Саясатчы менен режиссер «Курманжан датка» тасмасынын бюджети боюнча талашууда

Мурунку дипломат Адил Турдукулов өлкө бюджетинен чоң суммадагы каражат жумшалгандыгын айтып, «Курманжан датка» тасмасынын жаратуучуларын сынга алды. Тасманын режиссеру саясатчынын билдирүүсүн «ойлонулбаган» билдирүү деп атады.

Турдукулов Алай ханышасы жөнүндөгү тасманын бюджетинин өтө чоң экендигин айтып, анын жаратуучуларын сынга алып, режиссеру Садык Шер-Ниязды «алдамчы» жана «лоббист» деп атады.

Ал патриоттук тасма мамлекет үчүн мынчалык көп суммадагы каражатка турбашы керек жана киреше алып келбей койбошу керек деп эсептейт — тасманы тартууга өлкө бюджетинен 70 миллион сом (дээрлик 1,5 миллион доллар) бөлүнгөн.

Турдукулов тасма жаратуучулары прокаттан кеминде 10 миллион сом табуу ниети тууралуу билдиргенден кийин аларды «уяты жок» деп атады. Аталган сумма тасманын бюджетинин 15 гана пайызын түзөт.

«Патриоттуулукту көтөрүү» демиш болуп бюджеттен өтө көп каражат ала алышты, эми азыртадан эле «силердин акчаңарды кайтарып бербейбиз, алар жөнүндө унуткула» дегенсип жатышат. Силер партиот эмес, алдамчысыңар», — деп жазган мурунку дипломат өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Анын айтымында, жеке адамдардын акчасына тартылып, өзүн актаган «Салам, Нью-Йорк» жана «Бишкек, мен сени сүйөм» деген акыркы жылдарда тартылган кыргыз тасмалары — кыргыз кинолорунун бир эле маалда коммерциялык да, патриоттук да боло алаарынын мисалы.

«Бул долбоор лоббист режиссер Шер-Нияздын, ошондой эле президент баш болгон бюджеттен акча бөлүүгө уруксат бергендердин бардыгынын катышуусундагы чоң алдамчылык. Ал чыгымдардын бардыгын тең Эсеп палатасы, керек болсо Башкы прокуратура текшерип чыгышы керек», — деп эсептейт Турдукулов.

«Искусство өзүн актабай калышы да мүмкүн»

Жооп катары тасманын режиссеру Садык Шер-Нияз Турдукуловдун айткандарын жаш саясатчы үчүн «ойлонулбай» айтылган билдирүү деп атады — анын айтымында, тасмага анын өзүн актай алаар-албасына карап баа берүүгө болбойт.

«Ар бир адам өз пикирин билдирүүгө укуктуу. Бул анын жеке пикири. Тасма чыккандан кийин башкалардын да пикирлерин угабыз. Өлкөбүздү башкара турган келечектеги саясатчылардын искусствого өзүн актай ала тургандыгы боюнча баа берип жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Мындай учурларда мен өлкөнүн келечеги үчүн тынчсызданам. Мындай риторика коом үчүн коркунучтуу», — деди режиссер Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, искусствонун өзүн акташы керектиги тууралуу айтууга болбойт — тасманы жаратуу жана анын прокаты менен ар башка адамдар алектенишет.

«Мен кинопракатчы эмесмин, а режиссермун. Менин милдетим — тасма жаратуу. Чыгармачылык топ мындай аз акчага үч жыл эмгектенип, азыртадан дүйнөгө таанылып жаткан тасманы жарата алды. Биз аны кыргыз элине көрсөткүбүз келүүдө. Менимче, эли өз баасын берет», — деди ал.

Шер-Нияз «Курманжан датка» тасмасынын бюджетин жогорулатылган деп эсептебейт. Тескерисинче, анын айтымында, 1 млн. 400 миң доллар каражатка тарыхый драма жараткандыгы менен «ар бир эле чыгармачыл топ мактана албайт».

«А лоббист тууралуу айтсам, бул тасманы көптөгөн белгилүү режиссерлорго сунуштагандыктарын ишенимдүү айта алам, бирок баш тартыш коюшкан — алар мындай акчага тарыхый драма тартуу кыйынга тураарын түшүнүшкөн. Силер коңшу Казакстанда же Орусияда кандай акчаларга тартыла тургандыгын билесиңер да», — деп кошумчалады ал.

«Курманжан датка» — мамлекеттин буйрутмасы менен тартылган Кыргызстандагы биринчи толук метраждуу тасма. Аны тартуу иштери 2012-жылы башталып, 2014-жылдын май айында аяктаган. Алгач тасманын премьерасы 2014-жылдын жаз айларына пландаштырылган, бирок кийинчерээк 31-августка жылдырылды.

Тасмада дээрлик 100 жылдык окуя — Алай ханышасынын бала чагынан тарта 96 жашына чейинки мезгил камтылган — анын ролун төрт актриса аткарат.

Тасма өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында — Ош, Талас, Ысык-Көл облустарында жана Бишкекте тартылган.

2014-жылдын августунун аягында «Курманжан датка» тасмасы Борбордук Азиядан биринчи жолу Эл аралык Монреаль кинофестивалында көрсөтүлөт — ал «Focus on World Cinema» секциясы үчүн тандалып алынган.