Боршайком «Республика — Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевди шайлоо жарышынан четтетиши мүмкүн. Буга чейин Жалал-Абад милициясы Ташиев «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкерин «сабагандыгын» билдирген болчу.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы (ИИБ) Ташиевдин «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкери Абдыманап Абдыбахаповду «сабагандыгы» тууралуу 26-сентябрда билдирген.

Мекеменин билдирүүсү боюнча, окуя 26-сентябрь күнү күндүз болгон. Милиция «мушташ» Абдыбахапов тарабынан Ташиевдин дарегине айтылган «терс билдирүүлөрдөн» улам келип чыккан.

«Кийинчерээк К.Ташиев тарапташтарынын коштоосунда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын Сузак районунун Бек-Абад шаарындагы штабына барып, оппонентинин саламаттыгына зыян келтирген», — деп билдиришти Жалал-Абад ИИБсинен.

Милициянын билдирүүсү боюнча, Абдыбахапов Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилип, даарыгерлер анын «канталап көгөргөн жерлерин, мээсинин чайкалганын жана оң кабыргасынын сынган болушу мүмкүндүгүн» аныкташкан.

ИИБден жаңжал фактысы боюнча «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун, бирок анын катышуучуларынын күнөөлөрүнүн даражасы тергөөнүн жүрүшүндө такталарын билдиришти.

«Азырынча кылмыш иши боюнча эч ким кармала элек — биз соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз», — деп билдирди ИИБдин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде.

Окуядан кийин Боршайкомдун мүчөсү Канатбек Азиз Камчыбек Ташиев талапкерлердин тизмесинен чийилиши ыктымалдыгын, а «Республика — Ата-Журт» партиясынын өзү шайлоо жарышынан четтетилиши мүмкүндүгүн билдирди.

Ал 24.kg маалымат агенттигине «бул өтө олуттуу мыйзам бузуу» экенин жана эгер Ташиевге каршы кылмыш иши козголо турган болсо ал «тизмеден чийилиши» мүмкүндүгүн айткан.

«Бул «Республика — Ата-Журттун» мүчөлөрүнүн же алардын туугандарынын башка партиялардагы атаандаштарынын денелерине залал келтирип жаткан алгачкы учур эмес экенин эске алсак, анда саясий уюм кеминде эскертүү алып, ал эмес шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн да ажыратылышы мүмкүн», — деп билдирген Канатбек Азиз агенттикке курган маегинде.

Азиз Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде өз билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тарты.

«Билдирүүлөрдүн бардыгы тең комиссиянын бүгүнкү жыйынынан кийин болот», — деди ал.

«Республика — Ата-Журт» ИИБдин билдирүүсүн четке кагууда

Ташиев тарабынан Абдыбахаповдун «сабалгандыгы» тууралуу маалыматтар чыккандан кийин «Республика — Ата-Журт» ЖМКлар аркылуу партиянын шайлоо фондунан төлөнгөн билдирүүлөрдү тараткан. Ал билдирүүлөргө ылайык, Ташиев башка партиянын талапкеринин «денесине эч кандай залал келтирген эмес».

«Абдыбахапов тарабынан сөз жүзүндө чагымдар болгон, бирок Ташиев тарабынан  анын денесине эч кандай залал келтирилген эмес — «Республика – Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы сөздү улантууну өз кадыр-баркынан төмөн түшүү деп эсептеп, жолугушуу болгон жерден кетип калган», — деп жазылган партиянын билдирүүсүндө.

Ошондой эле «Республика — Ата-Журт» Абдыбахаповдун денесинде чынында эле кокустаган жана сынган жерлеринин бар болгондугун четке кагууда.

«[…] кол көтөрүп шайлоо алдындагы үгүт иштерин ызы-чуу менен талкалоо маанисиз болмок. Камчыбек Ташиев ага жүктөлгөн бардык миссияны толугу менен түшүнөт жана өз эмоцияларына алдырмак эмес», — деп белгилешкен партиядан.

«Өнүгүү-Прогресс»: «Анын шериктери штабды талкалашты»

Өз кезегинде «Өнүгүү-Прогресс» партиясы «АКИpress» агенттигинин сайтына чыккан акча төлөнгөн материалында 26-сентябрь күнү «Өнүгүүнүн» Жалал-Абад облусунун Атабек айыл аймагындагы штабына Ташиев башында турган сегиз киши үч автоунаа менен келип, партиянын штабына «кирип барышып», кызматкерлердин бирөөсүн «ур-токмокко» алып, Абдыманап Абдывахаповду «сабап башташкандыгын» билдирди.

«Андан соң Ташиев «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын бардык атрибуттарын жыртып, а анын шериктери мебелдерди, техника жана үгүт материалдарын чачып, штабды талкалап кетишкен», — деп жазылган билдирүүдө.

Соавтор: Алтынай Джалмамбетова.