Австралиялык Тоби Макгетиган Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу беттешинде өз өлкөсүн колдоо үчүн Кыргызстанга келди. Ал Kloop.kgге берген маегинде өзүнүн фанаттык тажрыйбасы жана Кыргызстан кандай таасирлерди калтыргандыгы тууралуу айтып берди.

Тоби Австралиядан Кыргызстанга 35 саатта учуп келгенин жана ал үчүн 1300 АКШ долларын короткондугун айтты. Австралиялык фанат өлкөдө он күн болуп, ал убакыттын ичинде Кыргызстандын тоолору менен Ысык-Көлдө болууну пландап жатат.

Кыргызстанга келгенге чейин Тоби футбол күйөрманы катары австралиялык жана чет өлкөлүк бир топ шаарларда болгон.