«Ростнефтинин» баш тартуусунан кийин «Манас» аба майданы жаңы инвесторлорду издеп жатат

«Манас» аба майданынын менеджерлери учурда Кыргызстандын авиатүйүнүнүн өнүгүшүнө каражат бөлүүгө даяр инвесторлорду издеп жатышат. Мындай зарылчылык «Ростнефть» «Манасты» сатып алуудан баш тарткандан кийин жаралган.

Кыргызстандын бийлиги орусиялык «Ростнефть» мамлекеттик ишканасынын «Манас» аба майданынын көзөмөл пакетин сатып алуудан баш тарткандыгына кейип калган. Бул тууралуу алгач өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаев 17-апрель күнү Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө билдирген.

«Ростнефть» «Манас» аба майдандын инфраструктурасынын өнүгүшү үчүн каражат бөлүп, арзан баада күйүүчү май жеткирүүнү убадалаган эң потенциалдуу өнөктөш болуп эсептелип жаткан.

Учурда аба майдандын менеджерлери Кыргызстандын башкы авиатүйүнүнүн өнүгүшү үчүн каражат жумшай турган жаңы инвесторлорду издөө менен активдүү алектенип жатышат.

«Манастын» инвестициялар боюнча вице-президенти Илим Карыпбеков Kloop.kgге берген маегинде азыркы тапта Кытай, Түркия жана Орусия сыяктуу бир нече өлкөлөрдөн тогуз потенциалдуу инвестор бар экендигин билдирди.

«Кытайдан, Орусиядан жана башка эл аралык уюмдар тарабынан сунушталган инвестициялык пакеттердин дээрлик бардыгы тең «Манас» аба майданынын менеджерлеринин ишинин жыйынтыгы», — деди ал.

Карыпбеков учурда аба майдандын менеджерлери «инвесторлордун кезегин күтпөстөн» эле өнөктөштөрдү өзүлөрү издеп жаткандыктарын айтты.

«Дайыма митингдер болуп, тиешелүү деңгээлдеги туруксуз саясий жана экономикалык абал орун алган өлкөгө инвестор тартуу өтө кыйын. Абдан кыйын», — деди аба майдандын вице-президенти.

Инвесторлорду тартуу боюнча мындай кадамдардын бири 21-апрелде жасалды — «Манас» аба майданы Түркиянын аба майдандарын башкаруу боюнча мамлекеттик дирекциясы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюшкан.

«Тазабек» маалымат агенттигинде жазылгандай, бул макулдашууда аэропорттук жана авиациялык эмес ишмердүүлүктөр маселелери боюнча кызматташуу каралган.

Күйүүчү майдын баасы мурункудай эле

Аба майданга күйүүчү майды арзан баада жеткирүү инвестор менен келишим түзүүдөгү коюла турган башкы шарттарды бири.

«Роснефть» күйүүчү майды арзандатылган баада жетирүүнү убадалаган, бирок аба майданынын көзөмөл пакетинин сатылышына каршы чыгып жаткан оппозициянын 10-апрелдеги митингинен кийин корпорация кыргыз тарап менен келишим түзүүдөн баш тарткан.

Видео: Атамбаев «Роснефтинин» баш тартышы тууралуу:

«Манастын» өкүлүнүн айтымында, учурда авиакеросин жеңилдетилген шарттарда 100 пайыз Орусиядан алынып келинет.

«Манастын» жетекчилиги менен Орусиянын мамилесинин жакшылыгынан улам Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга караганда биздин шарттар кыйла эле жеңилдетилген», — деди Карыпбеков.

Президент Атамбаев Таласка болгон ал сапарында «Манас» аба майданы эми «Роснефть» ишканасынан арзан баадагы керосинди күтпөй эле койсо болоорун өкүнүү менен билдирген.

«А мына эки жылдан бери арзан керосиндер келип учактын билеттери арзандап атпайбы», — деген анда Атамбаев.

Бирок Карыпбековдун айтымында, азырынча баалар өзгөрүлө элек, а эгер өзгөрүлө турган болсо ал тууралуу дароо белгилүү болот.

«Авиакеросиндерди жеңилдетилген баада алып келүү боюнча Орусия тарап менен болгон макулдашуулар өзгөргөн жок. Эгер кандайдыр бир өзгөрүүлөр орун алса дароо белгилүү болот», — деди ал.

Стратегиялык объект

Аба майданынын көзөмөл пакеттерин «Ростнефть» ишканасына сатуу ыктымалдыгын депутат Равшан Жээнбеков башында турган Улуттук оппозициялык кыймыл жактырган эмес.

Оппозиция 10-апрелдеги митингинде негизги талаптарынын бири катары «Манас» аба майданынын көзөмөл пакетин сатуу боюнча кол коюлган меморандумду жокко чыгаруу талабын айтышкан.

Биринчи башкы талап — Атамбаев Кыргызстанды сатканын токтотот. Атамбаев президент болоору менен кыргыздын суусун сатты, Кыргызстандын көз карандысыздыгын сатты, бүгүнкү күндө биз өлкөгө аскер базаларын жайгаштыра албайбыз, анткени биздин укуктар башка өлкөлөргө берилди. Ал Кыргызгазды сатты, эми «Манас» аба майданын сатканы жатат», — деп билдирген анда Жээнбеков тарапташтарынын алдында.

Акциялардын көзөмөл пакетин сатуу идеясына каршы чыккандардын арасында башкаруучу коалициянын да депутаттары бар. Алардын бири Дастан Бекешев аба майданы орусиялык «Роснефть» компаниясына өтпөшү керек болгон стратегиялык объект экендигин билдирген.

«Аэропорт кирешелүү. А кирешелүү ишкананы сатуунун кандай кажети бар? Эгер сиздин ишканаңыз киреше алып келип жатса аны сатууга макул болот белеңиз? Эгер инвесторлорду тарткыңар келсе ишкананы сатуу менен эмес, а биргелешкен ишкана түзүү менен тартасыңар да», — деп билдирген парламентарий март айында.

«Роснефттин» аба майдандын акцияларынын 51 пайызына ээлик кылуу каалоосу жөнүндөгү меморандумга февралда мурунку вице-премьер, учурдагы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев тарабынан кол коюлган.

Ал меморандумга ылайык, акциялардын сатылышы менен бирге аба майданына ири эл аралык хабдарды түзүү, аэропортторду модернизациялоо, реконструкциядан өткөрүү жана аларды күйүүчү май менен камсыз кылып, заманбап техникалар менен жабдуу сыяктуу бир катар инвестициялардын келээри болжолдонуп жаткан.

Автор: Хлоя Гейне жана Эльдияр Арыкбаев