Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу: Эки тараптын тең чек арачылары жараат алышты

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары унаа жолунун курулушунан улам  өлкөлөр ортосундагы чек арада ок атышты. Эки тарапта тең жараат алгандар бар, алардын биринин абалы оорКыргызстан тажик чек арачылары миномет колдонгондуктарын билдирип жатат

Кеминде 7 киши  жарадар болгон чек арачылардын ортосундагы жаңжал 11-январь күнү күндүз Көк-Таш кыргыз айылынын жанында болгон.

Жараат алган Кыргызстандын чек арачыларынын биринин абалы учурда оор, деп билдирди Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы. Анын дагы эки кесиптешинин абалдары ортодон төмөнүрөөк.

Өлкөлөр ортосундагы чек аранын Көк-Таш кыргыз айылы менен Ходжи-Ало кыштагынын жанындагы тилкесине Кыргызстан менен Тажикстандын 100гө чукул чек арачысы чогулушкан — ага Кыргызстандын талаштуу тилкеге жол куруп жатышына байланышкан талаш-тартыштар себеп болгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын алгачкы билдирүүсүнө ылайык, тилкенин кимге таандык экендиги боюнча кыргыз жана тажик айылдарынын жашоочуларынын ортосунда тирешүү башталгандан кийин эки тараптын тең чек арачылары Көк-Таш айылынан алыс эмес жайгашкан суу тосмосуна жакын барышкан.

Бирок «Азия-Плюс» тажик маалымат агенттиги Ходжи-Ало кыштагынын жашоочусуна шилтеме жасап, чыр чек аранын талаштуу тилкесине Кыргызстандын жол куруп жатышынан улам башталгандыгын жазган.

Ушундай эле версияны 24.kg маалымат агенттигине чек арага жакын жайгашкан кыргыз айылдарынын жашоочулары билдиришкен.

Чек ара кызматы менен Кыргызстандын жашоочуларынын билдирүүлөрүнө ылайык, биринчилерден болуп тажик чек арачылары ок чыгарышкан. «Вечерний Бишкек» гезити ал эмес ок атууну баштаган адамдын аты-жөнүн да атаган — басылмада жазылгандай, ал Тажикстандын чек ара кызматынын атайын багыттагы полковниги Ханифов болгон.

«Алгач алар жөн гана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышкан. Бирок Тажикстандын Чек ара кызматынын атайын багыттагы подполковниги Ханифов биринчилерден болуп КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын лейтенантынын курсагына ок атып жиберген», — деп жазган гезит Кыргызстандын чек ара кызматына шилтеме жасап.

Кыргызстандын чек ара кызматы 11-январь күнү кечинде тараткан пресс-релизде тажик чек арачылары минометтон да ок чыгаргандыктары кабарланган.

«Кыргызстандын Баткен облусу боюнча жана Тажикстандын Согди облусу боюнча аймактык чек ара башкармалыгынын башчыларынын жолугушуусунун жүрүшүндө тажик тарапка жарылбай калган миномёттун снаряды көрсөтүлдү», — деп билдирди Кыргызстандын чек ара кызматы.

Тажикстандын башкача версиясы

Ал ортодо «Азаттык» («Озоди») радиосунун тажик кызматы менен «Азия-Плюс» башка версияны билдирип жатышат, аларга ылайык, куралдуу жаңжалды кыргыз тарап баштаган.

«Ал жерге жетип барган тажик чек арачылары курулуш иштерин токтотууга аракет кылышкан, буга жооп кылып кыргыз чек арачылары биздин чек арачылар тарапка автоматтардан ок чыгарышкан. Жыйынтыгында эки тажик чек арачысы жаракат алышкан, учурда алар Исфара шаарынын борбордук ооруканасына жаткырылышты», — деген Ходжи-Ало айылынын жашоочусу «Азия-Плюска» берген маегинде.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз чек арачылары тажикстандык кесиптештери талаштуу тилкедеги жолдун курулушуна нааразычылыктарын билдиргенден кийин аларга карата «максаттуу түрдө жамгырдай ок жаадырышкандыгын» билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча, атышуунун жыйынтыгында Кыргызстандын чек ара аскерлигинин беш аскер кызматкери жарадар болгон. Алардын үчөөсүнө Баткен шаарында операция жасалып, калгандары жеңил жарааттарды алышкан.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги алар тараптан эки чек арачы жараат алганын билдирип жатат.

«Озоди» менен «Азия-Плюс» тажик тараптан эки аскер кызматкери жаракат алганын билдирип жатышат, бирок бул маалыматтар расмий түрдө ырастала элек.

Абалдын турукташуусу

Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, 11-январдын кечине карата чек арадагы абал турукташкан.

Кыргызстан тараптан Баткен чек ара аскерлигинин башчысы жана Тажикстан тараптан Исфара чек ара аскерлигинин башчылары жолугушуп, жаңжалды жөнгө салууга аракет кылып жатышат.

Эки тараптын вице-премьер-министрлери — Кыргызстандан Токон Мамытов жана Тажикстандан Муродали Алимардон — телефон аркылуу жаңжалды талкуулашты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, эгер зарылчылык болсо вице-премьерлер окуя болгон жерге барып жеке жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашууга келишкен

Биргелешкен көзөмөл

Жаңжал эки өлкө кыргыз-тажик чек арасындагы талаш тилкелерди биргелешип көзөмөлдөө боюнча макулдашууга келген күндүн эртеси болуп жатат.

«[Биргелешкен кайгуул] турмуштук мүнөзгө ээ чыр-чатактуу кырдаалдарды жок кылуу үчүн киргизилди», — деген вице-премьер Токон Мамытов иш сапарынын жыйынтыгы боюнча 10-январда өткөн басма сөз жыйынында.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар өлкөлөр ортосундагы чек ара тилкелеринин көбүнүн делимитация жана демаркацияланбагандынан улам келип чыгууда.

«Анткени өкмөттөр аралык комиссиялардын, жумушчу топтордун жолугушуулары болгон эмес, а эгер жумушчу топтор жолуккан болсо, алардын жолугушуулары эч кандай натыйжасыз аяктаган. Бир пикирге келе алышкан эмес», — деп түшүндүргөн Мамытов 10-январда.

Кыргызстан менен Тажикстан чек араларды делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү 20-декабрдан кийин, тегерете Кыргызстандын аймагы менен курчалган Ворух тажик анклавынын жанындагы кезектеги жаңжалдан соң тездетишкен.

Андан бери эки өлкөнүн бийлиги ортосунда чек ара маселелерин чечүү боюнча эки  жолу сүйлөшүүлөр болду.

Сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабы Бишкекте өтөт, ал январдын аягына пландалууда.

Татаал чек аралар

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасы түзүлгөн. Ошондой эле өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында анклавдары да жайгашкан.

Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле делимитацияланбагандыгынан улам жергиликтүү жашоочулардын, кээ бирде чек арачылардын ортосунда да тез-тез жаңжалдар чыгып турат.

Бүгүнкү кагылышууну кошпогондо акыркы бир жылдын ичинде эле Ворухтун айланасында эки олуттуу жаңжал болгон.

Өткөн жылдын апрелинде чек арага жакын айылдардын 100гө чукул жашоочусу Кыргызстандын тажик аймагын айланып өтчү жолду куруп баштаганынан улам мушташып кетишкен.

19-декабрда Ак-Сай кыргыз айылынын жашоочулары айылдашынын жайкы эс алуу курулушун Тажикстандын жарандары өрттөгөн деген шек менен ворухтуктардын өз өлкөсүнүн негизги аймагына барчу жолун тосуп алышкан.

Жаңы жылга аз күн калганда Тажикстан өзүнүн бронетанкалык куралдарын чек ара аймагына жакындаткан. Бул өз кезегинде Кыргызстандын бийлигинин нааразычылыгын жаратып, ал коңшу өлкөдөн техникасын алып кетүүсүн өтүнгөн.

Сүрөттө Ворух тажик анклавынын чеги, 2013-жылдын 20-декабры. "Азаттык" радиосунун сайтынан алынды

Автор: Бектур Искендер