Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз талаасында Азиянын чемпиону эсептелген Австралия курамасына минималдуу 1:2 эсебинде жеңилди.

КЫРГЫЗСТАН 1-2 АВСТРАЛИЯ

Голдор: Единак, 2′ (0-1); Оар, 67′ (0-2); Мирзалиев, 90+2′ (1-2).

Англиянын «Кристал Пэлэс» клубунда ойногон Майл Единак айып соккусун таамай аткарып, беттештин 2чи эле мүнөтүндө киргизген голунан улам Крестининдин командасы бир аз апкаарый түшкөндөй болду.

Бирок деңгээлиндеги айырмачылыктарга карабастан Кыргызстандын командасы беттештин көпчүлүк убактысын атаандашына басым жасоо менен өткөрдү, бирок дээрлик чабуулдарынын бардыгы тең ийгиликсиз аяктап жатты.

Оюндун 67-мүнөтүндө Томас Оар Австралиянын сейрек контчабуулдарынын биринен пайдаланып, эсепти 0:2ге жеткирди.

Бирок калыс тарабынан кошулган мүнөттөрдө Азамат Байматов чыгарылып берилген топту жакшы жөндөй алды — ал башы менен узаткан топ австралиялык коргоочулардан өтүп барып, дарбазанын алыскы бурчуна кирип кетти.

Австралия курмасынын дарбазасына гол кирип жаткан учур:

kgs-aus_040

Жеңилгенине карабастан Кыргызстан оюнду атаандашынын дарбазасына узаткан соккуларынын саны боюнча жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады, ошондой эле кыргыз футболчулары стандарттык бурчтан чыгаруу абалдарын да көбүрөөк аткарышты.

Бирок Мурзаев — Бернхардт — Землянухин байланышы жакшы көрүнгөнүнө карабастан дайыма элек натыйжалуу аракет эте берген жок.

Аталган кыргыз футболчуларынын ар бири атаандаш дарбазасынын жанында көптөгөгөн кооптуу учурларды жарата алышты, бирок алардын бири дагы гол менен аяктаган жок.

Кыргызстан курамасынын запастагы оюнчулары беттеш аяктагандан кийин талаага чуркап чыгып жатышат:

11kgz-aus_1506

Австралия курамасынын машыктыруучусу Анге Постекоглу кыргыз курамасынын оюнуна жана күйөрмандарынын реакциясына таң берди.

«Биз бул оюнда жеңишке жеткендигибизге абдан кубанычтабыз. Бул жакшы оюн болду. Силердин күйөрмандарыңардын сүрөөсүнөн улам стадиондо укмуштуудай атмосфера болду. […] Силердин команда өзүн аябай жакшы көрсөттү», — деди ал.

Кыргызстандын курамасынын машыктыруучусу Александр Крестининдин айтымында, атаандашынын дарбазасын көздөй узатылган соккулардын көп болгону менен командага жолунун болушу жетишпей калды.

«Албетте, жыйынтыгына капаланып жатабыз. Бүгүн биздин бир аз жолубуз болбой калды, соккулар көп болду, а дарбазага таамай тийбей гол жаралган жок», — деди ал.

Азия чөлкөмүндөгү топтук тандап алуу бөлүгүнүн эки күнүнөн кийин Кыргызстан В тобунда экинчи орунга жайгашты.

Күндүн башка оюнунда Тажикстан менен Бангладеш курамалары тең чыгып, бирден упайга ээ болушту.

2018-жылкы Дүйнөлүк чемпионатка топтук тандап алуу оюндарынын B тобу. Оюндар өткөн эки күндүн жыйынтыгы:

Иордания, 1 оюн, 3 упай, топтордун айырмасы +2
Кыргызстан, 2 оюн, 3 упай, +1
Австралия, 1 оюн, 3 упай, +1
Тажикистан, 2 оюн, 1 упай, -2
Бангладеш, 2 оюн, 1 упай, -2

Командалардын старттык курамы:

КЫРГЫЗСТАН:

16. Кашуба (дарбазачы), 2. Кичин, 4. Тэго, 6. Майер, 7. Байматов, 10. Мурзаев, 19. Люкс, 20. Дуйшебеков, 21. Мусабеков, 22. Землянухин, 23. Бернхардт.

АВСТРАЛИЯ:

1. Райан (дарбазачы), 2. Франьич, 4. Кэхилл, 5. Миллиган, 6. Спиранович, 7. Леки, 13. Бехич, 14. Троизи, 15. Единак, 16. Бёрнс, 22. Уилкинсон.

Текст түрүндөгү түз баяндоо:

(function() {
var lb24 = document.createElement('script'); lb24.type = 'text/javascript'; lb24.id = '24lbScript'; lb24.async = true; lb24.charset="utf-8";
lb24.src = '//v.24liveblog.com/embed/24.js?id=1295161';
(document.getElementsByTagName('head')[0] || document.getElementsByTagName('body')[0]).appendChild(lb24);})();

Командалардын толук курамы:

Кыргызстан

  1. Павел Матяш, дарбазачы, "Алга"
  2. Валерий Кичин, коргоочу, "Тюмень" (Орусия)
  3. Талант Самсалиев, коргоочу, "Дордой"
  4. Даниэль Тэго, чабуулчу, "Дордой"
  5. Курсанбек Шератов, коргоочу, "Дордой"
  6. Виктор Майер, чабуулчу, "СВ Меппен" (Германия)
  7. Азамат Байматов, коргоочу, "Дордой"
  8. Азиз Сыдыков, жарым коргоочу, "Дордой"
  9. Тамирлан Козубаев, чабуулчу, "Алга"
  10. Мирлан Мурзаев, чабуулчу, "Дордой"
  11. Вадим Харченко, жарым коргоочу, "Дордой"
  12. Руслан Амиров, дарбазачы, "Алга"
  13. Марат Аджиниязов, коргоочу, "Дордой"
  14. Павел Сидоренко, жарым коргоочу, "Алга"
  15. Турсунали Рустамов, жарым коргоочу, "Алга"
  16. Валерий Кашуба, дарбазачы, "Худжанд" (Тажикстан)
  17. Ильдар Амиров, чабуулчу, "Алга"
  18. Алмазбек Мирзалиев, чабуулчу, "Дордой"
  19. Виталий Люкс, чабуулчу, "Нюрнберг II" (Германия)
  20. Бахтияр Дуйшебеков, чабуулчу, "Абдыш-Ата"
  21. Фархат Мусабеков, чабуулчу, "Абдыш-Ата"
  22. Антон Землянухин, чабуулчу, "Раднички Ниш" (Сербия)
  23. Эдгар Бернхардт, чабуулчу, "Видзев Лодзь" (Польша)

Австралия

  1. Мэтью Райан, дарбазачы, "Брюгге" (Бельгия)
  2. Иван Франьич, коргоочу, "Мельбурн Сити"
  3. Джэйсон Дэвидсон, коргоочу, клубу жок
  4. Тим Кэхилл, чабуулчу, "Шанхай Шеньхуа" (Кытай)
  5. Марк Миллиган, жарым коргоочу, "Мельбурн Виктори"
  6. Мэтью Спиранович, коргоочу, "Вестерн Сидней Уондерерс"
  7. Мэтью Леки, чабуулчу, "Ингольштадт" (Германия)
  8. Бэйли Райт, коргоочу, "Престон Норт Энд" (Англия)
  9. Томи Юрич, чабуулчу, клубу жок
  10. Оливер Бозанич, жарым коргоочу, "Люцерн" (Швейцария)
  11. Томас Оар, чабуулчу, клубу жок
  12. Митчелл Лангерак, дарбазачы, "Боруссия Дортмунд" (Германия)
  13. Азиз Бехич, коргоочу, "Бурсаспор" (Түркия)
  14. Джэймс Троизи, чабуулчу, "Ювентус" (Италия)
  15. Майл Единак, жарым коргоочу, "Кристал Пэлэс" (Англия)
  16. Натан Бёрнс, чабуулчу, "Веллингтон Феникс" (Жаңы Зеландия)
  17. Мэттью Маккей, чабуулчу, "Бризбен Роар"
  18. Юджин Галекович, дарбазачы, "Аделаида Юнайтед"
  19. Даниэль Де Сильва, чабуулчу, "Рома" (Италия)
  20. Томислав Мрчела, коргоочу, "Локомотива" (Хорватия)
  21. Тарек Элрич, коргоочу, "Аделаида Юнайтед"
  22. Алекс Уилкинсон, коргоочу, "Хёндэ Моторс" (Корея)
  23. Крис Икономидис, чабуулчу, "Лацио" (Италия)
Тема боюнча:

Курамалардын мелдеш алдындагы машыгуулары;
Курамалардын оюн алдындагы маалымат жыйыны;
Австралиялык фанаттын беттеш тууралуу маеги;
Кыргызстан-Австралия беттешине билеттер ортомчулар тараптан сатылууда.
Президенттин кыргыз курамасына ийгилик каалоосу.
Башкы сүрөттө: Кыргызстан курамасынын жарым коргоочусу Вадим Харченко.