Кыргыз-тажик чек арасындагы абал «жөнгө салынды»

Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстан менен болгон чек арадагы абал 14-январь күнү кечке жуук бир аз курчугандан кийин кайрадан «жөнгө салынгандыгын» билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин «жөнгө салынды» деп билдирди Кыргызстандын Чек ара кызматы.

«Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап мамлекеттик чек аралардагы абал тууралуу маселени козгоп, көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен гана чечүү зарылчылыгын билдирди. Өз кезегинде Тажикстан Республикасынын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин башчысы, генерал-лейтенант Раджабали Рахмонали абалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга даяр экендиктерин ырастап, мамлекеттик чек арада жаңжалдын күчөп кетүүсүнө жол бербөө керектигин айтты», — деп жазылган Кыргызстандын Чек ара кызматынын пресс-релизинде.

Эки өлкөнүн чек ара аскерлеринин башчыларынын ортосунда кезектеги сүйлөшүүлөр 15-январда болот.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал 14-январь күнү Тажикстан Көк-Таш кыргыз айылынын жанындагы жолдун курулушуна жол бербей, тоскоолдук кыла тургандыгын билдиргенден кийин курчуп кеткен.

Дал ушул унаа жолдун курулушу 11-январь күнү өлкөлөр ортосунда чыккан куралдуу кагылышууга себеп болгон.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы чырды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү 14-январь күнү 17:00дө башташкан. Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, жолугушууга Тажикстандын чек арачылары «толук кандуу согуштук жарак-жабдыктар менен куралданып» барышкан.

«Тажик тарап Көк-Таш – Ак-Сай унаа жолунун курулушуна жол бербей, тоскоол кыла тургандыгы жөнүндө чечкиндүү билдирди. Жолугушууга келген тажик чек арачылары толугу менен согуштук жарак-жабдыктар менен куралданып, бронежилеттерди кийип келишкен», — деп жазылган Мамлекеттик чек ара кызматынын пресс-резилинде.

Чек ара кызматы Тажикстан тараптан чабуулдун болушунан чочулап «Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо» боюнча иш-чараларды баштады.

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тараптын чек арачыларынын өкүлдөрүнүн мындай агрессивдүү аракеттери кырдаалды курчутуп, республикалар ортосундагы ынак коңшулук мамилелердин өнүгүшүнө түрткү болбой тургандыгын билдирет», — деп жазылган пресс-релизде.

Расмий Тажикстан чек арадагы абал боюнча үч күндөн бери эч кандай комментарий бербей эле.

Жолдон улам чыккан чыр

Чек арадагы абал Кыргызстан менен Тажикстан чек ара тилкелериндеги аскерлердин бардыгын чыгарып кетүү тууралуу макулдашкан күндүн эртеси эле кайрадан курчуп жатат.

Аскер бөлүктөрү  чек ара тилкелерине 11-январда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы куралдуу кагылышуудан кийин эки өлкө тараптан тең тартылган болчу. Ал жаңжалдын жүрүшүндө 7 киши жараат алган: Кыргызстан тараптан 5 жана Тажикстан тараптан 2 чек арачы жарадар болгон.

Кыргыз бийлигинин версиясы боюнча, чек арадагы жаңжал Баткен облусунун Көк-Таш айылынын жанындагы тилкеге кыргыз тараптын жол куруп жаткандыгына Тажикстандын чек арачылары нааразычылыгын билдиргенден кийин башталган.

13-январда Кыргызстандын вице-премьери Токон Мамытов бийликтин жаңжалды биринчилерден болуп тажик чек арачылары баштагандыгы тууралуу буга чейин билдирген позициясын ырастаган.

«Тажик чек ара кызматынын штаб башчысы, майор тапанчасын биздин чек арачынын башына такап, жол курууну токтоткула дегени, ага эскертүү берген биздин лейтенантты атып салганы сыяктуу тажик тараптын мындай кадамдарын кантип баалоого болот?» — деген ал жаңжалга арналган басма сөз жыйынында.

Кыргызстан аталган жол Тажикстан билдирип жаткандай талаш тилкеде эмес, Баткен облусунун аймагында курулуп жатканына ишенет.

«Тажик аскер кызматкерлери тарабынан жасалган зомбулуктун келип чыгышына «Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык» унаа жолунун тактала элек тилкеде эмес, Кыргызстандын өзүнүн аймагында салынып жатышы себеп болгону кыргыз тараптын нааразычылыгын жаратууда», — деп жазылган Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Андан сырткары Кыргызстандын бийлиги Тажикстанды миномёт менен снайперлерди пайдаланган деп да айыптады.

Бирок расмий Тажикстан окуя боюнча башкача версиясын билдирген.

«Кыргыз тарап 7-январдагы «Көкташ — Ак-Сай — Тамдык» унаа жолун куруу иштерин токтото турууга байланышкан кыргыз-тажик мамлекеттер аралык чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча жетишилген өкмөттөр аралык макулдашууларга карабастан, 11-январда жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 12:20ларда куралдуу аскер кызматкерлеринин колдоосу менен бир бөлүгү Тажикстан Республикасынын аймагы менен өткөн жолдун курулушун улантууга аракет кылды», — деп жазылган Тажикстандын ТИМинин 11-январда тараткан билдирүүсүндө.

Татаал чек аралар

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасы түзүлгөн. Ошондой эле өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында анклавдары да жайгашкан.

Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле делимитацияланбагандыгынан улам жергиликтүү жашоочулардын, кээ бирде чек арачылардын ортосунда да тез-тез жаңжалдар чыгып турат.

Акыркы бир жылдын ичинде эле Ворухтун айланасында мындан башка эки олуттуу жаңжал болгон.

Өткөн жылдын апрелинде чек арага жакын айылдардын 100гө чукул жашоочусу Кыргызстандын тажик аймагын айланып өтчү жолду куруп баштаганынан улам мушташып кетишкен.

19-декабрда Ак-Сай кыргыз айылынын жашоочулары айылдашынын жайкы эс алуу курулушун Тажикстандын жарандары өрттөгөн деген шек менен ворухтуктардын өз өлкөсүнүн негизги аймагына барчу жолун тосуп алышкан.

Жаңы жылга аз күн калганда Тажикстан өзүнүн бронетанкалык куралдарын чек ара аймагына жакындаткан. Бул өз кезегинде Кыргызстандын бийлигинин нааразычылыгын жаратып, ал коңшу өлкөдөн техникасын алып кетүүсүн өтүнгөн.

Автор: Бектур Искендер