«Республика — Ата-Журттун» теңтөрагасы Камчыбек Ташиев партия аны шайлоо жарышынан четтеткендигине байланыштуу митингдерди уюштурбай тургандыгын билдирди. БШК Ташиевди «мушташка» байланышкан чырдан кийин шайлоодон четтеткен болчу.

Ташиев шайлоо алдындагы жарыштан 28-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен четтетилген. Ал чечим Ташиев менен «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкеринин ортосундагы «мушташка» байланыштуу кабыл алынган.  

Ташиевдин өзү «Республика — Ата-Журттун» тарапташтары Боршайкомдун чечиминен улам митингдерди уюштурбастыгын билдирди.

«Мен аларды [талапкерлеримди] алдыдагы төрт күн ичинде митингдерди өткөрбөөгө чакырам. Биз БШКнын чечими боюнча сотко кайрылабыз. Өзүбүздү мыйзам чегинде алып жүрөбүз. Мен бул өнөктүктү аягына чейин жеткирем жана 4-октябрда кичи мекенимде — Жалал-Абад облусунда добуш берем», — деп билдирди ал.

Ташиев «саясий элитанын көбү» аны бийликтен көргүсү келбестигин кошумчалады. Ал эгер акыркы чечим анын пайдасына кабыл алынбаса капа болбой турганын билдирди.

«Бул эки күн бою мага каршы ар кандай ушактарды таратышты. Мен сиздерге ал маалымат жалган деп айтам. Бүгүн, кечээ, анын аркы күнү дарыгерлер «Өнүгүүнүн» ал талапкерин толугу менен карап чыгышты — бүгүн аны ооруканадан чыгарышты. Бизде бардык маалымкаттар бар» — деди ал.

БШКнын чечими мушташ болду делген күндөн эки күн өткөн соң кабыл алынды.

Тексттик эфир:

17:50 Бабанов: «Биз БШКнын чечимин мыйзамсыз деп эсептейбиз. БШКда партияларга карата кош стандарттары пайда болду».

17:57 Бабанов: «Азыр жаңы көз караштар менен эски негиздердин тарапташтарынын ортосунда чоң күрөш жүрүп жатат. Биздин кеңселердин алдына көптөгөн тарапташтарыбыз топтолуп жатышат. Биз бардык үгүтчүлөрүбүздү, өкүлдөрүбүздү жана талапкерлерибизди митингдерди өткөрбөөгө, чагымчылдыктарга алдырбоого чакырабыз. Биздин партияга каршы чоң күрөш башталды. Мен партиябыздын жарандар тарабынан тандаларына ишенем.

Алмаз Шаршеновичтин таза шайлоо өткөрүүнү убада кылганын жакшы билесиңер. Мамлекеттик кызматтагыларды шайла деп айткан партияга эмес, а жүрөгүңөрдүн тандоосу менен шайлоого чакырам. Биз реформаларды жасап, айлык акыларды жогорулаттабыз».

18:00 Ташиев: «Менин талапкерлигимди алып салуу боюнча БШКнын чечими жарыялангандан кийин аймактарда менин миңдеген тарапташтарым топтолуп башташты. Бирок мен аларды алдыдагы төрт күн ичинде митингдерди өткөрбөөгө чакырам. Биз БШКнын чечими боюнча сотко кайрылабыз. Өзүбүздү мыйзам чегинде алып жүрөбүз. Мен бул өнөктүктү аягына чейин жеткирем жана 4-октябрда кичи мекенимде — Жалал-Абад облусунда добуш берем».

18:02 Ташиев: «Бул эки күн бою мага каршы ар кандай ушактарды таратышты. Мен сиздерге ал маалымат жалган деп айтам. Бүгүн, кечээ, анын аркы күнү дарыгерлер «Өнүгүүнүн» ал талапкерин толугу менен карап чыгышты — бүгүн аны ооруканадан чыгарышты. Бизде бардык маалымкаттар бар».

18:04 Ташиев: «Саясий элитадагылардын көбү мени бийликтен көргүлөрү келбейт. Эгер сот мени талапкер катары калыбына келтирбесе мен капа болбойм. Биздин максаты [Бабанов менен] депутат болуу эмес, а өлкөнү өзгөртүү».

18:07 Ташиев: «Эгер мен аны сабаганда бети бир нерсе болот эле. Силер бетин көрдүңөрбү?».

Соавтор: Эльдияр Арыкбаев