Колго түшүрүү маалында каза болгон Медакадемиянын аппарат башчысынын үй-бүлөсү анын пара алып жаткандыгы тууралуу УКМКнын айыптоолорун четке кагууда. Алар атайын кызматтагылар колго түшүрүү маалында Гапаровго карата ашыкча күч колдонуп, өз кезегинде ал анын өлүмүнө алып келген деп эсептеп жатышат. 

Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкарим Гапаровдун уулу Адылбек атасынын «өмүрүн сактап калууга мүмкүн болчу» деп эсептейт.

«Ал ден соолугуна жакшы карачу. Ал турникке 16 жолу, а мен болгону 10 гана жолу тартынчумун. Анын өлүмү кимдир-бирөөнө керек болгон деген ойлор жаралууда. Анын өмүнүн сактап калууга мүмкүн болчу, бирок [атайын кызмат өкүлдөрү] дарыгерлерди өз учурунда чакырышкан эмес», — деди Адылбек Гапаров.

Гапаровдун туугандары аны колго түшүрүү аракеттеринин кесепеттери тартылган сүрөттөрдү жарыялашты.

12782171_1050329311676805_2043716789_n

12767403_1050326381677098_1606533142_n

12767533_1050326358343767_486444474_n

Абдыкарим Гапаровдун агасы Микрам Ташбеков колго түшүрүү операциясын «жапайычылык жана мыйзамдын жоктугу» деп атады.

«Биринчи ыкчам кызматтын өкүлү эмес, а тергөөчү кирип, анын пара талап кылууга шектелип жаткандыгы тууралуу айтышы керек болчу. Алар аны кыйнашкан, ал буйрутма адам өлтүрүү болгон», — деди Ташбеков.

Ал мыйзамга шилтеме жасоо менен колго түшүрүү маалында анда КММАнын өкүлү болушу керек болгондугун, бирок ыкчам топтун кызматкерлери бөлмөгө «эч кимди киргизишпей», Гапаровду бир саат бою «кыйнагандыктарын» айтууда.

Окуядан кийин медакадемиянын кызматкерлери каза болгон кесиптешинин денесинде жаңы түшүрүлгөн көгала тактар табылып, кийимдери тытылган болгонун билдиришкен — алардын пикирлеринде, бул ыкчам топ кызматкерлери тараптан зомбулук аракеттеринин болгондугун көрсөтүп турат. Кесиптештеринин айтымдарында, Гапаровдун иш бөлмөсүндөгү эмеректер сынып, кагаздар чачылган болгон.

Окуу жайдын кызматкерлеринин айтымдарында, колго түшүрүү операциясы өткөрүлгөн жерде Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын 12 кызматкери болгон, бирок аппарат жетекчиси каза болгондон кийин алар «жашырынып кетип калышкан».

Гапаровдун үй-бүлөсүнүн жактоочусу Номанжан Аркабаевдин айтымында, атайын кызмат өкүлдөрүнүн Гапаровдун жеке ишкерден пара талап кылгандыгы тууралуу ЖМКларга тараткан билдирүүлөрү «чындыкка дал келбейт».

«Биз даректер тууралуу маалымат берчү кызматка сурам жөнөткөнбүз. Андан алынган расмий маалымат боюнча, Коррупцияга каршы кызматка даттанып кайрылган делинген жаран 2010-жылы Кыргызстандан Орусия Федерациясына чыгып кеткен. Медакадемиянын маалыматтары боюнча, Епифанов Вячеслав Игоревич антчаны ижарага берүү өтүнүчү менен КММАга эч качан кайрылган эмес. Бизде ал адам чынында эле барбы же жокпу деген суроо жаралууда», — деп билдирди жактоочу.

12825454_1053893484653721_1332569720_n

12788267_1053892747987128_1200150316_n

УКМКнын басма сөз кызматы иш Октябрь райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин билдирди. Бирок Башкы прокуратура жана Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкерлери менен басма сөз кызматтары тергөөнүн чоо-жайы тууралуу эч нерсе билдиришпей эле. Азырынча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары да белгисиз.

Колго түшүрүү маалындагы өлүм

Медициналык академиянын аппарат жетекчиси Абдыкарим Гапаров 25-февралда, УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнүн аны колго түшүрүү операциясы маалында каза болгон. Атайын кызматтагылардын маалыматтары боюнча, көрүлгөн чараларга карабастан Гапаров жүрөк жетишсиздигинен улам каза болуп калган.

Гапаров кызмат абалын кыянат пайдаланууга жана пара талап кылууга шектелип жаткан. Аны кармоого «Е.С.» аттуу жарандын даттануусу себеп болгон. Ал жаран атайын кызматтагыларга Гапаров андан 30 миң сом талап кылганын билдирген.

Буга чейин КММАнын жетекчилиги окуу жайга абитуриенттерди кабыл алуудагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу иликтөө жүргүзүп жаткан журналисттер менен болгон чырдан улам Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин сынына кабылган болчу.

Текшерүүлөрдөн кийин Башкы прокуратура медакадемияга студенттердин мыйзамсыз кабыл алынгандыгы фактысын ырастап, окуу жайдын жетекчилигине карата чараларды көрүүнү сунуштаган. Учурда прокуратуранын сунушу Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу баскычында.

Видео тууралуу:

Видео аппарат жетекчиси Абдыкарим Гапаровдун кармалышы жана каза болушунан кийин КММАнын кызматкерлеринин бири тарабынан тартылган.

Иш бөлмөдө медакадемиянын кызматкерлери жана Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын телефон менен сүйлөшүп жаткан тергөөчүсү Замир Суваналиев жүрөт. Колго түшүрүү маалында анда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын 12 өкүлү бар болгон. Атайын кызматтагылардын экөөсү кесиптешин далисте күтүп турушат, калгандары имараттан чыгып кетип жатышат.

КММКнын кызматкери каза болгон Гапаровдун денесин карап жатат. Ал аны сактап калууга болбойт деп башын чайкагандан кийин тергөөчү кетип калат. Тез жардам кызматы келгенден кийинки мүнөттөрдө ал видеодо көрүнбөйт.

Тез жардам кызматынын дарыгерлери Гапаровдун денесин карап чыгышып, анын каза болгондугу тууралуу чечим чыгарышкан.