинекей дүкөндүн сатуучусу менен анын жолдошунан уктум.

Негизинен бул жакта азыр орус тилинин «стандарттуу» говорунда же украин тилинде сүйлөгөндөр басымдуулук кылышат.

Салтка айланып калгандай алгач шаардын тынч жашоосуна көз чаптыралы.

Жергиликтүү говордун мурункудай жайылбаганы менен албетте Одессанын ачык байкалып турган өз маданияты бар. Бул шаар Украинанын башка бир дагы шаарына окшошпойт:odessa_24-25may_0307Көчөлөрүнүн аталыштары эле кандай:odessa_24-25may_0292Укмуштуудай жайлуу жер:odessa_24-25may_0301Бактардын көптүгү да көрк берип турат:odessa_24-25may_0294Бул жердеги шарт-жайгдай курорттогудай жана жайбаракат:odessa_24-25may_0297odessa_24-25may_0299Айланадагы шарт — кандайдыр бир Жер-Ортолук деңиздегидей:odessa_24-25may_0293odessa_24-25may_0302Ошондуктан советтик ЗИУ троллейбустары мында башка дүйнөдөн келген нерседей көрүнөт:odessa_24-25may_0295Мында өтө түрдүү адамдарды кезиктирүүгө болот:odessa_24-25may_0298odessa_24-25may_0296Тарыхтын кайсыл гана учуру болбосун менин баянымды туристтик кыска жазуулар менен улантса берсе болмок. Бирок азыр андай заман эмес.

Одесса — ошондой эле жайбаракат, бир аз айлакер — күтүлбөгөн жерден 2-май күнү үрөй учурчу окуяга кабылды.

Ал тууралуу эскерүүлөр дагы деле сакталуу, бул биринчи тараптын эскерүүсү:odessa_24-25may_0308Бул экинчи тараптыкы:odessa_24-25may_0310Окурмандарга 2-майда эмне болгондугун айтуунун кажети деле жок болсо керек деп ойлойм. Анүстүнө мен азырынча эч кандай кыска версияларды айткым келбей эле — контексттен маанилүү бир нерсени чыгарып жиберүү ыктымалдыгы өтө жогору.

Чынын айтканда, одессалыктардын көбү дагы деле эмне себептен алардын шаарында зомбулук болгондугун түшүнүшө элек.

Менин Украинага боло турган сапарыма каражат топтоо чакырыгым дал Одессадагы окуядан кийин башталганын эске алуу менен мен башка шаарларга караганда бул жакта көбүрөөк болом.

Мында 2-майда орун алган кагылышуулардын түрдүү күбөлөрү менен маектешип атам, ал тууралуу өзүнчө материал даярдайм.

Шайлоолор

Украинанын президентин шайлоо күнү мен Одессада болуп калдым:odessa_24-25may_0306Чынын айтсам, мында шайлоолордун болуп жаткандыгын анча деле байкалган жок. Балким буга жымжырттык күнүндө шаардагы үгүт жарнактардын бардыгынын алынып салынгандыгы таасирин тийгизсе керек. Ага мындагы шайлоо тилкелеринин кире бериштери Кыргызстандагыдай чоң жазуулар менен кооздолбогондугун кошкула.

Шайлоолор болуп жаткандыгын шайлоо тилкесинин ичине кирип гана түшүнүүгө болду:odessa_24-25may_0304Байкоочулар эригип, одоно деле мыйзам бузуулардын жоктугун айтып жатышты:odessa_24-25may_0305Мына, Одессанын дагы бир өзгөчөлүгү — коомчулук мында президенттик шайлоолор менен бир күндө өтүп жаткан шаар мэрин шайлоону көбүрөөк талкуулап жатышты.

Одессалыктар үчүн өлкөнүн башына кимдин келе тургандыгына караганда, шаардын мэринин ким боло тургандыгы миң эсе маанилүүдөй:odessa_24-25may_0303Одесса тууралуу баяндын уландысы болот.