«Вечерний Бишкек» холдингине тиешелүү болгон vb.kg интернет басылмасынын башкы редактору Дина Маслова жетекчилиги алмашкандан кийин жаңы басылма ачарын билдирди.

Маслова Kloop.kgге курган маегинде жаңы ЖМКга ал «Вечерканын» учурдагы кызматкерлерин тартууга аракет кыларын айтты.

Азырынча жаңы басылманы каржылоо маселеси ачык бойдон калууда —  Маслова билдиргендей, «Вечерний Бишкектин» түзүүчүлөрүнүн бири Александр Ким бул максаттар үчүн каражат бөлбөйт.164694_186621958015280_3343440_n-267x400

«Албетте келечекте меценаттар болбойт — биздин чыгымдарыбызга жакшылап көңүл буруубуз керек болот. Мындан ары Александр Ким [басылманы] каржылабайт, мен болсо эркин сүзүүгө аттанам деп айтсам болот. Рейдерлердин башкы максаты — бизди каржы агымдары катары эмес, а маалыматтык ресурс катары басып алуу. Азыр 90-жылдардагыдай киреше жок», — деди Маслова.

Анын пикиринде, «Вечерний Бишкектин» редакциясына мурдагы түзүүчүлөрүнүн бири Александр Рябушкиндин келиши менен кызматкерлердин көбү редакциядан кетишет. «Интернет-басылманын кызматкерлеринин көбүнүн аны менен иштөө ойлору жок. Албетте, анын жетекчилиги толугу менен кетет», — деп билдирди ал.

Дина Маслова жаңы басылма тууралуу ал vb.kgден толугу менен айырмаланарын айтты  — балким анда саясий жаңылыктар болбошу мүмкүн.

«Мен жаңы форматтар менен иштеп көрүүнү каалайм. Менде ойлордун деңгээлинде бир нече идеялар бар. Сайт маалыматтык жана анда журналисттин иши болот деп так айта алам. Мен саясаттан четтеп, көбүнчө экономикага ыктасамбы дейм, бирок жагдай кандай болот көрөбүз да», — деди «Вечерний Бишкектин» интернет-басылмасынын башкы редактору.

«Вечерний Бишкек» медиа-холдингинин учурдагы жетекчилиги басылманын мурдагы түзүүчүсү Александр Рябушкин менен болгон чарбалык талаш-тартыштар боюнча экинчи баскычтагы соттук процессте утулуп калган — 18-августта Биринчи май райондук соту доогердин пайдасына чечим чыгарган. Эми соттун чечими менен «Вечерний Бишкек» басма үйү» ААКсынын акцияларынын 65%ы жана «Рубикон» жарнамалык компаниясынын акцияларынын 50%ы Рябушкинге өтүшү керек.

Маслова бул чечим боюнча «Вечерка» акыркы баскычтагы сотко кайрылууга аракет кыларын билдирди. Бирок ал Жогорку сот акыркы чечимди гезиттин азыркы жетекчилигинин пайдасына чыгарарына ишенбейт.IMG_9009-267x400

Рябушкиндин өзү Kloop.kgге курган маегинде ал «Вечёрканын» мындан аркы ишинде «басылманын учурдагы жамаатына таянарын» билдирди.

«Эски жамааттын мыктылары сөзсүз «Вечеркада» калышат. Алар нормалдуу иштегендер, жакшы профессионалдык сапаттарга ээ кызматкерлер. Мен Дина Маслова менен тааныш эмесмин, ошондуктан анын калар-калбасы тууралуу айтуу азыр кыйын», — деди Рябушкин.

Ал анын түзүүчү укугу күчүнө киргенден кийин басылманын редакциялык саясатын «тартипке келтирерин» айтты.

«Азыркысы редациялык саясат эмес, ал оңго солго ыргытылып жаткан ыпылас ушактар. Фактыларды эмес, а жоромолдорду пайдаланышат, ошондуктан басылманын саясатын тартипке келтирүү керек», — деди Рябушкин.

«Вечерний Бишкектин» айланасындагы талаштар

«Вечерний Бишкектин» айланасындагы мүлктүк талаш 2014-жылдын күзүндө, басылманын мурунку ээнчилеши Александр Рябушкин өзүн акционер катары калыбына келтирүү ниети тууралуу билдиргенден кийин башталган.

Ал «Вечерний Бишкекке» ээлик кылган «Рубикон» компаниясындагы акциялардын 50 пайызын 2000-жылы, анын үлүшүн мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев сатып алгандан кийин жоготкон.

Рябушкиндин өзү ал бүтүм басым алдында келишилгендигин айтып, анын жокко чыгарылышын өтүнүүдө. Ал «Рубикондогу» 50 пайыз акциясын кайтарып берүүнү жана акыркы 15 жыл үчүн компенсация катары 15 млн. доллар сурап жатат.

«Мен «Рубикондун» түзүүчүлөрүнүн курамына кирип, экинчи түзүүчүгө байланышкан маселелердин бардыгын тең ошол жакта чечким келүүдө. Бүгүнкү күндө кеп «Вечерка» тууралуу болбой эле. Анын бардыгы абалды ырбатуу», — деген Рябушкин.

«Вечерний Бишкектин» өкүлдөрү Рябушкин акцияларын Тойгонбаевге сатып жиберген соң эми эмнеге «Рубикондун» акцияларынын жарымын талап кылып жатканына таң калышууда.

Басылманын жетекчилиги Рябушкиндин артында президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдарынын митаамчылыгы бар деп эсептөөдө — холдингдин пикиринде, бийликке шайлоонун алдында Бишкектеги эң көп нускалуу гезитке ээлик кылуу пайдалуу болмок.

«Вечерний Бишкектин» кайрылуусу президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмияновдун отставкага кетүүсүнө алып келген. Ал басылма тарабынан өлкө башчысынын айланасындагы башка кызмат адамдары менен бирге «рейдерлик басып алуу» аркетине айыпталган.

Тема боюнча:

«Вечерний Бишкекке каршы доо арыздар: эң окумдуу басылманын тагдыры кандай болот?

Видео: «Вечерний Бишкек» менен Рябушкин басылманын айланасындагы жагдай тууралуу