HRW: ЛГБТ жөнүндөгү мыйзам долбоору — «басмырлоочу мыйзам долбоор»

Эл аралык «Хьюман Райтс Вотч» (HRW) укук коргоо уюму Кыргызстандын парламентин «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жаратуу» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган мыйзам долбоорунан баш тартууга чакырды.    

HRW уюму депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Курманбек Дыйканбаев тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп эсептешет.

Укук коргоо уюмунун пикири боюнча, мыйзам долбоору Кыргызстандын Конституциясын, жалпы эле адам укуктарын бузат.

«Гомосексуалдарды жек көргөн бул мыйзам долбоорунун демилгечилери тез аранын ичинде аны кайрадан чакырып алуулары керек. А башкаруучу жана саясий партиялар Кыргызстанда андай мыйзамдарда орун жок экенин ачык көрсөтүп, ага каршы чыгуулары керек», — деп жазылган уюмдун кайрылуусунда.

Мыйзам долбоорунда «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жараткандыгы» үчүн жаза каралган.

Жашы жете элек өспүрүмдөргө «жакшы пикир жаратуу» жазаны күчөтүүчү жагдай катары эсептелинет — бул үчүн мыйзам долбоорунда бир жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

ЛГБТны кысымга алуу

HRW уюмунун өкүлү Анна Кирейдин айтымында, мыйзам долбоору ансыз деле коомчулук, милиция тарабынан жасалган зомбулуктардан кыйналып жүргөн Кыргызстандагы лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендүүлөрдүн (ЛГБТ) кысымга алынуусуна алып келиши мүмкүн.

«Депутаттардын Кыргызстанда ушундай кылгылар келип жаткандыгы өтө таң калычтуу. Алар гей же лесбияндын өзүлөрү тууралуу билдиргенинен тарта пропаганда  деп эсептешет. [Мыйзам долбоору] — бул ЛГБТ өкүлдөрүн мындан да ачыгыраак, эркинирээк басынткысы келгендердин бардыгы үчүн тең уруксат берүүчү жашыл түс да», — деп эсептейт ал.

Кирейдин пикиринде, гейлерге каршы мыйзамдарды кабыл алууда буга чейин СССРдин курамына кирген республикалардын көбү Орусиянын артынан ээрчип жатышат. Ал белгилегендей, Орусия 2012-жылы эле аймакта, жалпы эле дүйнө жүзүндө өзүнүн идеологиялык таасирин калыбына келтирүү максатында БУУда «салттуу баалуулуктар жөнүндөгү» резолюциянын кабыл алынышын сүрөмөлдөгөн.

«Буга окшогон мыйзам долбоорлору Армения менен Украинада болгон. Мындай тенденция азыр бүткүл дүйнөдө байкалууда. Бирок аймактагы ушуга окшогон мыйзам долбоорлору балдарды «салттуу эмес байланыштарды пропагандалоодон» «коргоого» багытталган болсо, Кыргызстандыкы кыйла эле көп чектөөлөрү бар, кыжырды келтирген мыйзам долбоору болууда», — дейт Кирей.

«Балдарды коргоо»

Ал ортодо мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Курманбек Дыйканбаев укук коргоочуларга мыйзамдын Кыргызстандын Конституциясына дагы, адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияларга дагы каршы келбестигин жана анын балдарды маалыматтык талаада коргоого гана багытталгандыгын далилдеп бере тургандыгын убадалоодо.

«Бул жерде кеп адаттан тыш сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу жөнүндө гана болуп жатат. Бүгүнкү күндө ата-энелери жумушка кеткенде балдар үйүндө эркин калып жатышат, алардын алдында сыналгы, интернет жана башка маалымат булактары бар [...] Балдардын аң-сезими калыптана элек да, алар жарнамалардын азгырыгына көнүп кетүүлөрү мүмкүн», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Дыйканбаев алар демилгелеген мыйзам долбоору Орусияныкына окшош эмес экенин жана аны менен таптакыр байланышы жоктугун айтып, ынандырууга аракет кылды.

«Мындай мыйзамдар Европа менен Улуу Британияда бар. Өткөн жылы АКШнын Юта штатында болуп кайттым, ал жакта да мындай нерселерди пропагандалоого тыюу салынган. Ага карата дүйнөлүк коомчулук эч кандай дооматын койбой эле, эч ким АКШда демократия жок деп айтпай эле», — деп билдирди депутат.

Урук-тукумду көбөйтүү

Мыйзам долбоору «гей-прапагандага» каршы парламент имаратынын алдындагы митингден эки апта өткөндөн кийин, 26-март күнү депутаттар Зулпукаров менен Дыйканбаев тарабынан иштелип чыгып демилгеленген.

Дыйканбаев мыйзам долбоору балдарга гана тиешелүү экендигин айтып, ынандырууга аракет кылып жатканы менен долбоордун текстинде кандай гана «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жаратуу» болбосун жазага тартуу каралгандыгы жазылган. Аны менен катар Кыргызстандын бир дагы мыйзамында кандай мамиле салттуу, кандайы салттуу эместиги тууралуу таптакыр айтылган эмес.

Дыйканбаев Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде салттуу сексуалдык мамиле деп ал «аял менен эркек баш кошкондон кийин укум-тукумун көбөйтүү үчүн алектенген нерсени» эсептей тургандыгын билдирген.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо ал кылмыш болуп эсептелбеген нерсени пропагандалоо үчүн жаза колдоно турган Кыргызстандагы алгачкы мыйзам болот. Анткени гомосексуализм 90-жылдын экинчи жарымынан тарта кылмыш болуп эсептелбейт.

Автор:  Хлоя Гейне