Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы пара алган деп кармалган маалда каза болгон аппарат жетекчисинин денесинде көгала тактар табылганын билдирди.

Медакадемиянын (КММА) басма сөз катчысы Абибилла Пазылов Kloop.kgге окуу жайдын каза болгон аппарат жетекчисинин кийими тытык болгонун, а анын денесинде көгала тактар табылгандыгын билдирди.

Анын айтымында, уруп-согуу белгилерин Гапаров өзүн жаман сезип баштаганда чакырылган тез жардам кызматкерлери табышкан. Медакадемиянын өкүлү аппарат жетекчисинин денесиндеги көгала тактардын сүрөттөрүн элге көрсөтө тургандыктарын убадалады.

«Биз азыр сүрөттөрдү топтоп жатабыз. Эртең [Гапаровду] акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот, андан кийин аларды силерге көрсөтөбүз», — деди Пазылов.

КММАдагылар тергөөнүн айыптоолоруна ишенбей жатышат, алар ал боюнча Гапаров жерге берилгенден кийин толук маалымат бере тургандыктарын убадалашууда.

Пазылов «Заноза» басылмасына курган маегинде Гапаровду колго түшүрүү маалында анын иш бөлмөсүнө жарандык кийимчен 10 ыкчам топ кызматкери кирип, академиянын кызматкерлерин бөлмөгө киргизбей коюшканын айткан.

«Эшиктин сыртынан биз кыйкырыктар менен сөгүнгөн сөздөрдү уктук. Биздин кызматкерлер күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө тинтүү иштерин тынч, кыйкырыктар менен коркутууларсыз өткөрүүлөрү керектигин, Гапаров эки жолу инфаркт болгонун жана жүрөгүндө көйгөйлөр бар экенин айтышкан. Бирок аларды эч ким уккан жок. Биздин бөлмөгө кирүүбүзгө ал каза болгондон кийин гана уруксат беришти», — деген ал.

УКМКнын басма сөз кызматынан бул иш менен прокуратура алектенип жатканын билдиришип, медакадемиянын басма сөз катчысынын билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Гапаровдун өлүмү фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын жана соттук-медициналык экспертиза белгиленгенин билдирди.

Медициналык академиянын аппарат жетекчиси Абдыкарим Гапаров 25-февралда, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан колго түшүрүү маалында каза болгон. Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, ал жүрөгү кармап каза болгон.

Гапаров кызмат абалын кыянат пайдаланууга жана пара талап кылууга шектелип жаткан. Аны кармоого «Е.С.» аттуу жарандын даттануусу себеп болгон. Ал жаран атайын кызматтагыларга Гапаров андан 30 миң сом талап кылганын билдирген.