«Вечерний Бишкек» басылмасынын айланасындагы чарбалык талаш-тартыштын катышуучулары соттук процессте жолугушту. Kloop.kgнин кабарчылары алардын эки тарабынын тең пикирин укту.

«Вечерний Бишкектин» айланасындагы чарбалык талаш 2014-жылдын күзүндө, качан басылманын мурунку түзүүчүлөрүнүн бири өзүн акционер катары калыбына келтирүү ниети тууралуу билдиргенден кийин башталган.

Ал «Вечерний Бишкекке» ээлик кылган «Рубикон» компаниясындагы акциялардын 50 пайызынан 2000-жылы үлүшүн мурунку президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев сатып алгандан кийин ажыраган.

Рябушкиндин өзү ал макулдашууга басым алдында кол койгондугун айтып, анын жокко чыгарылышын өтүнүүдө. Ал «Рубикондогу» 50 пайызынын кайтарылып берилишин жана акыркы 15 жыл үчүн 15 млн. доллар компенсация сурап жатат.

«Мен «Рубикондун» түзүүчүлөрүнүн курамына кирип, ошол жактан экинчи түзүүчү боюнча бардык маселелерди чечүүнү каалайм. Бүгүнкү күндө кеп «Вечерка» жөнүңдө болбой эле. Мунун бардыгы абалды курчутуу», — деди Рябушкин.

«Вечерний Бишкектин» өкүлдөрү Рябушкин эмне себептен акциялардын жарымын Тойгонбаевге сатып жиберип, эми аларга ээ болгусу келип жатканына таң калышууда.

Басылманын жетекчилиги Рябушкиндин артында президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы жакын адамдарынын алдамчылыгы турат деп эсептешүүдө — холдингдин пикиринде, парламенттик шайлоонун алдында бийликке Бишкектеги эң көп нускада чыккан басылмага ээ болуп калуу пайдалуу.

«Вечерний Бишкектин» кайрылуусу президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмияновдун кызматтан кетишине алып келди. Басылма аны өлкө башчысынын айланасындагы башка кызмат адамдары менен бирге «рейдерлик басып алуу» аракетине айыптаган.

«Вечерний Бишкектин» жактоочусу Сергей Воронцов эгер басылманын учурдагы ээси Александр Ким 15 млн. доллар төлөй албаса, анда анын мүлкү карызды төлөө эсебинен конфискацияланат.

«Рябушкиндин эсеби боюнча, ага 15 миллион долларлык зыян келтирилген. Эгер Ким андай суммадагы акчаны таба албаса, анда карызды төлөө эсебинен Кимдин мүлкү тартылып алынат», — деди жактоочу.

Авторлор: Темирлан Акимтеги, Азат Рузиев