Президенттин 10-мартта кол койгон буйругу менен Бөкөнбай Казаков берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Анын ордуна ИИМдин башкы башкармалыгынын ыкчам-иликтөө бөлүмүнүн башчысы Улан Исраилов дайындалды.

Алмазбек Атамбаев Бөкөнбай Казаковду кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду, деп жазылган президенттин расмий сайтында.

Кийинки буйругу менен ал Корруцияга каршы күрөшүү кызматынын башчылыгына милиция органдарында иштеген Улан Исраиловду дайындады. Ошондой эле ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басарынын рангы ыйгарылды.

Буга чейин мурдагы дипломат, учурдагы оппозициялык активист Адил Турдукулов 2014-жылы Свердлов РИИБсинин начальниги кызматына, андан кийин Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын ыкчам-иликтөө иш-чаралары менен алектенген бөлүмүнүн башчылыгына дайындалганга чейин Исраилов Атамбаевдин жансакчысы болуп иштегендигин билдирген.

«Улан Исраилов дагы Атамбаевдин мурдагы жансакчысы […]. Исраилов милицияда жетекчилик кызматта бир дагы күн иштеген эмес, ал эмес ыйгарым укуктуу улук ыкчам кызматкерине чейин жеткен эмес, бирок дароо ушундай секирик жасады», — деп жазган Турдукулов.

Азырынча УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинин отставкага кетишинин так себептери айтылбай эле.

Казаковдун отставкасы 25-февралда пара алып жаткан жеринен колго түшүрүү маалында жүрөк оорусунан улам каза болгон делинип жаткан Мамлекеттик медициналык академиянын аппарат жетекчиси Абдыкарим Гапаровдун кармалышына байланышкан ызы-чуунун фонунда болууда.

Анда атайын кызматтагылар колго түшүрүү маалында Гапаров өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп жыгылганын билдиришкен. Өз кезегинде медакадемиянын кызматкерлери менен Гапаровдун туугандары анын денесинде көгала тактар табылагынын айтып чыгышкан.

Аскердик прокуратура Гапаровду колго түшүрүү операциясына катышкан кызматкерлерге каршы 9-мартта кылмыш ишин козгогон. Алар кызмат абалдарын кыянат пайдаланууга айыпталып жатышат.