Жумадан ишембиге караган түнү Париж 129 кишинин өмүрүн алган теракттар сериясын башынан өткөрдү. Бул Франциянын аймагында Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинен берки кол салуулардын курмандыктарынын саны боюнча эң ириси.

Мен Парижге теракттардан эки күн өткөндөн кийин келдим.

Франциянын борборунда ишемби жана жекшемби күндөр демейдегиден кыйла тынчыраак өттү. Тарыхта төртүнчү гана жолу өлкө аймагында өзгөчө абал киргизилди, бийлик адамдарга үйлөрүнөн чыкпоо кеңешин берди — чынында эле ишембинин биринчи жарымында париждиктердин көбү үйлөрүнөн чыгышкан жок.

Бирок дүйшөмбүгө карата борбордогу жашоо өзүнүн кадимки нугуна түштү, ошондуктан эгер теракттар болгон жерлерге барбасаң шаарда андай коркунучтуу окуялардын орун алгандыгы байкалбайт деле.

Бир катар метро станцияларында гана — өзгөчө теракттар орун алган кварталдарга жакын жайгашкан станцияларда — демейдегиден көп сандагы полиция кызматкерлери нөөмөттө турушат:

12233354_10205447493122978_377790597_n

Кол салуулардын көбү Париждин 10чу жана 11-кварталдарына туура келген. Азырынча эмнеге дал ошол кварталдардын тандалгандыгы белгисиз, бирок ал аймактар биринчи кезекте жаштардын эс алууларынын көптүгү менен белгилүү.

Париждеги трагедиялардын картасы. Кара чекиттер менен теракттар болгон, а жылдызчалар менен — шаардын белгилүү жерлери белгиленген (Time):

Ал аймактардын негизги жашоочулары — эмгек жолун жаңы гана баштаган, үй-бүлө кура элек жана үнөмдөө максатында башка бирөөлөр менен бирге батирге акча төлөп жашаган болжол менен 25-35 жаштардагы жаш профессионалдар.

Мындай демографиядан улам Париждин ал бөлүгүндө көптөгөн барлар, бюджеттик ресторандар, ашканалар жана концерттик залдар жайгашкан.

Жумадан ишембиге караган түнү «Батаклан» концерттик залынын дал өзү көп сандагы — 87 адам көз жумган жер болгон.

«Батакландын» тегерегиндеги аймак курчоого алынган, анын ичинде тергөө иштери жүрүп жатат, ичине эч кимди киргизишпей эле:

paris_1682

Учурда теракттар болгон бардык жерлердин аймактарында полиция кызматкерлери абдан көп:

paris_1680

paris_1683

«Батакландын» айланасында учурда Париждеги болгон элдик мемориалдардын эң чоңу пайда болду — ал бир нече кварталга созулган:

paris_1678

Адамдар гүлдөрдү жана шамдарды алып келип жатышат…

paris_1679

…ошондой эле каза болгондорго арналган каттарды алып келишүүдө. Бул кат (сүрөттүн сол бөлүгүнүн жогорку бурчундагы) «Батакланда» каза болгон Жамиля аттуу кызга арналган:

paris_1681

«Батакландан» бир аз түндүгүрөөк, Сен-Мартен каналынан алыс эмес жерде бири-биринен анча алыс эмес жайгашкан жума күнү кечинде теракттар болгон дагы үч жер бар.

Алардын экөөсү — «Карийон» жана «Кичинекей Камбоджа» ресторандары — бет маңдай турушат.

Анда алгач куралчан эки адам «Карийон» ресторанындагы адамдарды көздөй ок чыгарышкан:

paris_1685

paris_1687

Андан соң алар жолду кесип өтүшүп, «Кичинекей Камбоджада» отурган адамдарды аткылап башташкан:

paris_1690

paris_1688

Жалпысынан ал эки ресторанда 11 киши өлтүрүлгөн. Бүгүн ал жактарга курман болгондорду эскерүү үчүн кичинекей балдарын ээрчитип баруудан эч ким коркпой эле:

paris_1686

Жалпысынан Париждин 10-кварталындагы атмосфера болжолдуу түрдө төмөндөгүдөй: ооба, адамдар болуп өткөн окуялардан улам деңдароо абалда, андай окуя дагы кайталанбайбы деп кооптонуп жатышат, бирок дароо эле демейдегидей жашоо образына кайтып барууга мүмкүн экенин бүткүл дүйнөгө көрсөтүү кыйла маанилүү — мен мындай пикирлерди бир нече жергиликтүү тургундан уктум.

Уландысы бар...