Жол кайгуул милициясынын башкармалыгы Тынчтык проспектиси менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа тыгынына көңүл бурбай кетип калган кызматкерлерин жумуштан алды. Ал маалда алардын милдетин жарандык адам аткарып жаткан.

Бишкек Жол кайгуул милициясынын (ЖКМ) 1-ротасынын кичи инспектору менен 4-ротасынын эки милиционери жумуштан алынды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Аларды жумуштан кетирүү тууралуу буйрукка ЖКМ кызматкерлери Тынчтык проспектиси менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа тыгынына көңүл бурбай кетип калгандыктары тартылган видео жарыялангандан кийин кол коюлду.

Ал видеодо белгисиз бала жаап жаткан жамгырга карабастан бир саат бою андагы жол кыймылын жөнгө салып турган.

Radar.kg порталы ал баладан интервью алган, анын аты-жөнү Эрланбек Богачиев болгон. Ал ага чейин жол кыймылын башка бала көзөмөлдөп турганын, бирок «тез эле суу болуп, чарчап калганын» билдирген.

Анын айтымында, ал көчөлөрдүн кесилишиндеги кыймылды көзөмөлдөп турганда анын жанынан эки ЖКМ унаасы өтүп кеткен. Андан кийин үчүнчүсү келип, Богачиевге анын атайын жабдуулар жана өзгөчөлөнүү белгилерисиз жолду көзөмөлдөө менен алектенүүгө укугу жок экенин түшүндүргөн.

«Эмнегедир интернетте мага кайгуул кызматынын унаасынын келгендиги көрсөтүлбөптүр, ошондуктан адамдарда милиция жарадык адамдын кыймылды көзөмөлдөп жатканына таптакыр көңүл бурган эмес дегендей ой калып отурат», — деген Богачиев.

Порталдын маалыматы боюнча, жумуштан дал үчүнчү экипаждын кызматкерлери алынган.

Кечээ Мамлекеттик жол кайгуул милициясынын башчысынын орун басары Иманалы Саркулов «эгер документтери жайында болсо» өз каалоосу менен жол кыймылын көзөмөлдөгөн баланы жумушка алууга даяр экенин билдирген.

Окуя 1-апрелде — Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул-күзөт кызматын бириктирген жаңы Жол кайгуул милициясы башкармалыгы түзүлгөн күнү болгон.