Укук коргоочулар коммерциялык эмес уюмдарга «чет элдик агент» статусун берүү жөнүндөгү мыйзамга каршы чыгып жатышат

Эл аралык укук коргоочу «Фридом Хаус» уюму Кыргызстанда чет өлкөлөрдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдарга «чет элдик агент» статусун берүү жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыкты.

«Фридом Хаус» Кыргызстанды жакында эле парламент депутаттары тарабынан сунушталган коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды.

Уюм эл өкүлдөрүнүн бул мыйзам долбоорун дээрлик толугу менен Россиянын «Чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзамынын көчүрмөсү деп эсептейт.

«Россиянын «чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзамдагы түшүндүрмөлөр кеңейтилип берилген жана «чет элдик агент» деген айыптар менен жүздөгөн бейөкмөт уюмдардын текшерилишине себеп болуп жатат», — деп жазылган уюмдун пресс-релизинде.

Укук коргоочулар киргизиле турган өзгөртүүлөрдө «саясий ишмердүүлүктүн» так аныктамасы жок экенин айтышып, бул өкмөткө коммерциялык эмес уюмдардын каалаганын «саясий агент» деп айыптоосуна жол берип коерун билдирип жатышат.

«Сунушталып жаткан мыйзам — бул мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу пикирлерин билдирген кээ бир топтордун ишмердүүлүктөрүн чектөө боюнча начар пландалган аракет», — деп ишенет «Фридом Хаус» уюму.

Кыргыз мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр парламенттин талкуусуна 10-сентябрь күнү коюлган.

Мыйзам долбоорунун авторлору «чет элдик агент» статусунун берилиши коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүктөрүнүн ачык болуусуна алып келет деп эсептешет, бул тууралуу мыйзам долбоорунун негиздемесинде жазылган.

Депутаттардын сунушу боюнча, саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик агент» статусун алышат, бул мамлекет тарабынан болгон текшерүүлөрдүн санын көбөйтөт. Бирок алардын ишмердүүлүктөрүнүн түрүн уюм өзү эмес мамлекет аныктайт.

«Коммерциялык эмес уюмдар анын уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн максаттарына карабастан, мамлекеттик органдар тарабынан чечимдердин кабыл алынышына таасир этүү максатында саясий акцияларды уюштуруу жана өткөрүүгө катышса (каржылоо жолу менен да) саясий ишмердүүлүккө катышты деп таанылат», — деп жазылган депутаттардын негиздемесинде.

Андан сырткары сунушталган өзгөртүүлөр коммерциялык эмес уюмдарга карата мамлекеттик органдардын көптөгөн жаңы чараларды колдонушуна уруксат берет — алсак, өзүнүн уставдык максаттарына дал келбесе аны жабуу, ошондой эле уюмдун иш-чарасына бийлик өкүлдөрүнүн катышып текшерүүгө алуу укуктарын.

«Демократиядан кетенчиктөө»

2012-жылдын июлунан баштап Россиянын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамында ушуга окшогон чаралар иштеп баштаган, ошондой эле анда «чет элдик агент» статусун алуу үчүн дээрлик кыргыз депутаттары сунуштагандай эле шарттар каралган.

Россиялык укук коргоочулар жаңы мыйзам мамлекеттин мыйзам бузууларына көзөмөл жүргүзүүгө багытталган укук коргоо ишмердүүлүгүн да өз ичине камтып, «саясий ишмердүүлүк» түшүнүгүн өтө эле кеңири түшүндүрөөрүн айтып нааразы болушкан.

Kloop.kgнин редакциясы түшүнгөндөй, эгер Кыргызстанда сунушталып жаткан жаңы чаралар ишке аша турган болсо бул жерде да жогорудагыдай абал пайда болушу мүмкүн.

Саясий талдоочу Марс Сариев өлкөгө Россиянын демилгелерин кайталоого болбойт деп эсептейт.

«Кыргызстан — Россия менен тең эмес. Кыргызстан — жарандык коому дээрлик толугу менен чет элдик гранттарда кармалып турган кичинекей мамлекет», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Анын кесиптеши Марат Казакпаев да ушундай эле пикирди карманат.

«Коммерциялык эмес уюмдардын көбү мамлекет жетпеген жерлерде өтө жакшы жардам беришет, — деп эсептейт ал. — Бул демократиядан кетенчиктөө болот, жарандык коомдун андан аркы өнүгүүсүнө тоскоолдук кылат».

Автор: Александра Ли