Видео: «Курманжан датка» тасмасынын постери интернет-добуш берүү аркылуу тандалды

«Курманжан датка» тасмасынын режиссеру Садык Шер-Нияз Kloop.kgнин кабарчыларына эң кымбат кыргыз тасмасы үчүн кайсыл постердин тандалып алыгандыгы тууралуу айтып берди.

Шер-Нияз постер боюнча чечим чыгарууда добуш берүү жолу менен сунушталган варианттардын бирин тандоого катышкан интернет колдонуучулардын пикири таасирин тийгизгендигин айтты.

«Сүрөттөр аныкталды. Бул Максат деген жаш сүрөтчүнүн постери. Билсеңер керек, постерлер интернетке жайгаштырылган, добуш берүү уюштурганбыз. Анда добуштардын 65 пайызга чукулу биринчи постер үчүн берилген», — деди Шер-Нияз.

Тасманын жаратуучулары тандаган постерлер. Жыйытыгында биринчи варианты (солдо) тандалды:datka-1024x723Постерди тандоодо Курманжан датканын жеке образы да маанилүү учурлардын бири болгон.

Режиссердун айтымында, Алай ханышасы өзүнүн «дипломаттуулугу» жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чече билгендиги менен атак-даңкка ээ болгон, ошондуктан кылычтын сүрөтү тартылган постердин варианты жарабай калган.

«Эки постер тең жаман эмес. Экинчисинде гана сүрөтчү кылыч тартып койгон. Бирок силер билгендей, Курманжан датка эч качан кимдир бирөөнө согуштук аракеттерди көргөн эмес. Ал дайыма акылы, даанышмандыгы, дипломаттуулугу, саясий абалды билүүчүлүгү менен жетишкендиктерге ээ болуп келген. Кылычтын мизинде турганда да акылдуу чечим кабыл ала алчу. Кокон, Бухара хандыктарынын убагындагы, андан кийин Орусия империясынын курамына кошулуу маалында да», — деди режиссер.

Жөнөкөй аял

Сунушталган эки посттердин кайсынысы тасманы Монреаль кинофестивалында көрсөтүп тааныштырышы керек деген «Фейсбук» коомдук желесинин колдонуучуларынын арасындагы сурамжылоо 29-июль күнү Шер-Нияздын өзү тарабынан башталган.

Анда колдонуучулардын көбү Курманжан датка кыргызстандыктардын бардыгы элестетип көнүп калган 50 сомдуктагыдай улгайып калган кезинде көрсөтүлүшү керек болчу деген пикирлерин билдиришкен.

Жооп катары Шер-Нияз Курманжан датканы ханыша боло электеги жөнөкөй аял образында көрө тургандыгын билдирген.

Солдон оңго: француз чыгыш таануучусу Поль Пелльо, Курманжан датка, анын небереси жана Маннергейм, «Алай ханышасынын» боз үйүндө
Солдон оңго: француз чыгыш таануучусу Поль Пелльо, Курманжан датка, анын небереси жана Маннергейм, «Алай ханышасынын» боз үйүндө

«Курманжан датка» — мамлекеттин буйрутмасы менен тартылган Кыргызстандагы биринчи толук метраждуу тасма. Аны тартуу иштери 2012-жылы башталып, 2014-жылдын май айында аяктаган. Алгач тасманын премьерасы 2014-жылдын жаз айларына пландаштырылган, бирок кийинчерээк 31-августка жылдырылган.

Тасмада дээрлик 100 жылдык окуя — Алай ханышасынын бала чагынан тарта 96 жашына чейинки мезгил камтылган — анын ролун төрт актриса аткарат.Тасма өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында — Ош, Талас, Ысык-Көл облустарында жана Бишкекте тартылган.