Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын АКШ менен кызматташуу тууралуу базалык келишимден бир тараптуу чыккандыгы тууралуу суроолорго жоопторду жарыялады. Кыргыз бийлиги АКШдан келчү жардамдардын кыскарышы же токтотулушу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт.

20-августтан тарта Кыргызстан АКШ менен кызматташуу тууралуу базалык келишимден бир тараптуу чыгууда. Денонсация өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго АКШнын Мамдепартаментинин сыйлыгынын ыйгарылышына жооп катары жасалды.

Кыргызстандын расмий бийлигинин пикири боюнча, бул келишимдин алкагындагы кызматташтыкты токтотуу АКШ тараптан берилген жардамдардын кыскарышына алып келиши мүмкүн.

«Биз ал келишимдин алкагында АКШ берип жаткан жардамдын кыскартылышы же токтотулушу ыктымалдыгын жокко чыгарбайбыз», — деп жазылган өкмөттүн билдирүүсүндө.

1993-жылкы Кызматташуу тууралуу базалык келишимде АКШ тараптан Кыргызстандын бийлигине жардам берүүлөрдү жеңилдетүү каралган. Аларга төмөндөгүлөр кирет:

  • Кыргызстанга жардам берүү программасы боюнча жеткирилген же пайдаланылып жаткан товарлар менен жеткирүүлөрдөн тарифтерди, бажы төлөмдөрүн алып салуу;
  • Кыргызстанга жардам көрсөтүү программасынын алкагында иштеп жаткан АКШнын өкмөттүк жана жеке уюмдары менен персоналдарынын салыктар менен жыйымдардан бошотулушу;
  • Жардам көрсөтүү программаларынын алкагында өлкөдө жүргөн АКШнын өкмөтүнүн жарандык жана аскердик персоналдарына административдик жана техникалык персоналдарга берилчү макамдар менен тең макам берилет.

Кыргыз ТИМинин пикиринде, Аскаровдун АКШ Мамдепартаментинин сыйлыгы менен сыйлануусу — бул Кыргызстандагы «улуттар аралык тынчтык менен ыктымактын бекемделишине каршы атайын жасалган аракет».

«[…] качан түзүлүп жаткан кырдаал түп тамырынан бери биздин мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын жооп бербегенде АКШ тараптан берилип жаткан кандай гана жардам болбосун маанилүүлүгүн жоготот», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы кыргыз ТИМине шилтеме жасап.

Өз кезегинде АКШ келишимдин денонсациялангандыгына «капа экенин», бирок Кыргызстанды колдоосун токтотпостугун билдирди.

«АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган алгачкы өлкөлөрдөн болгон жана ошондон бери өнөктөштөрчө Кыргызстандын демократиялык кайра түзүүлөрүн колдоо жана бекемдөө максатында 2 миллиард доллар өлчөмүндөгү жардам көрсөттү», — деп билдирди АКШ элчилиги кыргыз өкмөтүнүн бул кадамы тууралуу.

Сот инстанцияларынын чечимине ылайык, Аскаров улуттар аралык кастыкты козуткандыгы, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы жана 2010-жылдын июнундагы улуттар аралык кыгылыш маалында милиционерди өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн соттолгон.

Аскаровдун тарапташтары укук коргоочу кармалардан бир аз мурун башамандыктардын курмандыктары тууралуу маалыматтарды топтоп, талоончулук фактыларын документтештирип, видеого түшүрүп жүргөндүгүн айтышууда.

Аскаровдун өкүлдөрү Kloop.kgге курган маектеринде ал документтер менен түшүрүлгөн видеолор укук коргоочунун үйүн тинтүү маалында милиция кызматкерлери тарабынан алынган деген божомолдорун айтышкан. Анын жактоочулары тергөөнүн жүрүшүндө укук коргоочуга карата кыйноо ыкмалары пайдаланылгандыгы тууралуу бир нече жолу билдиришкен.