«Вечерний Бишкек» холдингинин интернет бөлүмүнүн башкы редактору жүз миңдеген сом төлөтүү боюнча доо арыздардын фонунда «басылма үчүн иштин жакшы аякташы күмөндүү» деп эсептейт.

«Вечерний Бишкек» — өлкөдөгү ири медиа-холдингдердин бири — учурда башынан анчалык жакшы эмес күндөрүн өткөрүүдө. Ага каршы чарбалык жана саясий маселелер боюнча жүздөгөн миллион сом төлөтүү боюнча бир нече доо арыз жазылган.

Эң ири суммалардын бирин, 450 млн. сомго жакын төлөтүү боюнча доо арыз басылманын мурдагы негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Рябушкинге байланыштуу.

«Вечерний Бишкектин» өзү Рябушкиндин артында парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдында басылманы басып алууну каалаган президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы адамдар турушат деп эсептөөдө.

А Рябушкин болсо соттун чечимдерине таасир этүү үчүн басылма чарбалык талаш-тартыштарга атайылап президенттин айланасындагы адамдарды тартып жатат деп эсептейт.

vb.kgнин башкы редактору Дина Маслова Kloop.kgге курган маегинде кырдаал басылманы «басып алуу гана эмес, а нормалдуу иштөөгө мүмкүнчүлүк бербеш үчүн аны кыйратуу каалоосун» көздөй баратканын айтты.

«Учурдагы кырдаал мындай: холдингдин каржы абалын начарлатып, аны гезит чыгаруу, сайт менен типографияны нормалдуу иштетүү мүмкүнчүлүгүсүз калтыруу үчүн басылмага туш-туштан доо арыздарды жаадырып жатышат», — деди ал.

Видео: сот залындагы «Вечерний Бишкекти» колдоо митинги:

Маслова доо арыздарга карабастан басылма ишин улантып, эмгек жамаатынын алдындагы милдеттенмелер аткарылып жатканын айтты. Бирок азыр редакцияны өнүктүрүүдө көйгөйлөр жаралууда.

«Доо арыздардан улам биз бардык маркетингдик иш-чараларды ишке ашырбай элебиз, болгону чагылдыруу функциясын гана калтырдык, шарттуу түрдө айтсам эч кандай пиарсыз, маалымат агенттиги катары гана иштеп жатабыз», — деди башкы редактор.

Учурда «Вечерний Бишкек» тараптардын бири катары бир нече соттук талаштарга катышууда. Аларда экинчи тарап катары төмөнкү адамдар катышып жатышат:

  • мурдагы негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Рябушкин, 450 млн. сомго жакын сумма төлөтүү жана басылманын карды борборун эсептелген «Рубикон» компаниясынын акцияларынын 50 пайызын берүү боюнча доо арыз жазган;
  • президенттин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев, 50 млн. сом төлөтүү боюнча доо арыз жазган;
  • президенттин аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары  Икрамжан Илмиянов, 1,8 млн. жана 10 млн. сом төлөтүү боюнча доо арыз жазган.

«Аныксыздык» абалында

Маслова басылма учурда «аныксыздык» абалында экенин айтты — эң ири, 450 млн. сом төлөтүү жөнүндөгү доо арыз  боюнча чечим Бишкек шаардык соту тарабынан кабыл алынган, бирок азырынча ал сумманы төлөө боюнча өкүм жок. А Жогорку сот холдингдин акцияларынын 50 пайызын Рябушкинге берүү чечимин кабыл алган.

Анын айтымында, эгер сот милдеттендире турган болсо «Вечерний Бишкек» бардык доо арыздар боюнча акча төлөп бере албайт. Маслова эсептердин камакка алынышынан улам басылма салыктарды жана социалдык фондго чегерүүлөрдү төлөй албай жатканын айтты.

«Эсептердин камакка алынышы соцфондго чегерүүлөрдү жана салыкты төлөөбүзгө мүмкүндүк бербей жатат. Тактап айтканда, июнь айына «Вечерний Бишкек» соцфондго дагы, салык кызматына дагы төлөгөн жок. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок, анткени эсептерибиз камакка алынган. Кеп кыйла эле олуттуу сумма жөнүндө болууда, анткени биз Бишкектин ири салык төлөөчүлөрүнүн бирибиз», — деди ал.

Башкы редактор эгер басылманы кудуретсиз абалга алып келишсе, анда редакция жаңы жаңылыктар басылмасын ачышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

«Менимче Интернет заманында жаңы жаңылыктар порталын ачуу кыйын деле эмес. Бийлик мындай жол менен ооз жабуу маселесин чече албайт. Эгер бул жакка жаңы жетекчилик келсе мен албетте мындан кетем», — деди ал.