Баткен облусундагы базар тажик соодагерлерин жоготууда

Баткен облусундагы «Самаркандак» базары тажик соодагерлери үчүн жабылды. Буга эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосундагы жаңжал жана андан кийин чек аралардын жабылышы себеп болгон. Жергиликтүү тургандардын айтымдарында, эми тажик товарлары өлкөгө аткезчилик жол менен алынып келинүүдө.

Тажикстандын Исфара шаарындагы соодагер Абдуназар Мухаммадов «Азия Плюска» берген маегинде чек арадагы жаңжалдардан кийин Баткен облусундагы «Самаркандак» базары тажик ишкерлери үчүн жабылып калганын билдирген.

Анын айтымында, бул тажик соодагерлери тарабынан «Самаркандак» базарына алынып келинген товарларга, биринчи кезекте азык-түлүккө болгон баалардын жогорулашына алып келген.

Соодагердин маалыматы боюнча, мисалы 50 килограммдык бир мүшөк ундун баасы 1300 сомдон 1800-1900 сомго чейин кымбаттап кеткен.

Тажикстан менен чектеш жайгашкан Таскыл-Арык айылынын жашоочусу Бакытбек Төрөбаев Kloop.kgге берген маегинде тажик соодагерлери «Самаркандак» базарында соода кылбай калгандыктарын ырастады.

Бирок анын айтымында, чек аранын жабылышы коңшу өлкөнүн бир катар ишкерлеринин соодаларын улантуусуна тоскоолдук жараткан эмес.

«Соодагерлер товарларды Тажикстандан «Самаркандак» базарына аткезчилик жол менен алып өтүп жатышат. Ушундай эле жол менен биздин соодагерлер тажиктер менен товар алмашып атышат», — деди Төрөбаев.

Ал азык-түлүккө болгон баалардын жогорулап кеткендиги тууралуу айтылган маалыматтарды четке какты — Төрөбаевдин айтымында, базарда тажик соодагерлеринин жок болушу андагы товарлардын баасына эч кандай таасирин тийгизбей эле.

Жолдон улам чыккан чыр

Кыргыз-тажик чек арасы 11-январдан бери, эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосундагы ок атышуудан кийин жабык бойдон калууда. Ал кагылышуунун жыйынтыгында, жалпысынан 7 киши жараат алган.

Кыргыз бийлигинин версиясы боюнча, чек арадагы жаңжал Баткен облусунун Көк-Таш айылынын жанындагы тилкеге кыргыз тараптын жол куруп жаткандыгына Тажикстандын чек арачылары нааразычылыгын билдиргенден кийин башталган.

Кыргызстан аталган унаа жол Тажикстан билдирип жаткандай талаш тилкеде эмес, Баткен облусунун аймагында курулуп жатканына ишенет.

Татаал чек аралар

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасы түзүлгөн. Ошондой эле өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында анклавдары да жайгашкан.

Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле делимитацияланбагандыгынан улам жергиликтүү жашоочулардын, кээ бирде чек арачылардын ортосунда да тез-тез жаңжалдар чыгып келүүдө.

Акыркы бир жылдын ичинде эле Ворухтун айланасында мындан башка эки олуттуу жаңжал болгон.

Өткөн жылдын апрелинде чек арага жакын айылдардын 100гө чукул жашоочусу Кыргызстандын тажик аймагын айланып өтчү жолду куруп баштаганынан улам мушташып кетишкен.

19-декабрда Ак-Сай кыргыз айылынын жашоочулары айылдашынын жайкы эс алуу курулушун Тажикстандын жарандары өрттөгөн деген шек менен ворухтуктардын өз өлкөсүнүн негизги аймагына барчу жолун тосуп алышкан.

Жаңы жылга аз күн калганда Тажикстан өзүнүн бронетанкалык куралдарын чек ара аймагына жакындаткан. Бул өз кезегинде Кыргызстандын бийлигинин нааразычылыгын жаратып, ал коңшу өлкөдөн техникасын алып кетүүсүн өтүнгөн.

Автор: Бегайым Акбарова

Сүрөттүн автору: Светлана Зеленская