Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы талаш тилкелерди биргелешип көзөмөлдөйт

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын талаштуу тилкелери эки өлкөнүн чек арачыларынын биргелешкен аракети менен көзөмөлгө алынат — мындай чечим вице-премьерлердин Дүйшөмбү шаарындагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кабыл алынды.

Чек аралардагы биргелешип күзөткө чыгуулар тууралуу Дүйшөмбү шаарындагы сүйлөшүүлөрдөн жаңы гана кайтып келген Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов 10-январдагы журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«[Биргелешкен кайгуул] турмуштук мүнөзгө ээ чыр-чатактуу кырдаалдарды жок кылуу үчүн киргизилди», — деди вице-премьер иш сапарынын жыйынтыгы боюнча өткөн басма сөз жыйынында.

Аны менен катар ал өлкөлөр ортосундагы чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери биротоло чечилүүдөн алыс экенин билдирди.

Анын айтымында, акыркы жети жылдан бери кыргыз-тажик, ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасынын бир дагы бөлүгү делимитацияланган эмес.

«Анткени өкмөттөр аралык комиссиялардын, жумушчу топтордун жолугушуулары болгон эмес, а эгер жумушчу топтор жолуккан болсо, алардын жолугушуулары эч кандай натыйжасыз аяктаган. Бир пикирге келе алышкан эмес», — деп түшүндүрдү Мамытов.

Чек араны биргелешип көзөмөлдөө жөнүндөгү чечим өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасында болгон бир нече жолку жаңжалдан кийин кабыл алынды.

Өз кезегинде ал жаңжалдар чек арага жакын жашаган тургундардын ортосундагы аймактык талаштардан улам келип чыккан.

Ворухтан кийин

Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү вице-премьер Токон Мамытов жүргүзүүдө. Мираида Жапарованын сүрөтү.
Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү вице-премьер Токон Мамытов жүргүзүүдө. Мираида Жапарованын сүрөтү.

Кыргызстан менен Тажикстан чек араларды делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү 20-декабрда, тегерете Кыргызстандын аймагы менен курчалган Ворух тажик анклавынын жанындагы кезектеги жаңжалдан кийин тездетишкен.

Андан бери эки өлкөнүн бийлиги ортосунда чек ара маселелерин чечүү боюнча эки  жолу сүйлөшүүлөр болду.

Кийинки жолугушуу Бишкекте өтөт, ал январдын соңуна пландалып жатат.

Мамытовдун айтымында, Кыргызстандын делегациясы параллелдүү түрдө Өзбекстан менен да ушундай эле сүйлөшүүлөрдү башташы мүмкүн.

Татаал чек ара

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасы түзүлгөн. Ошондой эле өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында анклавдары да жайгашкан.

Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле делимитацияланбагандыгынан улам жергиликтүү жашоочулардын, кээ бирде чек арачылардын ортосунда да тез-тез жаңжалдар чыгып турат.

Акыркы бир жылдын ичинде эле Ворухтун айланасында эки олуттуу жаңжал болгон.

Апрелде чек арага жакын айылдардын 100гө чукул жашоочусу Кыргызстандын тажик аймагын айланып өтчү жолду куруп баштаганынан улам мушташып кетишкен.

19-декабрда Ак-Сай кыргыз айылынын жашоочулары айылдашынын жайкы эс алуу курулушун Тажикстандын жарандары өрттөгөн деген шек менен ворухтуктардын өз өлкөсүнүн негизги аймагына барчу жолун тосуп алышкан.

Жаңы жылга аз күн калганда Тажикстан өзүнүн бронетанкалык куралдарын чек ара аймагына жакындаткан. Бул өз кезегинде Кыргызстандын бийлигинин нааразычылыгын жаратып, ал коңшу өлкөдөн техникасын алып кетүүсүн өтүнгөн.

Автор:  Мираида Жапарова