Оппозициянын митингдери тынч аяктады [+ сүрөт жана видео]

Кыргызстандын оппозициясы президент Алмазбек Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясатына каршы Бишкекте миңдеген кишилердин катышуусундагы минингин өткөрдү. Ар кандай кооптонууларга карабастан митинг тынч аяктады.

Митингдин саат 15:00дөн 15:40ка чейинки тартылып алынган видеосунун көчүрмөсү:

Митингдин саат 11:00дөн 13:20га чейинки тартылып алынган видеосунун көчүрмөсү:

Оппозициянын митинги сүрөттөр менен

Бириккен кыргыз оппозициясы 10-апрель күнү президент Атамбаевди стратегиялык ишканаларды орусиялык мамлекеттик корпорацияларга сатып жатат деп айыптап, анын кызматтан кетүүсүн талап кылды.

Бийликтин каршылаштары «Атамбаев, «Манас» аба майданынан колуңду тарт» деген ураанды башкы урааны катары алып чыгышты. «Манас» аба майданы акцияларынын көзөмөл пакетин орусиялык «Ростнефть» корпорациясы сатып алууну көздөп жаткан эл аралык маанидеги аба майдан.

Митингдин уюштуруучуларынын бири, партиясыз парламентарий Равшан Жээнбеков оппозициянын бийликти күч колдонуу жолу менен кетирүү ниети жок экендигин билдирди. Айтымында, алар бийлик менен диалогго барууга даяр жана жакында Кыргызстандын альтернативдүү өнүгүү планын сунушташат.

“Биздин концепция беш башкы баалуулукка негизделет — бул саясий атаандаштык, сөз эркиндиги, бийликке парламенттик көзөмөл жүгүзүү, бийликтин ачык, таза жана отчет берүүгө милдеттүү болуусу”, — деди Жээнбеков.

“Ошондой эле беш көз карандысыз институттарга негизделет: көз карандысыз парламент, көз карандысыз сот, көз карандысыз өкмөт, күчтүү жарандык коом жана таза шайлоолор”, — деп жыйынтыктады партиясыз депутат.

Жээнбековдун айтымында, өлкөнүн өнүгүү стратегиясы 3-4 аптанын аралыгында коомчулукка сунушталат. Оппозициялык саясатчы кийинки нааразычылык акциясынын качан өткөрүлөөрүн так айтып бере алган жок — ал алдыдагы акциялар тууралуу айдын аягында билдирээрин убадалады.

Көз карандысыздыкты сатуу

Митингдин жүрүшүндө «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу жана камакка алынган депутат Акматбек Келдибековду бошотуу сыяктуу бир нече талаптар айтылды.

Бирок оппозициянын негизги нааразычылыгы президент Алмазбек Атамбаевдин Орусия тарапка багыт алган саясаты болду. Демонстранттардын пикирлеринде, өлкө башчысынын мындай саясат жүргүзүп жаткандыгы Бажы биримдигине кирүү жана кыргыз компанияларынын орусиялык мамлекеттик корпорацияларга сатылышынан даана көрүнүп турат.

Бул кадамдарды оппозиция “Кыргызстандын көз карандысыздыгын сатуу” деп атады.

Митингдин уюштуруучулары бийликти «Манас» аба майданынын акцияларынын көзөмөл пакетин сатуу ниети менен «Кыргызгаздын» орусиялык «Газпромго» сатылгандыгы боюнча бир нече жолу жемелешти.

Азырынча өлкөнүн президенти менен бийлиги бириккен оппозициянын талаптары боюнча эч нерсе билдирише элек.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов жеткиликсиз болууда.

Митингчилердин кармалышы

Бишкекте митинг башталганга чейин эле шаардын ар кайсыл бөлүктөрүндө оппозициянын өкүлдөрү кармалып жаткандыгы тууралуу маалыматтар пайда боло баштаган.

Митингдин алдында милиция Горький атындагы сейил багынан башка жерге чогулган оппозиция мүчөлөрүнүн бардыгын кармай тургандыгын билдирген.

ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Жооробай Абдраимов Kloop.kgге берген маегинде жалпысынан 120 киши кармалгандыгын, бирок алардын көбү маектешүүдөн кийин дароо эле бошотулгандыктарын билдирди.

Өз кезегинде Кыргызстандын акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев милиция оппозициянын мүчөлөрүн гана эмес, жолдо жөн эле өтүп бара жаткан бишкектиктерди да кармагандыктарын билдирди.

Анын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, борбордук милиция мындай жол менен митингге тиешеси жок 200гө жакын адамды кармаган.

“Милиция кызматкерлери өзгөчө деле сыпайылыгын көрсөтпөстөн, алардын документтерин көрсөтүүлөрүн өтүнбөй эле автобустарга жүктөп кетишкен. Акыйкатчы кабыл алып-бөлүштүрүүчү жайдын жетекчилигине жолугуп, мыйзамсыз кармалгандардын бардыгын бошотууну талап кылды”, — деп билдирди мамлекеттик укук коргоочунун басма сөз кызматы.

Өлкөнүн башка шаарларындагы митингдер

Бишкектен сырткары бийликтин каршылаштарынын демонстрациялары Ош, Каракол жана Жалал-Абад шаарларында да болуп өттү.

Борбордогудай эле ал шаарлардын жергиликтүү бийликтегилери да административдик имараттардын алдына милиция кызматкерлерин топтошуп, коопсуздук чараларын көрүшкөн.

Бирок ар кандай кооптонууларга карабастан ал шаарлардагы митингдер да тынч аяктады. Оштогу митингге миңге жакын, Жалал-Абадда 200 чамалуу жана Караколдо 30дан ашпаган киши чогулган.

Аталган шаарлардагы митинг катышуучулары Бишкектегидей эле — “Кумтөрдү” улутташтыруу, кыргыз ишканаларын орусиялык компанияларга сатууну токтотуу  жана камакка алынган оппозиционерлерди камактан бошотуу талаптарын коюшту.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР: Эгер сиздер митингдер тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар же сүрөткө, видеого тартып алган болсоңуздар bektour@kloop.kg электрондук дареги же болбосо +996 772 660032 жана +996 773 018918 номурлары аркылуу биз менен байланышыңыздар. Эки номур тең  WhatsAppга туташтырылган. Сиздер жиберген маалыматтар анык болсо аларды жарыялоого даярбыз.

Оппозициянын митингдеринин тексттик хроникасы:

16:36 Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн президенттин басма сөз катчысы жеткиликсиз болууда.

16:04 Жээнбеков оппозициянын атынан барган делегаттар бийликтегилер менен сүйлөшө албагандыктарын айтты.

«Ак үйдө эч ким жок экен, эч кандай жыйынтыкка келген жокпуз. Биз бийлик менен диалогго барууга дайым даярбыз, албетте эгер алар даяр болушса, бирок эмнегедир алар биз менен сүйлөшүүнү каалабай жатышат. Азырынча эч кандай пландар жок. Бүгүнкү иш-чараны аягына чыгардык, эми бир аз эс алабыз», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

15:53 Ош: Мэриянын басма сөз катчысы Александр Ким Kloop.kgге берген маегинде митинг дээрлик аяктагандыгын жана борбордук аянтта 30га жакын гана адам калгандыгын билдирди.

15:39 Митингдин катышуучуларынын көпчүлүгү тарап жатышат. Алардын жоопкерчиликтүүлөрү Жээнбековдун өтүнүчү менен артынан таштандыларды тазалай кетип жатышат.

15:28 Жээнбеков 3-4 аптанын ичинде Кыргызстандын альтернативдүү өнүгүү стратегиясын алып чыгаарын убадалады.

15:20 Жээнбеков азырынча оппозициянын алдыдагы акцияларынын качан өткөрүлө тургандыгын так  айта албастыгын билдирди.

15:18 Бишкектеги митингдин катышуучулары тарап башташты.

15:12 Бишкекте Исанов көчөсү унаа кыймылы үчүн толук ачылды. Жол жээгинде оппозициянын митинги өтүп жаткандыктан ал унаа кыймылы үчүн бир аз убакытка жабылган.

14:59 Оппозиция делегаттарын президент Атамбаев менен жолугушууга жөнөтүүгө даярданып жатат.

14:49 Kloop.kgнин кабарчысы Хлоя Гейне билдиргендей, жол кайгуул кызматкерлери митинг өтүп жаткан жерден алыс эмес жайгашкан Рыскулов жана Исанов көчөлөрү аркылуу унааларды Горький атындагы сейил багы тарапка өткөрбөй жатышат.

14:44 Жол кайгуул кызматы Исанов көчөсүнүн Рыскулов көчөсүнөн Чүй проспетисине чейинки бөлүгүн жапты. Эртең менен митинг башталгандан бери жолду ал бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачык болчу.

14:29 Оппозиция Атамбаев менен жолугушууга даярданып жатканда анын басма сөз кызматы президент бүгүн орусиялык «Газпромдун» төрагасы Алексей Миллер менен жолуккандыгын билдирди.

«Газпром» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы алгачкы беш жылдын аралыгында «Кыргызгаз» ААКсынын 40 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү карызынан кутулуп, өлкөнүн газ тармагына 600 млн. АКШ доллары жумшай тургандыгы тууралуу маалымат берди», — деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Атамбаев «Кыргызгаздын» Орусиянын «Газпром» ишканасына сатылышы өлкөнүн газ тармагынын өнүгүүсүнө. Модернизацияланып, кеңейиши үчүн «кубаттуу түрткү» болот деп эсептейт.

«Өлкө башчысы кардарларды жеткиликтүү баадагы көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыз кылып турууга өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча алдыдагы биргелешкен ишмердүүлүктөрдүн маанилүүлүгүн баса белгиледи», — деп жазган басма сөз кызматы.

14:21 Караколдун мэриясы шаарда абал тынч экенин билдирүүдө.

«Каракол мэриясына митинг өткөрүү боюнча уюштуруучулардан расмий арыз келген эмес. Облустук администрациянын имаратынан алыс эмес жердеги аянтта бир нече ондогон адамдардын чогулгандыгы тууралуу айтылган маалыматты ырастайбыз. Негизинен чогулгандар — бул Жети-Өгүз жана Түп райондорунан келген жаштар. Калгандары — кызыгып келген жергиликтүү шаар тургундары», — деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

«Ал ортодо түшкө жакын шаар жашоочуларынан турган кошумча масса келип, нааразычылыктарын билдирип чогулгандарды кубалап жиберишти. Нааразы болгон шаар тургундарынын негизги талаптары келгендер «тынч жашоого мүмкүнчүлүк беришип, өздөрүнүн жерлерине барып чогулуштарды өткөрүү» болду. Тараптардын ортосунда анча деле активдүү каршылашуу байкалган жок. Азыр шаарда абал тынч», — деп жазылган мэриянын билдирүүсүндө.

14:13 Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков Бишкектеги митинг уюштуруучулар буга чейин билдиришкендей эле саат 17:00гө чейин аяктай тургандыгын убадалады.

«Митинг эң көп дегенде дагы бир жарым саат болот. Биз саат 5ке чейин уруксат алганбыз. Биздин жөнөткөн катыбызга ылайык, биздин саат бешке чейин өткөрүүгө укугубуз бар», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

14:09 Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Садыр Жапаров өзүнүн митингине келген жок — бул маалыматты Kloop.kgге берген маегинде Равшан Жээнбеков ырастады.

13:55 Митингдин катышуучулары 14:00гө чейин бийликке болгон кайрылууну иштеп чыгып, парламентке делегация жиберүүгө даярданып жатышат.

13:38 Оппозициянын митингинен жаңы сүрөттөр, автору Виталий Белошапкин:IMG_7447IMG_7450IMG_7451IMG_7452IMG_7454IMG_745613:32 Ош: Мэриянын ички короосундагы милиция кызматкерлери:846313:30 Сүрөтчү Алия Мадылова өзүнүн блогуна Ташиевдин бүгүн сүйлөгөн сөздөрүнө тарткан карикатураны жарыялады.

donos1-1024x96513:29 Өкмөттүн басма сөз кызматы өлкөдөгү абал тууралуу маалымат таратты. Өкмөт билдиргендей, жалпысынан Кыргызстанда абал тынч.

Бийликтегилердин баамында, Бишкекте 1000ге чукул митингчи чогулган.

Өкмөт эртеден бери укук коргоо органдары тарабынан 150-200 киши кармалгандыгын билдирүүдө.

«Жарандардын кайрылуулары боюнча, шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана окуу жайлардын иштерине тоскоолдук кылып жаткан бир нече ондогон митингчилер кармалышкан. 500 кишинин кармалгандыгы тууралуу айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Учурда алардын саны 150-200 адамды түзөт. Алардын өздүктөрү такталып жатат. Алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Жакынкы убактарда кармалгандардын бардыгы бошотулат», — деп жазылган өкмөттүн пресс-релизинде.

Митингдер ошондой эле Ош жана Ысык-Көл облустарында уланууда.

«Ысык-Көл облустук администрациясынын имаратынын алдында адамдардын топтолуусу байкалбай эле. Жети-Өгүз районунан келген бир нече адам учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатышат», — деп билдирди өкмөт.

13:28 Ош: Күбө Оштун борбордук аянтында оппозициянын митинги башталгандыгын билдирүүдө. Учурда ал жакта 1500гө чукул киши катышкан.

«Мэрия аларга [оппозицияга]  микрофон, колонкалар үчүн электэнергиясын берген жок. Эми алар үн күчөткүчтөрдү иштетүү үчүн электр зымдарын туташтырып жатышат. Алардын саны болжол менен 1500-2000 киши. Аянтты милиция кызматкерлери курчап турат», — деп билдирди окурман.343934adb3b1d5ba9ac601af5626360a13:19 Каракол: Милиция оппозициянын митингине даярданып жатат, сүрөт Сергей Фесченконуку:582513:15 Бийликтегилерге жолугушуу үчүн жазылган демонстранттардын бири Kloop.kgге берген маегинде Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылгысы келип жатканын айтты.

«Биз «Кумтөрдү», жерлер сыяктуу нерселердин сатылышынын токтотулушун каалайбыз. Атамбаев ыйгарым укугун өткөрсүн. Анан эл өз лидерин өзүлөрү тандап алышат», — деди ал.

13:10 Митингчилер сөз сүйлөө үчүн кезекке жазылып жатышат:Skrinshot-10.04.2014-13091913:06 ИИМдин басма сөз кызматы Горький атындагы сейил багынан башка жерге чогулгандыктарын үчүн жалпысынан 120 киши кармалгандыгын билдирди.

«Алардын кээ бирлерин бошоттук. Калгандары тиешелүү документтер толтурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кое берилишет. Уюштуруучулар алгач митинг Горький атындагы сейил багында өтө тургандыгын билдиришкен, бирок адамдар шаардын ар кайсы бөлүктөрүнө чогулуп, шаардын жашоочуларын алагды кылышып, уюмдардын, мекемелердин дана окуу жайларынын иштөөлөрүнө тоскоолдук кылышкан», — деди басма сөз кызматтын жетекчиси Жоробай Абдраимов.

13:02 Каракол: Жергиликтүү тургун Караколдо 6дан 20га чейинки саруулук кармалгандыгын билдирди.

13:00 Ош: Митинг уланууда. Сүрөттөрдүн автору Акылбек Орозматов:10177493_639612712776078_24846262366135990_n1380190_639611982776151_7845241645309012082_n12:57 Kloop.kgнин кабарчысы Хлоя Гейне билдиргендей, митингге миңден ашык киши катышып жатат.

12:52 Оппозиция лидерлери сөз сүйлөп бүтүштү. Эми сөз митингдин катышуучуларына берилди.

12:51 Оппозиция кармалган митингчилердин бардыгынын бошотулушун талап кылды. Алардын маалыматтары боюнча, 500гө чукул адам кармалган. Милиция азырынча канча киши кармалгандыгын так билдирбей эле.

12:48 Kloop.kgнин кабарчысы Хлоя Гейненин билдирүүсүнө ылайык, оппозиция Атамбаев жана бийликтегилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жибериле турган делегаттарды тандаганы жатышат.

«Эгер аларды Атамбаев кабыл албай койсо анда кайра келишет да, андан ары эмне кыла тургандыктарын чечишет», — деп билдирүүдө кабарчыбыз.

12:42 Митингдин катышуучуларынын саны көбөйүп жатат, алардын так саны азырынча белгисиз.Skrinshot-10.04.2014-12403212:38 Kloop.kgнин кабарчысы Хлоя Гейне оппозициянын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Равшан Жээнбеков сүйлөп бүтүшүп, Горький атындагы сейил бактан кеткендиктерин билдирүүдө.

12:37 Аймакта атайын даярдыктагы аскер кызматкерлеринин саны көбөйдү, бирок алар эч кандай аракет көрүшпөй эле.

12:34 Жээнбеков чогулгандарды чагымчылдыкка берилбөөгө чакырууда.

«Бүгүн бизде тынчтык митинги. Силерден суранаарым, чагымчылдыктарга берилип кетпегиле. Эгер силерге кол салышса, анда коргонгула», — деди ал.

12:27 «ШИИБ... кайдагы санкциялар? Кайдагы уруксат?! Кыргызстандын Конституциясын окудуңар беле? ппц…», — деп жазды «Твиттердин» @zmeja_diesel деген колдонуучуларынын бири.

12:25 12:25. «Ала-Тоо» аянтында митингчилерден эч ким жок. Бул тууралуу азырынча оппозициянын лидерлеринин бири, экс-депутат Садыр Жапаров эч кандай түшүндүрмө бербей эле — анын телефон өчүк болуп, социалдык түйүндөрдө анын атынан эч кандай жаңылануулар пайда боло элек.

 «Ала-Тоо» аянты:Skrinshot-10.0иииииииииииииииииии4.2014-12243612:24 Жээнбеков бүгүнкү күндөн тарта Атамбаевдин таасирдүүлүгү аз-аздан азая тургандыгын убадалады

12:23 Равшан Жээнбеков сөз сүйлөп жатат. Ал кайрадан Атамбаевди «Манас» аба майданынан «колун тартууга» чакырып жатат.

«Атамбаев — кыргыз элинин душманы», — деп билдирди ал күтүүсүздөн.

12:20 Кабарчыбыз Виталий Белошапкин «Спартак» стадионундагы атайын даярдыктагы аскер кызматкерлери азырынча ордуларында эле тургандыктарын билдирүүдө.

«Алар бейкапар түштөнүп жатышат. Сыягы, азырынча аларга жумуш жок окшойт», —деп билдирди кабарчыбыз.

12:17 Ташиев кайрадан сахнага чыгып, партиялашы Акматбек Келдибековго каршы «адилетсиз» кылмыш иши козголгондугун айтып жатат.

12:16 Ош: Камактагы оппозиционер Акматбек Келдибековдун тарапташтары басма сөз жыйынын өткөрүштү  — анда жергиликтүү бийлик аларга митинг өткөрүүгө уруксат бербей жаткандыктарын билдиришти. Сүрөттүн автору журналист Хулькар Исамованыкы:1507261_564486600316262_1448806702671365625_o12:14 Ош: Митингчилер драмалык театрдын алдына чогулушту. Окурман тарабынан жөнөтүлгөн сүрөт:1534db837c07125d7831bf8393b7b7fb12:12 Ташиев сөзүн аяктады.

12:08 Ташиев Бишкектеги митингде:

«Бизде азыр эки жол бар. Биринчиси — бул чыдап, бардыгы өзүнөн өзү келет деп үмүттөнүү. Экинчиси — бийликке жарандардын эмне каалап жаткандыктарын жеткирүү. Ошондуктан биз бүгүн чогулуп, митинг өткөрүп жатабыз».

12:07 Горький сейил багында саясатчылардын алгачкылары сөз сүйлөп башташты — Камчыбек Ташиев сүйлөп жатат. Ал сөзүн сотторду сынга алуу менен баштады.

«Соттор адилеттүү чечим чыгаруулары керек, бирок бүгүнкү күндө алар жогору жактан кандай айтса ошондой чечим чыгарып жатышат», — деди ал чогулгандарга.

12:05 Токмок: Шаардын борбордук аянтында тынч. Мында митингдерге каршы митинг өтүп жатат. Сүрөттү Довран Кенджахунов жөнөттү:738012:03 Ош: Ал ортодо Оштун борбордук аянтында митинчилердин эч кимиси жок.

Kloop.kgге окуянын күбөсү 150дөн ашык киши Ош драмалык театрынын алдына чогулушкандыгын айтты. Ал билдирендей, алгач милиция аларды аянтка кое бербей койгон.

11:59 Ташиев журналисттердин курчоосунда:jeenbekov-beknazarov111:54 Джалал-Абад: Митингге 200гө чукул адам чогулгандыгы кабарланууда. Сүрөттүн автору Жыргал Ормонов:Bk1npeYIUAADGBn11:53 Горький атындагы сейил багына экс-депутат Камчыбек Ташиев келди.

11:53 Митингде жашыл түстөгү желектерди көтөргөн «Ак жол» партиясынын мурунку депутаты Максат Кунакунов дагы жүрөт. Сүрөттүн автору «Азаттык» радиосунун журналисти Жанар Акаев:Bk1fSlNIYAAoGrN11:51 Ал ортодо Жалал-Абадда да митингчилер чогулушту. Азырынча алардын жалпы саны канча экендиги белгисиз. Колдорундагы жазууларга караганда, алар оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын тарапташтары:Bk1nTJwIMAAHmt011:50 Равшан Жээнбеков менен «революциянын бульдозери» Азимбек Бекназаров сүйлөшүп жатат:jeenbekov-beknazarov11:45 Бишкек милициясы Горький атындагы сейил багынан башка жерде чогулган оппозиция мүчөлөрүнүн жыйындары мыйзамсыз экедигин билдирүүсүн улантууда. Бул тууралуу милициянын өкүлү «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына билдирген.

Кармалгандар менен профилактикалык маектешүүлөрдү өткөрүшүп, анан кое беришет, ал эми кылмыш иши боюнча өтүп жаткандар милиция бөлүмдөрүндө калышат.

11:44 Сахнага ырчы Дастан Эрматов ак костюм кийип чыкты. Митингдеги атмосфера саясий маанайда эмес, майрамдык-фестивалдык маанайга көбүрөөк окшошуп жатта.

11:41 Сахнада кыргыз тилинде жалаң Ч тамгасынан башталган сөздөр менен тарыхты айтып берип жаткан юрист сөзүн улантууда. Чогулгандар күлүп жатышат.

11:36 Жээнбеков митингден 2-3 апта өткөн соң оппозиция Кыргызстандын өнүгүүсү боюнча өз стратегиясын толук алып чыгаарын убадалады.

11:34 Өкмөт пресс-релиз таратты. Анда Улуттук оппозициялык кыймылдын митингине тоскоол кылбай тургандыгын жазылган.

10-апрелдин саат 10нуна карата Бишкек шаары менен Жалпы Кыргызстан боюнча коомдук-саясий кырдаал тынч. Улуттук оппозициялык кыймылдын Бишкектеги митингине милиция кызматкерлери тоскоолдук кылышпайт. Башталып жаткан митингдин катышуучуларынын эч кимиси борбордун ооруканаларына жардам сурап кайрылышкан жок», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

11:30 Равшан Жээнбеков журналисттерге берген маегинде милиция митингдер жөнүндөгү мыйзамды билбей тургандыгын жана Горький сейил багынан башка жерден 100-150дөй демонстрантты кармагандыктары мыйзамсыз болгондугун билдирди.

Ал оппозициянын талаптарын дагы бир жолу кайталады:

«Биринчи, эң башкы талап — Атамбаев Кыргызстанды сатуусун токтотсун. Президент болоору менен Атамбаев кыргыздын суусун, Кыргызстандын эгемендүүлүгүн сатты, биз бүгүн аскер базаларын жайгаштыра албайбыз, анткени биздин укуктарыбыз башка өлкөлөргө берилген. Ал Кыргызгазды сатты, эми «Манас» аба майданын сатканы жатат. Ошондуктан митингдин башкы урааны: Атамбаев, «Манастан» колуңду тарт», — деди Жээнбеков.

11:27 11:25. Азырынча «Ала-Тоо» аянтында оппозиция өкүлдөрүнүн эч кимиси жок:Skrinshot-10.04.2014-11260311:26 Расмий бөлүгү башталды, уюштуруучулар чогулгандардан сахнага жакыныраак келүүлөрүн өтүнүп жатышат

11:24 «АКИпресс» маалымат агенттиги Бишкек ШИИБсине шилтеме жасоо менен митингдин кармалган катышуучулары аларга 1000 сомдон 3000 миң сомго чейин акча алгандыктарын айтып бергендиктерин билдирүүдө.

«Түшүндүрүү сүйлөшүүлөрү үчүн жеткирилген жарандар алар аймактардан келгендиктерин билдиришти. Негизинен Ош жана Жалал-Абад облустарынан келишкен. Алардын айтымдарында, алардан митингге катышууларын өтүнүшүп, акча таратып беришкен. Ар кандай суммалар айтылууда — кээ бирлери бир миң дешсе, башкалары үч миң деп айтып жатышат», — деп жазган «АКИпресс» Бишкек ШИИБсинин өкүлүнүн айткандарын.

11:24 Кабарчыбыз Хлои Гейненин айтымында, кеп Горький атындагы «жүздөгөн» митингчилер жөнүндө болууда.

11:22 Kloop.kgнин кабарчысы Хлоя Гейне Горький атындагы сейил багында азырынча абал тынч экенин билдирүүдө.

«Митингдердин кадимки эле атрибуттарын көрүп жатабыз: транспаранттар жана желектер», — деди ал.

Азырынча демонстранттардын санынын канча экендигин так айтуу кыйын.

11:19 Ал ортодо Ошто Ооганстан согушунун ардагерлери басма сөз жыйынына чогулушту. Алар митингдерге каршы экендиктерин билдиришти. Сүрөттүн автор журналист Хулькар Исамова:901757_564475550317367_7057880626643377078_o

11:17 «Жеңиш аянтынын жанын өттүм. «Нарындын» [ресторандын] маңдайында чымыр денелүү балдар жүрүшөт. Анан алардын арасынан Турганбаевди [Бишкек ШИИБсинин башчысы Мелисти] көрүп калдым да, көңүлүм тынчтана түштү.)», — деп жазган @kanTulan аттуу колдонуучу өзүнүн твиттер-эккаунтунда.

11:13 Түрдүү маалыматтар боюнча, Бишкекте Горький атындагы сейил бактан башка жерде чогулгандыктары үчүн 100дөн 400гө чейинки киши кармалды. Бул маалыматтардын чын-төгүнү текшерилүүдө.

11:07 Митингге бара жаткан оппозиция мүчөлөрүнүн  сүрөтү, автору Ринат Шамсутдинов:10257323_235355430002051_7800031712814203332_o11:04 11:00. Азырынча Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында эч ким жок.Skrinshot-10.04.2014-11032011:02  Ал ортодо «Азаттыктын» Оштогу аймактык кабарчысы Эрнист Нурматов билдиргендей, түштүк борбордун мэриясынын короосунда 300гө жакын милиция кызматкери чогулган. Азырынча оппозициянын Оштун борбордун аянтында митинг өткөрөөр-өткөрбөсү белгисиз. Bk1cPbpIMAAvLMA10:58 Сейил багынан оппозиция лидерлери үчүн сахна орнотуп башташты. Азырынча митингке 60тан ашпаган киши чогулду. Курултайдын катышуучуларынын арасында мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров дагы жүрөт.Skrinshot-10.04.2014-10552010:54 Бишкек милициясынын өкүлү «К-Ньюс» маалымат агенттигине берген маегинде оппозиция лидерлеринин кармалгандыктары тууралуу буга чейин партиясыз депутат Равшан Жээнбеков билдирген маалыматтарды четке какты.

«Биз оппозициянын митингинин катышуучуларынын эч кимисин кармаган жокпуз», — деп жазган «К-Ньюс»  Бишкек ШИИБсинин өкүлүнүн айткандарын.

10:50 Оппозициянын лидери Равшан Жээнбеков өзүнүн «Фэйсбук» социалдын түйүнүндөгү баракчасына парламент имаратынын жанындагы атайын даярдыктагы аскер кызматкерлери тартылган видео жарыялады. Анда коргоочу униформачан жана калканчан укук коргоо органдары тартылган.Skrinshot-10.04.2014-104924-00110:45 Популярдуу «Дизель» интернет-форумунун колдонуучуларынын бири Горький атындагы сейил багына же «Ала-Тоо» аянтына бара жатышкан митингчилердин сүрөтүн жарыялады:DSC_0079_novy-j_razmer-110:38 Учурда Горький атындагы сейил багындагы митингде 50дөн ашык киши бар, алардын көбү Улуттук оппозициялык кыймлдын мүчөлөрүн күтүп жатышкан журналисттер.

10:26 Бишкек милициясы Горький атындагы сейил багынан башка жактардагы митингчилерди «атайылап кармай тургандыктарын» убадалады, деп билдирүүдө «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы мекеменин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовго шилтеме жасап.

«Митингдин уюштуруучулары Горький атындагы сейил багында гана чогула тургандыктарын билдиришкен. Башка жерлерге чогулуу жана жүрүштөр тууралуу кабарлашкан эмес. Шаардын башка бөлүктөрүндө митингдерди, акцияларды өткөрүүгө болбой тургандыктан биз тиешелүү иш-чараларды жүргүзөбүз.  Инспекторлор башка жерлерге чогулган катышуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт», — деп азган «Вечерний Бишкек» Сейитовдун айткандарын.

 

10:21 Равшан Жээнбеков өзүнүн «Фэйсбукдагы» баракчасы аркылуу милиция оппозициянын лидерлери — Кубанычбек Кадыров менен Таймурза Ташиевди кармап кеткендиктерин билдирди.

«Милиция «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанынан Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурза башында турган митингчилерди кармап кетишти. [...] «Нарын» ресторанынын жанынан оппозициянын лидерлеринин бири Кубанычбек Кадыровду Ысык-Көл облусу жана Саруу айылынан келген митингчилерди кармашты», — деп жазган ал.

Бирок оппозиционерлердин кармалгандыктары тууралуу бул маалымат азырынча милиция тарабынан ырасталбай эле.

10:08 Чүй облусунун Москва районунун бир нече жашоочулары оппозициянын курултайына каршы митингке чыгууну пландап жатышат, деп билдирүүдө 24.kg маалымат агенттиги райондун акими Саруубек Кушчубаевге шилтеме жасап.

«Бизде баары тынч. Бирок бир катар адамдар өлкөдөгү акцияларга нааразычылыктарын билдирүү үчүн Бишкекке барышат. Алардан баары тажашты. Антимитингдин катышуучуларынын кайсыл жерде чогула тургандыктары так белгисиз. Ар ким борбордогу ар кайсы жерди айтып жатат», — деп жазган 24.kg агенттиги Саруубек Кушчубаевдин айткандарын.

10:04 Оппозициянын митингинин башталышына бир саат калды. Азырынча «Ала-Тоо» аянтында Улутук оппозиялык кыймылдын мүчөлөрүнүн эч кимиси жок.

Аянттагы видео көзөмөл камерасынан стоп-кадр:Skrinshot-10.04.2014-10004909:57 Бишкектеги «Спартак» стадионундагы атайын даярдыктагы аскер бөлүктүн кызматкерлери тартылган видео. Автору биздин кабарчы Владимир Цай:

09:54 Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлеринин бири, партиясыз депутат Равшан Жээнбеков Kloop.kgге берген маегинде ал уюштурган митинг Горький атындагы сейил багында өтө тургандыгын жана белгиленген мөөнөттөн бир аз кечирээк, 12:00дөрдө башталаарын айтты.

«Биздики кичинекей эле тынчтык митинги болот», — деди ал.

09:50 Бишкекти бир аз дүрбөлөң каптады, бийликтегилер борбордун жашоочуларын тычтандырууга аракет кылып жатышат. Президент Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов «Вечерний Бишкекке» берген маегинде оппозициянын курултайын «коррупционерлердин митинги» деп атаган.

«Коррупцияонерлер менен алардын митингинен коркпош керек. Алардын мезгили бүттү», — деген ал «Вечёрний Бишкектин» журналисттерине».

Албетте, Ниязов Атамбаевдин бийликти узурпазиялап алгандыгы тууралуу оппозициянын айткандарын четке каккан.

«Бир дагы мамлекеттик маселе Жогорку Кеңеш менен коомчулуктун арасындагы ачык дебаттансыз чечилбей жатканда бийликтин кайсыл узурпазияланышы тууралуу айтууга болот?» — деди ал.

09:44 Бүгүн эмнелер пландалган:

  • Бишкек: Равшан Жээнбеков менен Улуттук оппозициялык кыймыл (УОК) курултайды Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький атындагы сейил багында өткөрүшөт. Бул митинг негизинен президент Атамбаевдин бийлигине каршы. УОК ага 3000 киши келээрин убадалаган;
  • Бишкек: Өз кезегинде экс-депутат Садыр Жапаров митингди «Ала-Тоо» аянтында өткөрө тургандыгын билдирди. Анын мындай аракети Жээнбеков менен канчалык деңгээлде макулдашылгандыгы түшүнүксүз;
  • Ош: Тергөө абагында камакта жаткан Акматбек Келдибековдун тарапташтары түштүк борбордо митинг өткөрүшөт, бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков билдирди.

09:38 «Спартак» стадионунун алдынан дагы сүрөттөр:unnamed-1unnamed09:32 Максим Горький атындагы сейил багына жакын жайгашкан Кыргыз экономикалык университети эшиктерин жаап, студенттерди имараттан чыгарбоого даярданып жатат, деп билдирди кабарчыбыз окуу жайдын өкүлүнө шилтеме жасоо менен.

«Студенттердин коопсуздугу үчүн саат 9:45тен кийин университеттин эшиктерин жапканы жатышат», — деп билдирди кабарчыбыз Виталий Белошапкин.

09:14 Укук коргоо органдары эртең менентен тарта эле курултайдагы коопсуздукту сактоого даярданып жатышат. Кабарчыбыз билдиргендей, учурда «Спартак» стадионунда 50гө чукул атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери, эки суу бүрккүч жана алты автобус турат.WP_20140410_08_51_07_Pro1WP_20140410_08_45_48_Pro109:00 Эки сааттан кийин башталышы керек болгон оппозициянын курултайынан түз берүүбүздү баштайбыз.

Митингдин уюштуруучулары — Улуттук оппозициялык кыймыл (УОК) — дагы деле акцияны кайсыл жерде өткөрүү боюнча акыркы чечим кабыл ала элек. Бийликтин каршылаштарынын 3000ден ашык киши катыша тургандыгы убадаланган митинги Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында да, ошондой эле Максим Горький атындагы сейил багында да өтүшү мүмкүн.

Авторлор:  Бектур ИскендерЭльдияр Арыкбаев, Виталий Белошапкин,  Хлоя ГейнеВладимир ЦайЭльмурат Аширалиев,  Дарья ТовканёваНуржамал Жаныбекова жана Шерзод Бабакулов