Видео: Укук коргоочулар «Манас» аба майданынын акцияларынын сатылышына каршы митинг өткөрүштү

Активисттер менен укук коргоочулар «Манас« аба майданынын акцияларынын көзөмөл пакетинин орусиялык «Роснефть» мамлекеттик компаниясына сатылышына каршы митингге чыгышты. Өкмөт бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатат.

Колдоруна жазууларды кармаган 10го чукул адам өкмөттүн имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышты — алар «Манас» аба майданынын акцияларынын көзөмөл пакеттеринин орусиялык «Роснефть« мамлекеттик компаниясына сатылышына каршы экендиктерин билдиришти.

Акциянын уюштуруучуларынын бири, укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова аэропорттун акцияларын сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жашыруун түрдө өткөндүгүн айтып нааразычылыгын билдирди.

«Качан мен макулдашууларга кол коюу кандай тартипте өткөндүгүн билүүгө аракет кылганымда ал тууралуу эч ким билбейт экен. Көрсө сүйлөшүүлөр расмий эмес жашыруун түрдө өтүптүр. Парламент депутаттары да эч нерсе билишпептир», — деди ал.

Айтымында, активисттер инвесторлордун аэропорттун өнүгүшү үчүн каражат жумшоосуна каршы эмес — бирок алар өкмөт тарабынан «Манас» аба майданынын көзөмөл пакетинин берилип жатышына нааразы.

«["Манас" аба майданы] стратегиялык объект, ал деген элдин келечеги, байлыгы — ал ушул бойдон калышы керек. Биз аба майданды өнүктүрө турган инвестицияларга каршы эмеспиз, бирок акциялардын көзөмөл пакеттери берилбеши керек», — деди Абдирасулова.

Алар коюлган колдордон баш тартып, «Манастын» акцияларын «Роснефтиге» сатуу процессинин токтотулушун талап кылышты.

Өкмөт менен «Роснефть» ишканасынын ортосундагы сүйлөшүүлөргө алгачкылардан болуп өз нааразычылыгын парламентарий Дастан Бекешев айтып чыккан — ал бүгүн аэропорттун акцияларын сатуу жөнүндөгү чечимге толугу менен каршы экенин билдирди.

Анын айтымында, «Манас» аба майданы — орусиялык мунай-газ алпы болгон «Роснефть» компаниясына өтпөшү керек болгон стратегиялык ишкана.

«Аэропорт кирешелүү. А кирешелүү ишкананы сатуунун кандай кажети бар? Эгер сиздин ишканаңыз киреше алып келип жатса аны сатууга макул болот белеңиз? Эгер инвесторлорду тарткыңар келсе ишкананы сатуу менен эмес, а биргелешкен ишкана түзүү менен тартасыңар да», — деп билдирди парламентарий.

Учурда акцияларды сатуу боюнча сүйлөшүүлөр макулдашуу баскычында гана — 19-февралда вице-премьер Жоомарт Оторбаев «Роснефтинин» аба майдандын акцияларын сатып алуу каалоосу боюнча меморандумга кол койгон.

Ал меморандумга ылайык, акциялардын сатылышы менен инвестициялар да келет — алсак, ири эл аралык хабдарды түзүү, аэропортторду модернизациялоо, реконструкциядан өткөрүү жана аларды күйүүчү май менен камсыз кылып, заманбап техникалар менен жабдуу.

Өкмөт «Эл аралык «Манас» аба майданы» компаниясынын акцияларынын сатылышына карата нааразычылыктар боюнча комментарий берүүдөн баш тартууда.

Авторлор: Хлоя Гейне, Эльдос Казыбеков жана Майрам Абакирова