Жол кайгуул кызматы мекеменин инспекторлору жол эрежелерин бузган айдоочулар сунуштаган параны алуудан баш тартып жаткандыктары тартылган видео таратты.

Милиция кызматкерлери жол эрежелерин бузган айдоочулар ЖКК инспекторлоруна пара сунуштап жаткандыктары тартылган учурларды жашыруун камерага тартып алышкан — аны жол активисттерине «жооп» деп аташууда.

«ЖКК инспекторлорунун кызматтагы жашоосунан жарым саат» деген аталыштагы тасма борбордун Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган.

Видеодо жол эрежесин бузгандар ЖКК кызматкерине маселени «адамча» чечүүнү сунуштап жаткандыктары тартылган — алар пара берип, күбөлүктөрүн көрсөтүшүп, жогорку кызматтардагы тааныштарын айтып инспекторлорго таасир этүүгө аракет кылышкан.

«Байке, келиңиз чектен чыкпай эле коелу … сураныч. Мен сизден сылык суранып атам, байке. Сиз Чынгыз байкени билесиз да? […] Биз качандыр бир кезде дагы жолугабыз да, кичинекей Кыргызстанда жашайбыз го», — деген видеодо алдыңкы капталдагы айнектерин караңгылатып алгандыгы үчүн токтотулган айдоочулардын бири.

Дагы бир эреже бузган айдоочу инспекторлордун түштөнүүсүнө акча берейин деп сунуштаган.

«Келгиле, чын жүрөктөн түштөнүүңөргө акча таштап кетейин? […] Мен баламды томографияга алып бараттым эле», — деген ал.

Жол чырак кызыл күйүп турганда токтобой өтүп кеткен айдоочу инспекторго акча сунуштаган.

«Келиңиз байке, мен силерге 500 сом берем да силер мени кое бересиңер? […] Мейли, 1000 сом берем», — деп пара сунуштаган ал.

Ички иштер министрлигинин алдындагы коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн пикирлеринде, бул ролик Айбек Баратов жана Болот Ибраимов сыяктуу жол активисттерине «жооп» болуп эсептелет.

Баратов менен Ибрагимов социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын арасында айдоочулардын укуктарын коргоого арналган чуулуу видео тасмалары менен белгилүү болушкан. Алардын кээ бирлеринде ЖКК кызматкерлеринин коррупциялык айыптары ачылып, жол коопсуздук эрежелерин бузуп жаткандыктары даана көрсөтүлгөн.

Ибраимовдун 30-июнда жарыяланган видеосу ЖККнын эки инспекторунун кызматтан алынышына жана кийинчерээк аларга карата кылмыш ишинин козголушуна себеп болгон.