13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү Франциянын борборунда бир нече теракт жасалган. Жергиликтүү полиция болжол менен 128 адамдын каза болгондугун билдирүүдө. Kloop.kg окуя боюнча азыркы учурда жеткиликтүү болгон маалыматтарды топтоду.

Франция бийлиги 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү Париждеги бир нече террористтик чабуулдардан улам өлкөнүн бүткүл аймагына өзгөчө абал киргизилгенин, кошумча 1500 аскер кызматкери мобилизацияланып, чек аралар жабылгандыгын билдирди.

Париждин тергөөчүлөрү болжолдуу маалыматтар боюнча, кол салуудан каза болгондордун саны 128 адамды түзөөрүн билдирип жатышат. Буга чейин 140 же 150 адамдын курман болгондугу айтылып, бирок ал маалыматтар ырасталган эмес. Le Figaroнун маалыматы боюнча, 180 адам жаракат алып, алардын 99нун абалдары оор.

Франциянын борборунда дароо бир нече теракт болгон: футбол боюнча Франция жана Германия курамалары оюн өткөрүп жаткан «Стад де Франс» стадионунын айланасында үч жардыруу болуп, он бир чөлкөмдүн онунда террористтер ресторандардын биринин кардарларын жана көчөдө жүргөндөрдү аткылашкан. Андан сырткары белгисиз адамдар америкалык Eagles of Death Metal тобу ырдап жаткан «Батаклан» концерттик залындагы адамдарды барымтага алышкан.

Күбөлөрдүн концерттик залдагы аткылоолор тартылган видеосу:

Europe 1дин журналисти кол салгандар концерттик залдагы адамдарды болжол менен 10-15 мүнөт убакыт аткылагандыктарын билдирди.

AFP агенттиги терактка катышкан сегиз террорист өлтүрүлгөндүгүн жазууда. Алардын төртөөсү концерттик залда адамдарды барымтага алууга катышышкан — жыйынтыгында үчөөсү өзүлөрүн жардырып, төртүнчүсү полиция тарабынан имарат курчоого алынган маалда атылып өлтүрүлгөн. Дагы үч террорист стадиондун жанында жана төртүнчүсү Вольтер гүлбагында өзүлөрүн жардырышкан.

Fox News телеканалынын маалыматы боюнча, ошондой эле полиция өзүн «Ислам мамлекетинин» согушкери деп атаган болжолдуу террористти колго түшүргөн.

«Ислам мамлекети» тобу өзүнүн каналдары аркылуу «АКШ үчүн 11-сентябрь кандай болсо Франция үчүн 14-ноябрь ошондой болорун» убадалады. Бул тууралуу «Твиттердеги» жеке баракчасына SITE мониторинг тобунун башчысы Рита Катц жазды.

Кыргызстандын Брюсселдеги элчилигинен азырынча жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жоктугу тууралуу маалыматка ээ эмес экендиктерин билдиришти.

Франциянын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдындагы гүлдөр. Анна Лелик/Kloop.
Франциянын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдындагы гүлдөр. Анна Лелик/Kloop.

Тема боюнча: Париждеги теракттар тууралуу «Би-би-синин» хроникасы

Башкы сүрөт: AFP