«Курманжан датка» тасмасынын режиссеру Садык Шер-Нияз Kloop.kgнин кабарчыларына тасмага бөлүнгөн 1,5 млн АКШ доллары кандайча сарпталгандыгын айтып берди. Буга чейин тасманын жаратуучуларын өтө көп каражат коротууга айыптагандар болгон.

Маектин кыргыз тилиндеги котормосу. Баяндоо Шер-Нияздын атынан жүрөт:

Мен режиссер эмес эле бухгалтер болуп баратам. Бирок силердин ушунчалык билгиңер келип жаткандан кийин... Биздин бюджет — бул 1 млн 400 миң доллар.

200 миңге чукул каражатка биз «Кыргызфильмге» техникаларды сатып алдык, анткени совет убагынан бери эч кандай техника сатылып алынган эмес.

Менин оюмча, келечекте ал техника менен бардык кинематогрфисттер дагы 10-15 жыл жөн эле пайдаланышат.

Дагы 200 миң доллар тасманын постпродакшны үчүн жумшалды — мисалы, бул учурда Санкт-Петербургда жасалып жаткан маалыматтар, үн кошуп жаздыруулар, жарыктарын тууралоого.

Миллион калууда.

Жакшылап эсептеп жатасыңарбы?

Анын 100 миң долларын каскадерлорго төлөдүк, анткени анда куралдар, кылычтар менен тартылган чоң сценалар болгон. Кудай сактасын, кокустук болуп кимдир бирөө туура эмес жыгылып калса — тасма толугу менен болбой калмак.

Кыргыз Республикасынын мыкты каскадерлор мектеби ал коюлган чоң милдетти аткара алышты, биз алар менен сыймыктансак болот.

900 миң доллар калууда.

Алардын ичинен биз болжол менен 100 миңин салыкка төлөдүк. Ооба, силер таң калбагыла. Салыктар бар, чоң массовканы чогултканыбызда канча бир бөлүгүн Соцфондго которобуз.skyui-07.08.2014-130406800 миң доллар калып атат — ал 40 миллион сомдой.

Силерге бир эпизод тууралуу айтып берейин.

Ош шаары. Дарга асуу сценасы. 700 киши. Жай, күн ысык. Дээрлик 40 градуска жетет.

Биз аксакалдарды алып келдик. Ар бирине миң сомдон. Анан ага кошумча түштөнүү, кечки тамак уюштурдук — ошондо болжол менен 1300-1400 сомдон болууда.

Биз массовка үчүн эле миллион төлөйбүз. Беш күн тартабыз — бул массовка үчүн 5 миллион. Бул 100 миң доллар.

Анан дагы жылкылар, жаныбарлар, Сулайман-Тоонун фонунда койгон жасалгалоолор. Андагы дарга асуу сценасына эле 7-8 миллиондой сом кетти — бул болжол менен 200 миң доллар.skyui-07.08.2014-130600Анан 40 миллиондун канчасы калууда? Мисалы, 30 миллион сому жолборско, башка чоң эпизоддорго, курал-жаракка кетти.

Мисалы, 200 орус аскери. Тасмада аларды санап чыкса да болот. Аларга кийим-кече, бут кийим керек да. Биз аларга фуфайке кийгизип кое албайбыз. Алар үчүн атайын костюмдарды тигип, мылтыктарды даярдашыбыз керек. Аскерлердин костюмдарына эле 2 миллион рубль кетти.

Бул балдардын жеңиши жана анда иштеген топтун фанаттык берилгендиги болду.

Эгер ошондой күчтүү уюштуруучулук потенциал, ишеним, фанаттык берилгендик болбогондо, азыр ал тасманы 3 миллион долларга да тартууга мүмкүн болбойт болчу.

Бул жөн гана кинематографисттердин каалоосу болду. Анткени кыргыз кинематографистине мындай акчаны биринчи жолу ишенип беришти.skyui-07.08.2014-130855Кинематографисттердин бардыгы тең — улуусу да, кичүүсү да — колдорунан келишинче жардам беришти. Кеңештерин берип, текстерди оңдоодо, сценарий жазууда, актерлорду тандоодо да жардамдашышты.

Бул тасма мына ушинтип гана тартылды.

Мисалы, жакында эле казактар массовка жагынан да, тарыхый маанилүүлүгү жагынан да «Миң бала» деген тасманы 12 миллион долларга тартышты. Ага чейин алар «Көчмөндөрдү» 40 миллион долларга тартышкан. Бирок баары бир силер сыяктуу журналисттер келип, акчанын каякка сарпталганын сурашат.

Ал акчалар тууралуу биз буга чейин канча жолу жаздык да, канча айттык.

Бирок баары бир 70 миллион деген кызыгууну жаратып, дагы бөлүшүүгө жетишүү керек болгондой абдан көп акча сыяктанат.

Анан баарына эле бул жакта адамдар ал акчаларды үйлөрүнө алып кете албай, каптар менен жүрүшкөндөй сезилет.

Жок.

Бул кенедей эле акча, кинематография үчүн уяттуу эле акча.

Эгер «Айтыш» коомдук кору, «Айтышфильм» киностудиясы, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген аппаратуралары, «Айтышфильмдин» командасы жок болгондо бул тасманы тарта алмак эмеспиз.

Алар орточо эсеп менен 5 миң сомдон алып жатышты.

Азыр жаштардын баары эле 100 долларга иштегиси келбейт. А мына адамдар 100 долларга иштеп, тасма жаратып атышат.

Тема боюнча«Курманжан датка» тасмасынын финалдык постери тандалды

Авторлор: Биктиса Мэтисон жана Хлоя Гейне