Кызматташуу тууралуу базалык келишим бүгүн, 20-августта күчүн жоготту. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул тууралуу билдирүү жазылган кат америкалык тарапка жолдонду.

Келишимди бузуунун демилгечиси кыргыз тарап болгон: 21-июлда Кыргызстандын өкмөтү АКШнын өкмөтү менен болгон келишимди бир тараптуу денонсациялаган. Ал тууралуу токтомго өлкөнүн премьер-министри Темир Сариев кол койгон. Кыргыз өкмөтү мындай кадамга АКШнын Мамдепартаменти Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго сыйлык ыйгаргандан кийин барган.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташуу тууралуу базалык келишимге 1993-жылы кол коюлуп, анда Кыргызстанга жардам көрсөтүү программасынын алкагында жеткирилген же колдонулуп жаткан товарлар үчүн тарифтерди, төлөмдөрдү жана бажы алымдарын албоо каралган.

Андан сырткары Кыргызстанга жардам көрсөтүү программасынын алкагында иштеп жаткан Кошмо штаттарынын өкмөттүк жана жеке уюмдарынын персоналдары салыктардан жана төлөмдөрдөн бошотулуп келишкен.

Ошондой эле өлкөдө жардам көрсөтүү программасынын алкагында жүргөн АКШнын өкмөтүнүн жарандык жана аскердик персоналдары административдик жана техникалык персоналдардыкына тең болгон макамдарга ээ болушкан.

Келишимдин денонсацияланышы кандай кесепеттерге алып барышы мүмкүндүгү дагы деле белгисиз.

Тема боюнча:

АКШ менен келишимди бузуу: соцтармактардын реакциясы

АКШ: Кыргызстанда туруксуз абал түзүүгө аракет кылып жатат деген айыптоо — нонсенс [+ видео]

Видео: Кыргызстан АКШдан келчү жардамдардын кыскаруу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт.

АКИпресс: Кыргызстан АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинен канча акча алат?

Кыргызстан АКШ менен кызматташуу жөнүндөгү келишимди бузду