АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Ричард Хоугланд Кошмо штаттары «Кыргызстанда туруксуз абал түзүүгө аракет кылып жатат» деген кыргыз бийлигинин айыптоосун «нонсенс» деп атады.

АКШнын Мамдепартаментинде Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрү менен болгон мамилелер боюнча маселелерге жооптуу Хоугланд кыргыз Тышкы иштер министрлиги менен кызматташуу тууралуу келишимдин денонсацияланышын талкуулоо үчүн Кыргызстанга келген.

Хоугланд Kloop.kgге курган маегинде Кыргызстандын бийлигинин «туруксуз абал түзүүгө аракет кылуу» ниети тууралуу айыптоолорун четке какты — ал андай шектенүүлөрдү «толук нонсенс» деп атады.

«Аймактык жана эл аралык мамилелер үчүн Кыргызстандын күчтүү жана өсүп-өнүккөн өлкө болушу өтө маанилүү. […] Биз сиздердин өлкө менен мурдагыдай эле тыгыз мамилени кармануу ниетиндебиз», — деп ишендирди Мамдепартаменттин чиновниги.

Анын айтымында, АКШ менен кызматташуунун денонсацияланышы АКШ бийлиги үчүн «күтүлбөгөн окуя» болду.

«Буга чейин мен айткандай, мамлекеттер ортосундагы мамилелер үй-бүлө мүчөлөрү ортосундагыдай эле кээде начарлап, кээ бирде нормалдашып турат. […] Биздин Кыргызстан элине мындан ары жардам берүүбүз үчүн бир катар көйгөйлөр жаралды, бирок биз өлкөлөр ортосундагы позитивдүү кызматташууну удантуу үчүн тийиштүү чечимдерге келебиз деген ишенимдемин», — деп эсептейт Хоугланд.

Анын айтымында, азырынча Мамлекеттик департамент келишимдин бузулушу кандай натыйжаларга алып барышы мүмкүндүгүн так аныктай элек, бирок бул Кыргызстанга жардам берүү программаларын каржылоонун азайтылышына «таасир этиши мүмкүн».

«Кызматташуунун алкагындагы көмөктөшүүнүн бардыгы тең америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасын талап кылгандыгы да маанилүү учурлардын бири деп ойлойм. Албетте Конгресс сөзсүз түрдө биздин акчалар каякка жумшалып жатат деп сурайт жана ал бир катар кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Хоугланд Бешимов экөөнүн жолугушуусу АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы «өз ара түшүнүшүүгө карай жасалган алгачкы кадам» болду деп эсептейт. Анын пикиринде, эки өлкөнүн мамилеси «жакшы» бойдон калууда жана жакынкы убактарда мурдагы «калыбына келет».
https://soundcloud.com/kloop-1/ffjuy3cwulxm

АКШ менен келишимди денонсациялоо

Кыргызстандын өкмөтү АКШ менен кызматташуу тууралуу базалык келишимди 210июль күнү кечинде денонсациялаган — кыргыз бийлиги мындай кадамга кыргыз укук коргоочусу Азимжан Аскаровдун АКШнын Мамдепартаменти тарабынан «Адам укуктарынын коргоочусу» сыйлыгы менен сыйланышына жооп катары барган.

Өкмөттүн билдирүүсү боюнча, Аскаровго сыйлык ыйгаруу чечими алардын «терең тынчсыздануусун» жана «өтө таң калуусун» жараткан.

Аскаров 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуулардын жүрүшүндө «массалык башаламандыктарды уюштурган», «улуттар аралык кастыкты козуткан» жана «милиционерди өлтүрүүгө катышкан» деген айыптар менен 2010-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган.

«Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлыгын ыйгаруу чечими Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы достук мамилелердин деңгээлине туура келбейт, ал улуттар аралык ынтымакты жана Кыргыз Республикасынын элинин ынтымагын чыңдоо боюнча өкмөттүн аракеттерине зыян келтириши мүмкүн, ал жарандык коомчулук менен туруктуу коомго коркунуч жаратат», — деп билдирген анда өкмөт.

Кийинчерээк Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев АКШ менен болгон келишимдин денонсацияланышын колдоп, Аскаровдун сыйланышын  «атайын жасалган чагымчылдык» деп атаган.

«Көпчүлүгү сыйлык ыйгарса ыйгарыптыр да деп жатышат. Бирок чынында чөпкө от койгондой болуп атат. Ал же өчүп, же өрт чыгып кетиши мүмкүн. Муну менен өзбек жамаатынын аң сезимине Кыргызстанда алар үчүн акыйкаттык жок дегендей ой жаратылууда. Бул атайын улут аралык мамилеге от жагууга багытталып жасалган чагымдай сезилет», — деп билдирген анда президент.

Анын пикиринде, Кыргызстанда чечими «аткарылышы керек болгон» соттук система бар.

Ал Аскаровдун сыйланышын 2006-жылы Кытайдагы уйгур укук коргоочусу Рабия Кадырдын Мамдепартамент тарабынан сыйланышына салыштырды.

«Анан үч жылдан кийин Синцзянда кандуу кагылышуулар орун алып, 200дөн ашык киши каза болгон. Мындан башка дагы мисалдар бар — бул нааразычылыкты жаратпай койбойт», — деген ал.

1993-жылы кол коюлган Кызматташуу тууралуу базалык келишиминде  АКШ тараптан Кыргызстандын бийлигине жардам көрсөтүүлөрдү жеңилдетүү каралган. Ага төмөндөгүлөр киргизилген:

  • Кыргызстанга жардам берүү программасы боюнча жеткирилген же пайдаланылып жаткан товарлар менен жеткирүүлөрдөн тарифтерди, бажы төлөмдөрүн алып салуу;
  • Кыргызстанга жардам көрсөтүү программасынын алкагында иштеп жаткан АКШнын өкмөттүк жана жеке уюмдары менен персоналдарынын салыктар менен жыйымдардан бошотулушу;
  • Жардам көрсөтүү программаларынын алкагында өлкөдө жүргөн АКШнын өкмөтүнүн жарандык жана аскердик персоналдарына административдик жана техникалык персоналдарга берилчү макамдар менен тең макам берилет.

Азимжан Аскаров

Азимжан Аскаров ― этникалык өзбек ― «Воздух» укук коргоо уюмун жетектеген жана 15 жыл бою Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук милициясы тарабынан жасалган кыйноо фактыларын чагылдырып келген.

2010-жылдын 15-июнунда жергиликтүү райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Бийлик аны «массалык башаламандык уюштурууга», «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду «өлтүрүүгө» айыптаган.

Анда борборазиялык укук коргоочулар Кыргызстандын ал кездеги президенти Роза Отунбаевага жолдогон кайрылууларында Аскаров кармалардан бир аз мурун башамандыктардын курмандыктары тууралуу маалыматтарды топтоп, талоончулук фактыларын документтештирип, видеого түшүрүп жүргөндүгүн жазышкан.

Аскаровдун өкүлдөрү Kloop.kgге курган маектеринде ал документтер менен түшүрүлгөн видеолор укук коргоочунун үйүн тинтүү маалында милиция кызматкерлери тарабынан алынган деген божомолдорун айтышкан. Анын жактоочулары тергөөнүн жүрүшүндө укук коргоочуга карата кыйноо ыкмалары пайдаланылгандыгы тууралуу бир нече жолу билдиришкен.

2010-жылдын аягында Аскаров Базар-Коргон райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган, а бир жылдан соң райондук соттун ал чечимин Кыргызстандын Жогорку соту күчүндө калтырган.

Кыргызстандын жана эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгуу жана ага карата чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылышкан.

2015-жылдын июнунун башында Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө укук коргоочу «Бир дүйнө» уюму укук коргоочу 2011-жылы эле билдирген ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, аны бошотуу талабы менен өлкө жетекчилигине жаңы кайрылуу жолдогон.

Тарткан жана монтаждаган: Темирлан Акимтеги жана Тилек Бейшеналиев.