Борбордук шайлоо комиссиясы көпчүлүк добуш менен  «Республика — Ата-Журттун» лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин алдыдагы парламенттик шайлоого талапкерлигин каттоодон алып салды, деп билдиришти жергиликтүү ЖМКлар. Бул «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкеринин «сабалгандыгы» боюнча чырдан кийин болууда.

Ташиев Боршайкомдун 28-сентябрдагы жыйынында кабыл алынган чечимдин негизинде талапкер макамынан ажыратылды — мындай чечимдин кабыл алынышын колдоп 9 мүчөсү добуш берип, экөөсү каршы пикирлерин билдиришкен, деп билдирди «Азаттык» радиосу.

«Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелерин бузгандыгы үчүн «Республика – Ата-Журт» партиясынан талапкер Камчыбек Ташиевди шайлоо жарышынан четтетти», — деп жазды басылма.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Боршайкомдун басма сөз кызматындай эле «Республика — Ата-Журт» партиясы дагы жеткиликсиз болууда.

Ташиевдин талапкер макамы анын катышуусундагы чырдан эки күн өткөн соң алынууда — анда «Республика — Ата-Журттун» лидери Жалал-Абад облусунда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаттыкка талапкерин сабап койгондугу тууралуу айтылган болчу.

Ташиевдин катышуусундагы бул окуя үчүн анын партиясы БШКдан эскертүү алды.

Ташиев «Республика — Ата-Журттун» талапкерлер тизмесинде 41 катарда болчу.

Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Эдил Байсалов Ташиевдин талапкерлигинин алынышын «мыйзамсыз» деп эсептейт.

«[Бул чечим] жазыксыздык жоромолун бузууда жана аны жокко чыгаруу боюнча кайрылуулар болушу керек», — деп жазды ал «Твиттердеги» жеке баракчасына.