Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ЖККнын жарандык активист Болот Ибраимовдон пара талап кылган кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоду. Буга чейин ИИМден мекеменин жетекчилигинин кеңешмесинен кийин жогоруда аталган кызматкерлерди жумуштан кетиргендиктерин билдиришкен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) инспекторлору тарабынан 5 миң сом пара талап кылуу фактысы боюнча жеке иликтөөсүн баштады — пара талап кылуу учуру тартылган видео июндун аягында активист Болот Ибрагимов тарабынан интернетке жайгаштырылган болчу.

УКМКнын басма сөз кызматы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн «ыкчам-иликтөө иш-чараларынын» жыйынтыгында ЖКК инспекторлору активист бара жаткан автоунаанын айдоочусунан «5 миң сом өчөмүндөгү» пара талап кылгандыктары аныкталгандыгын билдирүүдө.

«[УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан] ЖККнын жогорудагы эки кызматкери тарабынан пара талап кылуу фактысы менен эки жарандын бейбаштыгынын өз ара байланышы жана шарттуу фактылары бар экендиги аныкталган», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

30-июнда жарандык активист Болот Ибрагимов ЖКК кызматкерлери анын досторунан 5 миң сом пара талап кылып жаткандыктары жана алардан эч нерсе өндүрө албай калган соң «штаттан сырткаркы» эки кызматкери менен бирге куугун уюштурушкандыгы тартылган видео жарыялаган. Бул окуя ЖККнын дарегине карата көптөгөн сын-пикирлерди жараткан.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, буга байланыштуу тергөө бөлүмү ЖККчыларга каршы «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «пара талап кылуу» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы аларга каршы «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги алгач кызматкерлерине карата сөгүш жарыялаган, бирок коомдук сын-пикирден улам кийинчерээк мекеме аларды жумуштан кетирген.

7-июлда Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы «штаттан сырткары кызматкерлердин бири» Азирет Арызов кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынгандыгын билдирген. Азырынча видеодогу экинчи каарман укук коргоо органдары тарабынан кармала элек.