Атамбаев «Манас» аба майданынын акцияларынын «Роснефтиге» сатылышын колдоду

Президент Алмазбек Атамбаев «Манас» аба майданынын акцияларынын сатылышына каршы чыгып жаткандар анын келечегине балта чаап жатышат деп эсептейт.

Атамбаевдин 27-март күнү «5-каналдын» эфиринде көрсөтүлгөн маегиндеги темалардын бири «Манас» аба майданынын акцияларынын көзөмөл пакетин орусиялык «Ростнефть» мамлекеттик ишканасына сатууга арналды.

Президент аба майдандын келечектеги ийгилиги «Манаска» алынып келинген күйүүчү майдын баасына көз каранды болоорун билдирди. Атамбаевдин айтымында, аба майданын арзан баадагы күйүүчү май менен «Роснефть» гана камсыз кыла алат.

«Роснефтиге» 51 пайызын мындай кой, таптакыр эч кандай пайызын сатпаш керек деп кыйкырып жаткандар «Манас» аба майданынын келечегине балта чапкылары келип жатат. Анткени ал хабдын келечектеги башкы артыкчылыгы – бул арзан керосин», — деди президент.

Атамбаев акциялардын көзөмөл пакетин сатуу жөнүндөгү акыркы чечим парламент кабыл ала тургандыгын белгиледи.

«Роснефтиге» канча пайызы сатылаарын да парламент чечет. 51 же 49 пайызын. Бирок мен бир нерсени айта алам: «Манас» аба майданынын иштеп, мындан ары жакшы өнүгүшү үчүн эң башкысы — арзан баадагы керосин болушу керек», — деп эсептейт президент.

«Стратегиялык объект»

Акциялардын көзөмөл пакетин сатуу ыктымалдыгы укук коргоочулар менен активисттердин нааразычылыктарын жараткан — алар 20-март күнү бул маселе боюнча өкмөт үйүнүн алдында нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.

Алар «Манас» аба майданына инвесторлордун келишин колдой тургандыктарын, бирок акцияларынын көзөмөл пакетинин орусиялык «Роснефть« мамлекеттик компаниясына сатылышына каршы экендиктерин билдиришкен.

Акциялардын көзөмөл пакетин сатуу идеясына каршы чыккандардын арасында депутаттар да бар. Алардын бири Дастан Бекешев аба майданы орусиялык мунай-газ алпы болгон «Роснефть» компаниясына өтпөшү керек болгон стратегиялык объект экендигин билдирген.

«Аэропорт кирешелүү. А кирешелүү ишкананы сатуунун кандай кажети бар? Эгер сиздин ишканаңыз киреше алып келип жатса аны сатууга макул болот белеңиз? Эгер инвесторлорду тарткыңар келсе ишкананы сатуу менен эмес, а биргелешкен ишкана түзүү менен тартасыңар да», — деп билдирген парламентарий.

«Роснефтинин» аба майдандын акцияларын сатып алуу каалоосу жөнүндөгү меморандумга 19-февралда мурунку вице-премьер, учурдагы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев тарабынан кол коюлган.

Ал меморандумга ылайык, акциялардын сатылышы менен инвестициялар да келет — алсак, ири эл аралык хабдарды түзүү, аэропортторду модернизациялоо, реконструкциядан өткөрүү жана аларды күйүүчү май менен камсыз кылып, заманбап техникалар менен жабдуу.

Автор: Хлоя Гейне