Улуу Британиянын полициясы эгер эртең «Викиликстин» негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Эквадордун элчилигинен чыкса, аны камакка ала тургандыктарын билдиришти. Ал анда үч жылдан ашык убакыттан бери жашырынып отурууга аргасыз.

Ассанж эгер БУУнун комиссиясы анын мыйзамсыз кармалып тургандыгы тууралуу Улуу Британияга каршы жазган доо арызын четке какса, анда Лондон полициясына багынып берүүгө даяр экенин билдирди. 

«Эгер эртең БУУ Улуу Британия менен Швецияга каршы иште жеңилгендигимди жарыяласа, анда мен британ полициясына багынып берүү үчүн элчиликтен жума күнү түштө чыгам, анткени андан ары даттанууга олуттуу деле мүмкүнчүлүктөр жок», — деди ал.

«Викиликстин» негиздөөчүсү британ полициясы аны кармап, андан ары Швецияга же АКШга өткөрүлүп бериши мүмкүн деп 2012-жылдан бери Эквадордун элчилигинде жашырынып жүрүүгө аргасыз.

Лондон полициясы Ассанжды элчиликтин имаратынан чыгаары менен кармай турганын билдирди, деп жазды «Рейтер» жаңылыктар басылмасы.

БУУ комиссиясы мыйзамсыз кармалып тургандыгы тууралуу Ассанждын даттануусу боюнча чечимин 5-февралда жарыялайт.

Эгер чечим Ассанждын пайдасында болбосо, анда Улуу Британиянын бийлиги аны Швецияга өткөрүп берүүгө милдеттүү болот. Анда «Викиликстин» негиздөөчүсүн зордуктоо иши боюнча айыпталып жатат.

Швед прокурорлору Ассанжды «Викиликстеги» эки волонтер-аялга асылып, аларды зордуктаган деп айыптап жатышат. Ассанж болсо волонтерлор өз каалоолору менен байланышка баргандыктарын билдирүүдө. Аялдардын өзүлөрү формалдуу доо арыз беришкен эмес.

Ассанж Швеция аны АКШга өткөрүп берет деп кооптонууда. АКШда «Викиликстин» негиздөөчүсүнө америка бийлигинин Ирак менен Ооганстандагы аракеттерин жана жашыруун документтерин жарыялоого байланыштуу тыңчылык айыбы тагылышы мүмкүн.

АКШнын жашыруун дипломатиялык билдирүүлөрү

«Викиликс» — америкалык бийликтин жүз миңдеген дипломатиялык жашыруун доументтери жарыяланган сайт, ал Ассанж тарабынан негизделген.

Сайтка чыккан эң резонанстуу материалдардын бири — америка аскерлеринин 2007-жылы Ирактагы тик учак менен жасаган чабуулу тартылган видео, анда эки журналист жана бир канча жарандык адамдар каза болушкан.

Видеого ылайык, америкалык AH-64 Apache тик учагы Багдаддын четинде бара жаткан ирактыктардын тобун аткылаган, аскерлерге алардын экөөсүнүн колунда курал бар сыяктуу көрүнгөн.

Ал адамдардын арасында «Рейтер» басылмасынын эки журналисти бар болгон, алардын колдорундагы фотокамералары авиатранспорттун экипажы тарабынан гранатомет катары көрүнгөн.

Тема боюнча: «Викиликс» сайтындагы Кыргызстанга байланышкан маалыматтар

Ал чабуулдун видеосу коомчулукка АКШ армиясынын катардагы жоокери Брэдли Мэннингдин жардамы менен жеткиликтүү болгон. Ал видеону 2010-жылы «Викиликс» веб-сайтына берген.

Ошондой эле ал видео менен катар сайтка АКШ өкмөтүнүн жүз миңдеген жашыруун документтерин берген. Алардын арасында АКШнын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү элчиликтери менен Вашингтондогу Мамдепартаменттин жазышуулары да бар болгон.