Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цай расмий кассалар жабылгандан кийин Кыргызстан менен Австралия курамаларынын беттешине билеттерди алып сатуу процессин видеого тартып алды.

Владимир Цайдын айтымында, 16-июнь күнү эртең менен алып сатарлар билеттин баасына орточо эсеп менен 200 сомдон кошуп сатып жатышат. Билеттердин орточо баасы 300-500 сом. Алып сатарлардын өзүлөрү оюнга билеттер кассаларда дагы, Футбол федерациясында дагы жок экенин айтып жатышат.

«Спартак» стадионунун расмий кассасы жабык болуп чыкты. Бирок билет сатып алууну каалган ондогон күйөрмандар стадион тарапка барууларын улантып жатышат.

Кыргызстандын Футбол федерациясынан билеттердин алып сатылышы боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Федерациянын басма сөз катчысы Теңгелбес Мусаев Kloop.kgге берген маегинде оюнга билеттерди Футбол федерациясынын кеңсесинен сатып алууга болорун билдирди.

«Билеттерди канчадан сатып алуу бул силердин тандооңор: жогорулатылган баада же чыныгы баасында. Биз билеттерди 150 сомдөн 500 сомго чейин сатып жатабыз», — деди ал.