Активист Болот Ибрагимов 28-июнда түн ичинде ЖКК кызматкеринин пара талап кылуу аракетин видеого тартып алган. Ички иштер министри Мелис Турганбаев бул окуянын иликтенишин жеке көзөмөлүнө алды.

ИИМ башчысы Жол кайгуу кызматынын (ЖЖК) кызматкеринин пара талап кылгандыгы фактысынын объективдүү иликтенишин жеке көзөмөлүнө алды. Инспектордун пара талап кылуу аракети тартылган видео интернетте 30-июнда пайда болгон.

«Окуянын бардык жагдайын тактоо үчүн кечээтен бери ИИМ кызматкерлери тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Алардын жыйынтыгы менен окуяга байланышы бар ар бир кызматкердин аракетине укуктук баа берилет», — деп билдиришти ИИМден.

Активист Болот Ибрагимов ЖКК кызматкеринин пара талап кылуу аракетин видеого жана аудиого жаздырып алып, аларды интернетке жайгаштырган.

Бишкектин Жол кайгуул кызматынын башчысы «Спутник» басылмасына берген маегинде видеогулар Бишкек ШИИБсинин ЖКК кызматкерлери болушу мүмкүн деп болжолдогон.

Жол инспекторлору Ибраимов отурган унааны 28-июнь күнү түн ичинде токтотушкан.

«Биздин айдоочу документтерин таппай калгандыгы үчүн ЖКК кызматкери андан 5 миң сом сурагандыгын видеого тартып алганбыз. Акыры текшерүү үчүн бардык тиешелүү документтер (унаа каражатынын катталгандыгы тууралуу күбөлүк, айдоочулук күбөлүк, салык төлөнгөндүгү тууралуу дүмүрчөк) ЖКК инспекторуна көрсөтүлдү», — деп жазган активист.

Ибрагимовдун айтымында, андан кийин «жарандык кийимчен белгисиз адамдар» «чыр чыгарууга чагым кылышкан».

«Андан соң биз кеттик, артыбызга болсо ак түстөгү Мерседес, В7007Х түштү. Анын айнектери толугу менен караңгылатылган экен. Анда айдоочусу менен жүргүнчүсү жана инспектор болгон. Алар бизди кубалап жетип, алдыбызды тосуп токтотуп, арткы жана алдынкы номурларыбызды алып кетишти», — деп билдирген ал.

Болот Ибрагимов — интернеттин кыргыз сегментиндеги белгилүү активист. Ал 2014-жылдын жайында ЖКК инспекторлорунун мыйзам бузуп жактандыктарын видеого тарткандыгы үчүн алар аны сабагандыктарын билдирген болчу.

Тема боюнча: ЖКК инспекторлорунун эреже бузууларын видеого тарткан активистти милиция “сабады” [+ ВИДЕО]