Ош: Белгисиз адамдар гейлерге каршы чакырыктары менен укук коргоочулардын жолугушуусун үзгүлтүккө учуратышты

2-апрель күнү 30га чукул киши «Ош Нуру» мейманканасына кирип барышып, «Фридом Хаус» уюмунун өкүлдөрүнүн өнөктөштөрү менен болгон жолугушуусун үзгүлтүккө учуратышты. Жүйө катары алар «гейлер менен лесбияндарды пропагандалоону» айтышкан. Бирок уюштуруучулар жолугушуу таптакыр ал жөнүндө болбогондугун айтып жатышат.

Мейманканага кирип баргандар «Фридом Хаустун» укук коргоочулары «сексуалдык азчылыктын укуктарын коргоо боюнча иш-чара» өткөрүү үчүн жолугушууга чогулгандыктарын билдиришкен.

«Фридом Хаустун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Аскат Дукенбаевдин айтымында, митингчилердин аракеттеринен улам жолугушууну уюштуруучуларга мейманканадан чыгып кетүүгө туура келген.

«Милиционерлер биздин мейманканадан чыгып кетүүбүздү өтүнүштү, анткени чогулгандар мейманканага кирип келип, бүт баарын талкалай тургандыктарын айтып коркута башташкан. Коопсуздук максатында биз башка жакка кетүүнү чечтик», — деди Дукенбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Жолугушуунун катышуучулары мейманканадан чыгып, «Интербилимдин» кеңсесин көздөй багыт алышканда демонстранттар да алардын артынан ээрчип барышкан.

«Биз балдар менен сүйлөшүп, “Фридом Хаус” эмне иш менен алектене тургандыгын түшүндүрүүгө аракет кылдык, бирок алар биздин сөзүбүздү бөлүп, коркута башташты, ошондуктан биз жолугушууну токтотуп, “Интербилим Ошко” барууну чечтик. Бирок алар артыбыздан аңдып келишип, жолугушууну биротоло үзгүлтүккө учуратышты», — деди Дукенбаев.

Анын айтымында, Дария Шабданова деген аял башкарган топ качан укук коргоочулар ири эл аралык уюмдун кеңсесине кирип кетишкенде гана алардын артынан ээрчибей, кетип калышкан — Дукенбаев алар баш калкалаган уюмдун аталышын ачыкка чыгарбообузду өтүндү.

«ЛГБТны колдобошубузду өтүнүштү»

Дукенбаев жолугушууну үзгүлтүккө учуратуу башка адамдар тарабынан алдын ала уюштурулган болушу мүмкүн деп эсептейт. Айтымында, анткени митингдин катышуучулары улам-улам телефон менен башка адамдар менен сүйлөшүп жатышкан.

«Алар Юсаиддик долбоорлордун кереги жок экенин жана ЛГБТ [лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендүүлөр] тууралуу айтышты. Алар биздин ЛГБТны колдобошубузду өтүнүштү. Алардын артында кимдир бирөөлөрдүн тургандыгы көрүнүп турду, анткени алар улам-улам телефон аркылуу бирөөлөр менен сүйлөшүп атышты», — деди ал.

Kloop.kgнин редакциясы акциянын  уюштуруучуларынын жүйөлөрүн билүү үчүн алар менен байланыша алган жок.

Кыргызстандын ИИМинин басма сөз кызматынан «Ош-Нурунун» алдына «балдардын чогулгандыктарын» ырасташты, бирок кимдир-бирөөнөн арыз келип түшмөйүнчө милиция эч кандай чара көрбөй тургандыгын кошумчалашты.

«Фридом Хаус» уюмуна каршы жасалган бул агрессия Аскат Дукенбаевдин акыркы апталарда ЛГБТ коомчулугунун укуктарын жактап сүйлөгөн сөздөрү менен түшүндүрүлүшү мүмкүн.

Оштогу бул окуя акыркы кездерде Кыргызстанда агрессивдүү гомофобиянын бардык деңгээлде күчөшүнүн фонунда орун алды.

12-март күнү Бишкектин борборунда жүзгө чукул киши «гей-пропагандага» каршы акция өткөрүшкөн.   

Ага жооп катары парламенттин эки депутаты «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жаратуу» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жазасы каралган мыйзам долбоорун демилгелешкен. Анда мындай аракеттер үчүн эң катаал жаза катары бир жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы көрсөтүлгөн.

Өз кезегинде укук коргоочулар гомосексуализмдин Кыргызстанда 90-жылдардын экинчи жарымынан тарта кылмыш болуп эсептелбей калгандыгын эске алышып,  парламентарийлердин бул аракетин кескин сынга алышкан.

Автор: Нуржамал Жаныбекова