«Укук коргоочулар «чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоорун конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитеттин башчысы Галина Скрипкина менен талкуулашты. Документ комитеттин февралдагы жыйынында каралат.

«Чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо комитеттеги расмий угуу эмес, а парламенттик комитеттин башчысы, депутат Галина Скрипкина менен укук коргоочулардын жеке жолугушуусу болгон.

Мыйзам долбоору жалпы 120 депутаттын талкуусуна коюлушу үчүн ал конституциялык мыйзамдар боюнча комитет тарабынан жактырылышы керек.

Жолугушуу коммерциялык эмес жети уюмдун өкүлдөрүнүн катышуусунда Скрипкинанын иш бөлмөсүндө өттү. Парламенттик комитеттин башка мүчөлөрү менен депутаттар жолугушууга катышышкан жок.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Kloop.kgге жолугушуунун максаты «коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн пикирлерин угуу» болгондугун айтты.

«[…] Бирок биз түрдүү коммерциялык эмес уюмдардын, Юстиция министрлигинин экспертизалары бар экенин билдирип, мыйзамдын кабыл алынышы Конституцияга каршы болорун белгилеп, маселе боюнча дагы бир жолу өз көз караштарыбызды айттык», — деди ал.

Ошурахунова жолугушууну Скрипкина демилгелегендигин белгиледи. Депутат аларга мыйзам долбоору боюнча өткөндөгү добуш берүүдө каршы добуш бергенин айткан.

«Биз андан мыйзам долбоорунун демилгечилеринин жаңы чакырылышка өтпөй калганына карабастан эмне себептен аны кайрадан караганы жаткандыктары тууралуу суроо узаттык. Галина Анатольевна болсо аны жол-жобо талап кылып жатканын айтты. Комитет мыйзам долбоорун февралда карайт», — деди ал.

Жолугушууга катышкандар:

  • «Жарандар коррупцияга каршы» коммерциялык эмес уюмунун директору Төлөйкан Исмаилова;
  • «Кылым Шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова;
  • укук коргоочу Эрик Ирискулбеков;
  • Жарандык коомчулукту колдоо борборлорунун ассоциацияларынын өкүлдөрү Бакыт Качикеева менен Эркина Убышева;
  • «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» директору Динара Ошурахунова;
  • Укук коргоочу Бактыбек Бекеев.

Бул парламенттин  VI чакырылышындагы депутаттын укук коргоочулар менен «чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоорун биринчи талкуулоосу болду.

«Чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоору парламенттин мурдагы, V чакырылышынын депутаты Турсунбай Бакир уулу тарабынан 2014-жылдын июнунда демилгеленген.

Мыйзам долбооруна ылайык, «саясий ишмердүүлүк менен» алектенген коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик тыңчы» макамын алышат. Бирок ошол эле маалда мыйзам долбоорунун авторлору Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев «саясий ишмердүүлүк» түшүнүгүнө так аныктама бере алышкан эмес.

Коммерциялык эмес уюмдар Салык кызматы менен Социалдык фондго отчет бергенден сырткары өз ишмердүүлүгү тууралуу Юстиция министрлигине да кошумча отчет берүүлөрү керек болот.

Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын ноябрында актынын идеясын колдогон, бирок документ боюнча акыркы позициясын анын парламент тарабынан жактырылган акыркы версиясын көргөндөн кийин гана айта аларын бир нече жолу белгилеген.

Кыргызстандын бир топ коммерциялык эмес уюмдары мыйзам долбооруна каршы чыгышып, «чет элдик тыңчы» макамын «кемсинткен макам» деп аташып, президентке «тирешүүнүн ордуна кызматташууну» сунушташкан.

2015-жылдын 27-майында КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн 28 укук коргоо уюмунан турган топ кыргыз депутаттарын мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырышкан. Алардын айтымдарында, документтин кабыл алынышы Кыргызстандагы жарандык коомчулукка «олуттуу коркунуч» жаратат.

Сүрөт: ИТАР-ТАСС