Видео: «Фридом Хаустун» кызматкерлерин Оштогу мейманканадан кантип чыгарышкан

Интернетте болжол менен 30га чукул адамдын «Фридом Хаус» уюмун «батыштын баалуулуктарын таңуулап жатат» деп айыпташып, анын кызматкерлерин Оштогу мейманканадан чыгып кетүүгө мажбур кылгандыктары тартылган видео пайда болду.

Бул 2-апрелде болгон окуя тартылган жакшы сапаттагы жарыяланган алгачкы видео.

Анда «Фридом Хаус» укук коргоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Аскат Дукенбаевдин «Ош Нуру» мейманканасына келген демонстранттардын алдына чыгып, аларды тынчтандырууга аракет кылып жаткандыгы, бирок чогулгандар укук коргоочулардан турган топту мейманканадан, андан соң Ош шаарынан чыгып кетүүгө аргасыз кылгандыктары көрүнүп турат.

Ал күнү «Фридом Хаус» мейманканада өнөктөштөрү менен жолугушуу өткөргөн.

Демонстранттар ал аракеттерин «Фридом Хаус» Кыргызстанга «батыштын баалуулуктарын таңуулап», «гейлер менен лесбияндарды пропагандалоо» менен алектенип жаткандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Дукенбаев анда укук коргоочулардын үзгүлтүккө учураган жолугушуусунун ЛГБТ-коомчулугуна эч кандай тиешеси жок экендигин билдирген.

Андан кийин укук коргоочулар жолугушууну «Интербилим» уюмунун Оштогу кеңсесинде улантууга аракет кылышкан, бирок Дукенбаевдин айтымында, демонстранттар алардын артынан жөнөшкөн.

«Биз балдар менен сүйлөшүп, “Фридом Хаус” эмне иш менен алектене тургандыгын түшүндүрүүгө аракет кылдык, бирок алар биздин сөзүбүздү бөлүп, коркута башташты, ошондуктан биз жолугушууну токтотуп, “Интербилим Ошко” барууну чечтик. Бирок алар артыбыздан аңдып келишип, жолугушууну биротоло үзгүлтүккө учуратышты», — деди Дукенбаев.

Анын айтымында, Дария Шабданова деген аял башкарган топ качан укук коргоочулар ири эл аралык уюмдун кеңсесине кирип кетишкенде гана алардын артынан ээрчибей, кетип калышкан — Дукенбаев алар баш калкалаган уюмдун аталышын ачыкка чыгарбообузду өтүнгөн.

Милиция кызматкерлери анда Дукенбаев менен анын кесиптештерин коргоого алышкан эмес.

«Милиционерлер биздин мейманканадан чыгып кетүүбүздү өтүнүштү, анткени чогулгандар мейманканага кирип келип, бүт баарын талкалай тургандыктарын айтып коркута башташкан. Коопсуздук максатында биз башка жакка кетүүнү чечтик», — деген Дукенбаев Kloop.kgге берген 2-апрелдеги маегинде.

Kloop.kgнин редакциясы ал демонстрациянын уюштуруучулары менен байланыша алган эмес.

«ЛГБТны колдобоо өтүнүчү»

Дукенбаев 2-апрелдеги акция башка адамдар тарабынан алдын ала уюштурулган болушу мүмкүн деп эсептейт. Айтымында, анткени митингдин катышуучулары анда улам-улам телефон менен башка адамдар менен сүйлөшүп жатышкан.

«Алар Юсаиддик долбоорлордун кереги жок экенин жана ЛГБТ [лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендүүлөр] тууралуу айтышты. Алар биздин ЛГБТны колдобошубузду өтүнүштү. Алардын артында кимдир бирөөлөрдүн тургандыгы көрүнүп турду, анткени алар улам-улам телефон аркылуу бирөөлөр менен сүйлөшүп атышты», — деп билдирген ал 2-апрелде.

«Фридом Хаус» уюмуна каршы жасалган ал агрессия Аскат Дукенбаевдин акыркы апталарда ЛГБТ коомчулугунун укуктарын жактап сүйлөгөн сөздөрү менен түшүндүрүлүшү мүмкүн.

Оштогу ал окуя акыркы кездерде Кыргызстанда агрессивдүү гомофобиянын бардык деңгээлде күчөшүнүн фонунда орун алган.

12-март күнү Бишкектин борборунда жүзгө чукул киши «гей-пропагандага» каршы акция өткөрүшкөн.  

Ага жооп катары парламенттин эки депутаты «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жаратуу» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жазасы каралган мыйзам долбоорун демилгелешкен. Анда мындай аракеттер үчүн эң катаал жаза катары бир жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы көрсөтүлгөн.

Өз кезегинде укук коргоочулар гомосексуализмдин Кыргызстанда 90-жылдардын экинчи жарымынан тарта кылмыш болуп эсептелбей калгандыгын эске алышып, парламентарийлердин бул аракетин кескин сынга алышкан.

Автор: Бектур Искендер