Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров пара алып жаткан жеринен колго түшүрүү маалында каза болду. Бул тууралуу атайын кызматтагылар билдиришти. 

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын (КММА) аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүү маалында 25-февралда каза болду.

Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, Гапаров 30 миң өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалып, өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп койгон.

«Тез жардам кызматы келип, тиешелүү чаралар көрүлгөнү менен Гапаров каза болуп калды, болжолдуу түрдө жүрөк жетишсиздигинен улам», — деп жазылган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) пресс-релизинде.

УКМК Гапаровду кармоого «Е.С.» аттуу жарандын даттануусу себеп болгон жазган. Ал жаран атайын кызматтагыларга медакадемиянын кызматкери андан акча талап кылгандыгын билдирген.

«[Гапаров] андан академиянын аймагына күркө жайгаштырууга ижарага орун берүү үчүн 30 миң талап кылган», — деп жазган УКМК.

УКМКнын тергөө башкармалыгы кызмат абалын кыянат пайдалануу жана пара талап кылуу фактылары менен кылмыш ишин козгогон.

Азырынча окуя тууралуу башка маалыматтар белгисиз. Макала жарыяланып жаткан маалга карата медакадемиянын жетекчилиги түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болуп чыкты.

Гапаров КММАнын аппаратын алты жылдан ашык убакыт, 2009-жылдан бери жетектеп келген.

«КММАдагы коррупция»

Медициналык академиянын жетекчилиги менен Гапаровдун өзү коомчулукка бир жыл мурда, качан «Азаттык» радиосунун журналисттери менен чатакташкандан кийин белгилүү болушкан.

Анда «Азаттык+» берүүсүнүн журналисттери студенттерди окуу жайга кабыл алуудан коррупция тууралуу иликтөө жүргүзүп жатышкан. Алар академиянын ректору Ашыралы Зурдиновдон интервью алууга аракет кылышкан, бирок окуу жайдын күзөт кызматы аларды күчтөп сыртка чыгарган.

«Кабыл алуу бөлүмүндө аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров менен иш башкармалык өкүлү Мурат Сулайманов пайда болуп, видеокамера салынчу сумкада бомба бар болушу мүмкүндүгүн айтышып, алардан тез аранын ичинде камерага тартууну токтотууну талап кылышкан», — деп билдирген анда радионун продюсери Өмүрбек Сатаев «Вечерний Бишкек» гезитине курган маегинде.

Ал окуядан кийин медициналык академиянын жетекчилиги билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтери тарабынан сынга кабылган. Эки чиновник тең окуу жайдын кызматкерлеринин журналисттер менен болгон чырындагы жүрүш-туруштарын айыпташкан.

Зурдинов өз кызматкерлеринин кылганы үчүн кечирим сураган.

Кийинчерээк саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев медакадемиянын жетекчилигин бир нече текшерүүгө алгандыктарын бирок эч кандай мыйзам бузуу таппагандыктарын билдирген.