Атамбаев: «Роснефть» «Манас» аба майданын сатып алуудан баш тартууда [+видео]

17-апрель күнү президент Алмазбек Атамбаев орусиялык мунай-газ алпы болуп эсептелген «Роснефть» ишканасы келишимге каршы болгондордун «ызы-чуусунан» улам «Манас» аба майданынын акцияларын сатып алуудан баш тартып жаткандыгын билдирди. Азырынча Орусия тарап президенттин айткандары боюнча эч нерсе билдирбей эле.

Атамбаев бул тууралуу Талас облусунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«Кечээ кечинде мага «Манас» аба майданынын президенти келип, ага ["Роснефтинин" президенти Игорь] Сечин телефон чалып Москвага чакырганын айтты. Анан Сечин шейшемби күнү айтыптыр: «Биз бара электе минтип чуулдап атса кыргыздар бизди иштетишпейт, 51 пайызыңардын да, 50сүнүн да кереги жок, өзүңөр башка бирөөнү таап алгыла» дептир», — деп билдирди президент таластыктардын алдында.

Атамбаевдин сүйлөп жаткандагы үнүнөн улам анын келишимдин үзгүлтүккө учурагандыгына капаланып жаткандыгын байкоого болот.

Ал «Манас» аба майданы эми «Роснефть» ишканасынан арзан баадагы керосинди күтпөй койсо болоорун өкүнүү менен билдирип, мындан ары күйүүчү майды Америкадан сатып алууга туура келээрин мыскылдуу кошумчалады.

«А мына эки жылдан бери арзан керосиндер келип учактын билеттери арзандап атпайбы», — деди Атамбаев.

Өлкө башчысынын бул айткандарынын маанилүү экендигине карабастан азырынча президенттин басма сөз кызматы ал боюнча журналисттерге эч кандай расмий билдирүү тарата элек.

Атамбаевдин бул билдирүүсү тууралуу жолугушуунун толук видео көчүрмөсү КТРКнын эфиринен 18-апрелде көрсөтүлүп, андан соң  маалымат каражаттары үчүн өкмөттүн FTP-серверине жайгаштырылгандан кийин гана белгилүү болду.

Азырынча «Роснефть» менен «Манас» аба майданынын өкүлдөрү президенттин бул айткандары боюнча түшүндүрмө берише элек.

Атамбаев башынан эле «Манас» аба майданынын көзөмөл пакетин орусиялык корпорацияга сатуу демилгесин колдой тургандыгын билдирген.

Өлкө башчысы аба майдандын акцияларынын сатылышына каршы чыгып жаткандарды «анын келечегине балта чаап жатышат» деп айыптаган.

«Роснефтиге» 51 пайызын мындай кой, таптакыр эч кандай пайызын сатпаш керек деп кыйкырып жаткандар «Манас» аба майданынын келечегине балта чапкылары келип жатат. Анткени ал хабдын келечектеги башкы артыкчылыгы – бул арзан керосин», — деген президент «5-каналга» берген 28-марттагы маегинде.

Стратегиялык объект

Аба майдандын сатылышына каршы депутат Равшан Жээнбеков башында турган оппозиция активдүү каршы болуп келет — 10-апрелдеги оппозициянын митингинде анын катышуучулары негизги талаптарынын бири катары «Манас» аба майданынын көзөмөл пакетин сатуу боюнча кол коюлган меморандумду жокко чыгаруу талабын айтышкан.

«Биринчи башкы талап — Атамбаев Кыргызстанды сатканын токтотот. Атамбаев президент болоору менен кыргыздын суусун сатты, Кыргызстандын көз карандысыздыгын сатты, бүгүнкү күндө биз өлкөгө аскер базаларын жайгаштыра албайбыз, анткени биздин укуктар башка өлкөлөргө берилди. Ал Кыргызгазды сатты, эми «Манас» аба майданын сатканы жатат», — деп билдирген анда Жээнбеков тарапташтарынын алдында.

Акциялардын көзөмөл пакетин сатуу идеясына каршы чыккандардын арасында башкаруучу коалициянын да депутаттары бар. Алардын бири Дастан Бекешев аба майданы орусиялык «Роснефть» компаниясына өтпөшү керек болгон стратегиялык объект экендигин билдирген.

«Аэропорт кирешелүү. А кирешелүү ишкананы сатуунун кандай кажети бар? Эгер сиздин ишканаңыз киреше алып келип жатса аны сатууга макул болот белеңиз? Эгер инвесторлорду тарткыңар келсе ишкананы сатуу менен эмес, а биргелешкен ишкана түзүү менен тартасыңар да», — деп билдирген парламентарий март айында.

«Роснефтинин» аба майдандын акцияларын сатып алуу каалоосу жөнүндөгү меморандумга 19-февралда мурунку вице-премьер, учурдагы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев тарабынан кол коюлган.

Ал меморандумга ылайык, акциялардын сатылышы менен бирге аба майданына ири эл аралык хабдарды түзүү, аэропортторду модернизациялоо, реконструкциядан өткөрүү жана аларды күйүүчү май менен камсыз кылып, заманбап техникалар менен жабдуу сыяктуу бир катар инвестициялар да келет.

Авторлор: Бектур Искендер жана Эльдияр Арыкбаев