40тан ашык коммерциялык эмес уюм президент Алмазбек Атамбаевди «тирешүүгө» барбастан, «кызматташууга» чакырышты. Буга чейин өлкө башчысы «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамдын идеясынын кабыл алынышын кубаттаган пикирин билдирген болчу.

Коммерциялык эмес уюмдар президент Алмазбек Атамбаевдин кыргыз телеканалдарына берген маегиндеги билдирүүсүнө жооп катары кат жөнөтүштү. Өлкө башчысы ал маегинде учурда кыргыз парламентинде талкууланып жаткан «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамдын идеясын колдогон.

Материал жарыяланып жаткан маалга карата каттын алдына 44 уюмдун өкүлү кол коюшкан.

Ал катта коммерциялык эмес уюмдардын башчылары Атамбаевдин чет өлкөлөрдөн каржыланган уюмдардын «ачык эместиги» тууралуу айткандары «жаңылыштык» экендигин билдиришкен.

«Кыргызстандын коммерциялык эмес уюмдары ачыктуулукка каршы эмес, — болгону алар ал ачыктуулуктун коммерциялык эмес уюмдардан «түстүү ыңкылаптардын» булагын көргөн кээ бир өлкөлөрдүн терс тажрыйбаларын кайталоо жолу менен эмес, а демократиялык стандарттардын алкагында орнотулушун каалашат», — деп жазылган катта.

Алардын айтымдарында, коммерциялык эмес уюмдар ай сайын Салык кызматы менен Социалдык фондго каржылык отчет тапшырышып, квартал сайын статистика органдарына отчет берип турушат.

Алардын билдирүүлөрү боюнча, Мамлекеттик каржы чалгыны кызматы коммерциялык эмес уюмдардын каржылануусу тууралуу коммерциялык банктардан маалыматтарды алып, а Башкы прокуратура «бардык коммерциялык эмес уюмдар тарабынан мыйзамдын сакталышына дайыма көз салып турат».

Ошондой эле алар кайрымдуулук уюмдары өздөрүнүн каржы жана программалык отчетторун Салык кызматынын сайтына жарыялап тура турган мыйзам долбоору иштелип чыккандыгын билдиришти.

«Аталган мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин учурда иштеп жаткан коммерциялык уюмдардын көбү кайрымдуулук уюм статусуна ээ болушуп, бул алардын ишмердүүлүктөрүнүн толук ачык болуусуна алып келээри күтүлүүдө», — деп жазылган катта.

«Тирешүүнүн ордуна кызматташуу»

Коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери президентке жолдогон катта өлкө башчысынын «улуттук коопсуздукту камсыз кылуу» жөнүндөгү айткандарын колдошкон, бирок аны менен катар «коммерциялык эмес уюмдар өлкөгө зыян алып келгидей аракеттерге барган бир дагы учурдун болбогондугун» белгилешкен.

«Өлкөнүн коопсуздугун коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө чектөөлөрдү киргизүүнүн эсебинен камсыздабаш керек. Аны потенциалдуу коркунучтарды жаратышы мүмкүн болгондордун бардыгын көзөмөлдөп турушу керек болгон улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери камсыздашы зарыл», — деп билдиришти коммерциялык эмес уюмдар.

Алар Кыргызстандын алгачкы эки президенти, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев да коммерциялык эмес уюмдар улуттук коопсуздукка «коркунуч жаратышат» деп «эсептешип», алардын ишмердүүлүктөрүн чектегендиктерине шилтеме жасашкан.

«Бирок тарых алардын жаңылгандыктарын көрсөттү: көрсө өлкөнүн коопсуздугуна баарынан да алардын өзүлөрү коркунуч жараткан экен, демократиялык мамлекеттин принциптерин бузгандыктары үчүн өлкөдөн өз эли тарабынан куулушту», — деп жазылган катта.

Бейөкмөт уюмдар Атамбаев «тирешүү саясатынын ордуна кызматташууну тандап алат» деген үмүттөрүн билдиришти.

«Кыргызстан башынан эки революцияны өткөрдү, тажрыйба көрсөткөндөй, коммерциялык эмес уюмдар ал революциялардын булагы эмес, аларга катышкан да эмес. Кыргызстандагы революциялар коррупция менен буга чейинки эки президенттин элге каршы багытталган саясаттына нааразы болгон жакырданган эл тарабынан жасалган», — деп белгилешкен бейөкмөт секторунун өкүлдөрү.

«Чет элдик агенттер»

Учурда депутаттар «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамдын экинчи версиясын карап жатышат.

Мыйзам долбоорунун биринчи версиясы Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан 2013-жылы каралып, кабыл алынган. Бирок анда президент Алмазбек Атамбаев мыйзамга кол коюудан баш тарткан болчу.

Мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган ушундай эле аталыштагы мыйзамдын көчүрмөсү болуп эсептелет.

Мыйзамга ылайык, бийлик чет өлкөлөрдөн каржыланган жана «саясий ишмердүүлүккө» тартылган бардык бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтөт.

Аны менен катар мыйзам коммерциялык эмес уюмдарды  өз ишмердүүлүгү тууралуу отчет менен каржылык отчетторун Юстиция министрлигине берип турууга милдеттендирет.

Президент Атамбаев кыргыз телеканалдарына берген декабрдын башындагы маегинде «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорун колдогон.

Атамбаев элдин коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнүн артында «кимдердин тураарын билүүлөрү үчүн» алар  «ачык», «отчет берме» болуулары керектигин айткан. Ал мыйзам «улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктары» үчүн зарыл деп эсептейт.

«Өлкө үчүн, жарандар үчүн иштеп жаткан коммерциялык эмес уюмдар бар, ошол эле маалда кимдир бирөөнүн конкреттүү саясий буйрутмаларын аткарып жаткан уюмдар да бар. Биз эки революцияны башыбыздан өткөрдүк, ар бир чоң өлкө, өзгөчө геосаясаттын киттеринин Кыргызстанда өз кызыкчылыктары бар, улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн биз ал кызыкчылыктарды көзөмөлдөшүбүз керек», — деп билдирген президент.

Атамбаев «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алаары же ага вето коеру тууралуу берилген суроого түз жооп берген жок. Ал бардыгы тең долбоордун парламенттен кандай түрдө келээрине жараша болоорун айтты.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Турсунбай Бакир уулу Kloop.kgге берген 5-декабрдагы маегинде Кыргызстанда «чет элдик агенттер» аныктамасына Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн 24 миң уюмдун 20-30у гана туура келээрин билдирген.

Сүрөт «Свобода» радиосунун сайтынан алынды.