13-ноябрда Парижде болгон теракттарга карабастан азырынча кыргызстандыктар Франциянын борборуна баруу пландарын өзгөртүшпөй эле, деп билдиришти кыргыз туроператорлорунун өкүлдөрү Kloop.kgнин кабарчылары жүргүзгөн сурамжылоолорунда.

Кыргызстандын үч ири туроператору теракттардан кийин адамдар Францияга саякаттоо үчүн буйрутмаларды калтырууларын токтотпогондуктарын жана Парижге алган билеттеринен баш тартпагандыктарын билдиришти.

«Биздеги туристтер үчүн Европа Орусиядагыдай анчалык деле популярдуу эмес, ошондуктан алгачкы пландарын өзгөртпөстөн учуп кетип жатышат», — деди «Tez Tour» туристтик компаниясынын кызматкери Наталья.

«C.A.T.» компаниясынын туристтер менен иштешкен агенти Яна Лыкова туроператор Францияга саякаттоо турларын ноябрь үчүн сатпагандыгын жана Парижге болчу саякаттардын көбү декабрдын аягына туура келээрин билдирди.

«Чынын айтканда биздин турлардын баары тең декабрдын аягына туура келүүдө, ошондуктан туристтер чочулабастан эле барып визаларын алып жатышат. Эч кимиси турлардан баш тартышкан жок», — деди Лыкова.

Аны менен катар «Кыргыз Концепт» компаниясынын саякаттоолор бөлүмүнүн менеджери Вероника Астапова Kloop.kgге курган маегинде алар кардарларына эс алуу үчүн Франциянын ордуна башка өлкөлөрдү сунуштап жаткандыктарын айтты.

«Биз азыр жаңы жылды Парижде тосууну пландаган туристтердин көбүнүн турларын алып, аларды Италия жана Швейцария сыяктуу башка өлкөлөргө өзгөртүп жатабыз», — деди ал.

Астапова бул негизинен компаниянын демилгеси менен болуп жатканын кошумчалады.

«Адамдар кооптонбой эле, бирок туристтерибизди ал жакка жөнөтүүдөн биз кооптонуп жатабыз, аларга кырдаалды түшүндүрүп, альтеранивдүү варианттарды сунуштап жатабыз», — деп билдирди компания менеджери.

Парижде 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү бир нече теракт жасалган: футбол боюнча Франция жана Германия курмаларынын ортосунда жолдоштук беттеш өтүп жаткан «Стад де Франс» стиадионунун жанында үч жардыруу болуп, шаардын 10чу жана 11-округдарында террорчулар ресторан кардарлары менен көчөдөгү адамдарды аткылашкан.

Андан сырткары кол салгандардын тобу америкалык Eagles of Death Metal рок-тобу ырдап жаткан «Батаклан» концерттик залындагы адамдарды барымтага алышкан.

Франциянын президенти Франсуа Олланд теракттардан улам 129 киши каза болгонун билдирди. Өлкөдө өзгөчө абал жарыяланган. «Би-би-си» билдиргендей, полиция бүткүл өлкө боюнча рейддерди өткөрүп жатат жана алардын жүрүшүндө 20дан ашык киши кармалган.

Теракттар үчүн жоопкерчиликти эл аралык «Ислам мамлекети» экстрмисттик уюму алган.

Тема боюнча: Париж теракттардан кийин, 1-бөлүк [сүрөт]

Автор: Эвелина Зайцева

Сүрөт: Moyan Brenn/Flickr