Жол кыймылын өз алдынча жөнгө салган жарандар административдик жоопкерчиликке тартылышат. Мындай билдирүүнү Бишкектин Жол кайгуул милициясы (ЖКМ) жолдогу унаа тыгынына көңүл бурбай кетип калган милиционерлерди кызматтан кетиргенден кийин билдирди.

Жол кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын начальниги Нурдин Насыров 1-апрелде борбордун жашоочусу тарабынан унаа тыгынынын өз алдынча жөнгө салынышын «бейбаштык» деп атады.

«Жарандар анын жол кыймылын жөнгө салуусуна жол бербеши керек болчу. А баланы кармап, кайсыл райондо жашаса ошол жакка алып баруу керек болчу», — деди ал.

Башкармалык башчысынын орун басары Эрлан Атантаев унаа тыгындарын жөнгө салуу менен милиция кызматкерлери алектениши керектигин билдирди.

«Эгер анда [көчөлөрдүн кесилишинде] унаа кырсыгы болсо, кырсык үчүн ал жоопкерчилик ала алмак эмес. Жолдогу кыймылды көзөмөлдөө үчүн андай укуктарга ээ болгон кызматкерлер керек. Алардан башка эч ким жоопкерчилик ала албайт», — деп белгиледи ал.

Буга чейин Жол кайгуул милициясынын башчысынын орун басары Иманалы Саркулов «эгер документтери жайында болсо» өз каалоосу менен жол кыймылын жөнгө салган баланы жумушка алууга даяр экенин билдирген.

Бишкектин жашоочусунун айтымында, ал Ахунбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишиндеги кыймылды жөнгө салып турганда анын жанынан эки ЖКМ унаасы өтүп кеткен.

Үчүнчү унаа келип токтоп, андагы милиционерлер балдардын алар менен барып түшүнүк кат жазуусун өтүнүшкөн, бирок беркилер аларды андай кадамга барбай эле коюуга көндүрүшкөн.

Кийин андагы унаа тыгынына көңүл бурбай кетип калган үч милиция кызматкери жумуштан алынган.