«Викиликс» веб-сайты АКШнын дүйнөдөгү элчиликтеринин 250 миңден ашык дипломатиялык жашыруун билдирүүлөрүн басып чыгаргандан кийин дүйнөгө белгилүү болгон. Kloop.kgнин редакциясы «Викиликс» тарабынан басылып, ачыкка чыгарылган маалыматтардын Кыргызстанга байланыштууларынын негизгилерин жарыялайт.

Садыркуловдун АКШнын элчиси менен жашыруун жолугушуусу:

Кыргызстандагы эң резонанстуу окуялардын бири — президент Курманбек Бакиевдин мурунку аппарат жетекчиси Медет Садыркуловдун 2009-жылдын мартында каза болушу тууралуу маалыматтар АКШнын Кыргызстандын элчилигинин дипломатиялык жашыруун билдирүүлөрүнөн табылган.

Ал жашыруун материалдарга ылайык, Садыркулов каза болооруна аз калганда Бакиевдин бийлигин кулатууну пландаган, бирок көп өтпөй унаа кырсыгынан каза болгон, версиялардын бири боюнча, кырсык ал кездеги президенттин бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев тарабынан атайын уюштурулган.

Садыркулов каза болооруна аз калганда бийликти кулатуу боюнча пландарын Гфеллерге айткан.
Садыркулов каза болооруна аз калганда бийликти кулатуу боюнча пландарын Гфеллерге айткан.

Садыркулов АКШнын Кыргызстандагы мурунку элчиси Татьяна Гфеллер менен болгон жолугушуусунда Бакиевдин бийлигин кулатуу боюнча пландарын айткан, бирок «Викиликс» сайтына басылып чыккан жашыруун материалдарга ылайык, дипломат өлкөдөгү бийликти алмаштырууну каржылоодон баш тарткан.

«Эгер элчи Садыркуловдун жан жөкөрлөрү менен жолугушуусун уланта берсе ал муну АКШнын Бакиев бийлигин кулатууга макул болгону деп түшүнүп, финансылык жардам күтүп калат», — деп жазылган Бишкектеги эчиликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле дипломатиялык жашыруун билдирүүлөрдөн Бакиевдин мурунку аппарат жетекчисинин эмне себептен президенттин үй-бүлөсүнө каршы чыккандыгы белгилүү болгон — Садыркулов Гфеллерге өлкө башчысынын бир тууганы Жаныштын «баш кесер» экенин эми түшүнгөндүгүн айткан.

Кыязы, Садыркуловдун оюна мындай мүнөздөмө атайын кызматтагылардын башында турган Жаныш Бакиев 2007-жылдын 31-декабрында ага адамдын кесилген кулагы менен манжаларын берип жибергенден кийин келсе керек.

«Садыркулов президент Бакиевди бир туугандары менен ач көз уулу Максимден алыстатууга аракет кылгандыгын, бирок Бакиев ага карабастан өз үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгында иштөөсүн улантып жаткандыгын айтты», — деп жазган Гфэллер Садыркулов менен жолуккандан кийин.

Кыргызстандыкты атып салган америкалык жоокердин иши тууралуу:

2006-жылдын декабрында Кыргызстандын жараны Александр Ивановду атып салган америкалык аскер кызматкери Закари Хэтфилддин ишинин материалдары «Викиликс» тарабынан 2010-жылы басылып чыккан.

Америка бийлигинин 2009-жылдын июлунда жөнөткөн жашыруун билдирүүсүндө окуя боюнча Кыргызстандын бийлигине кандай кабар бериш керектиги жөнүндө жазылган АКШнын Кыргызстандагы элчилигине жөнөткөн нускамасы бар болгон.

Хэтфилдге карата «административдик чара» көрүлгөн, бирок көрүлгөн чаралар тууралуу жашыруун билдирүүдө эч нерсе жазылган эмес.

«Кенже сержант Хэтфилддин командири ага карата кесепеттери көпкө чейин тие турган жана анын карьерасына терс таасирин тийгизчү олуттуу административдик чараларды көрдү», — деп жазылган ал билдирүүдө.

Бирок Хэтфилддин иши аскердик сотко жөнөтүлгөн эмес.

Максим Бакиев — АКШнын өнөктөшү:

«Викиликс» сайтына басылып чыккан дипломатиялык жашыруун билдирүүлөргө ылайык, АКШнын Кыргызстандагы мурунку элчиси Татьяна Гфэллер президенттин уулу Максим Бакиев менен бир нече жолу жолуккан.

АКШ бийлиги «коррупциялашкан» Максим Бакиевди өнөктөш катары көргөн.
АКШ бийлиги «коррупциялашкан» Максим Бакиевди өнөктөш катары көргөн.

Жолугушууларынын биринде америкалык дипломат менен Максим Бакиев 2006-жылдын декабрында «Манас» аэропортундагы америка авиабазасында атылып өлтүрүлгөн кыргызстандык Александр Ивановдун өлүмүнөн кийин начарлап кеткен кыргыз-орус мамилелерин талкууга алышкан.

«Бакиев орусиялыктар Марина Иванова [каза болгон жарандын аялы] менен жолугуп, аны ММКларга чыгып АКШнын дарегине айыптоолорду айтуу менен Американын базасы жабылсын деген чакырыктарды жасоого көндүрүүгө аракет кылгандыктарын айтты», — деп жазылган элчиликтин отчетунда.

Аны менен катар Максим Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын байланыш каналдарын «тосуп алып, окуй ала турган» эксперттери бардыгын айтып, мактангандыгы кабарланган.

Элчи «көптөгөн булактарына» таянып, жашыруун билдирүүсүндө президенттин уулу «коррупциялашканын» жана «атасынын статусуна таянып үлүштүк кирешелерди алып турганын» жазган. Бирок ошентсе да Гфэллер аны «АКШ өкмөтүнө пайда алып келе турган» потенциалдуу өнөктөш катары эсептеген.

«Максим Бакиевдин өкмөттөгү саясатчылардын ири катмарына таасири бардыгы ачык эле көрүнүн турат. Алар менен болгон мамилени этияттык менен өнүктүрүш керек болгону менен биз алардын АКШ өкмөтүнө маанилүү үлүштүк киреше алып келээрине ишенебиз», — деп жайынтыктаган элчи отчетун.

Максим Бакиевдин атасын көздөй ок чыгарышы:

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин «Викиликс» тарабынан ачыкталган жашыруун жазышууларындагы маалыматтар боюнча, 2009-жылы президенттин үй-бүлөсү менен кичүү уулунун ортосундагы мамилелер начарлап кеткен.

Курманбек Бакиев эл алдында уулу жөнүндө эч качан жаман айтчу эмес
Курманбек Бакиев эл алдында уулу жөнүндө эч качан жаман айтчу эмес

Себептердин бири – президент Бакиевдин жаңы аялы менен болгон романтикалык мамилелеринин ачыкталышы болгон.

Дипломатиялык жазышуулардын биринде Максим Бакиевдин апасы Татьянанын ар намысын коргоп, атасына карай ок чыгаргандыгы, андан кийин Курманбек Бакиев дарылануу үчүн Германияга барып келгендиги жазылган.

Бирок Курманбек Бакиев эл алдында уулунун дарегине карата эч качан жаман сөздөрдү айтчу эмес. Ал эмес тескерисинче, Максимди күн мурун премьер-министрликке даярдап келген.

Атасынын ишендиришинче, Максим Бакиев өлкө башчысы боло алмак эмес. Ал үчүн мамлекеттик тилде сүйлөп, ал тилде өз оюн билдире алыш керек болчу, а президенттин уулу кыргызча билчү эмес.

Кыргызстандагы «Манас» Транзиттик жүк ташуу борборун сактап калуу үчүн берилген акча:

2009-жылдын февралында мурда «Манас» авиабазасы катары белгилүү болгон учурдагы «Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун жабылып калуу коркунучу жаралган.

Анда Кыргызстандын бийлиги авиабазаны ошол эле жылдын жайына карата чыгара тургандыгын убадалаган болчу, бирок кийинчерээк ал чечимин өзгөртүп койгон.

Бир жылдан кийин «Викиликс» сайтына басылып чыккан америкалык дипломаттардын жашыруун жазышууларынан авиабаза АКШ тараптан Кыргызстанга берилген каржылык жардам көбөйтүлгөндөн кийин калтырылгандыгы белгилүү болгон.

Максим Бакиевдин Ысык-Көлдөгү кечеси:

Жашыруун билдирүүлөргө ылайык, Максим Бакиевдин 2009-жылдын июнунда, Ысык-Көлдүн жээгиндеги өзүнө тиешелүү мейманкананын ачылышына арнап өтөргөн кечесинде ал жакка барган Кыргызстан ишкерлеринин тандалмаларынын баардыгы тең президенттин уулун аябай мактап, жагалданышкан.

«Ишкерлердин көбү Максимдин алдында жагынып, өз тилектерине жетүүнү каалашат, алар өздөрү «босс» атап алышкан адамдын келишин кыжаалаттык менен күтүшөт», — деп жазган америкалык дипломат Ли Литценбергер өзүнүн дипломатиялык билдирүүсүндө.

Бирок буга карабастан ишкер чөйрөсүндөгүлөрдүн көбү Максимдин дарегине терс комментарийлерди жасап келишет, деп уланткан дипломат.

«Бир бизнесмен мындай деп сураган: «Эгер биз барыбыз тең, байкуш Игорь (Чудинов, мурунку премьер-министр) баш болуп бизнесте калуу үчүн анын уулунун алдында куйруктарыбызды шыйпаңдатууга аргасыз болуп жатсак, анда биз кайсыл мамлекетте жашап жатабыз?» , — деп жазылган билдирүүдө.

Максим Бакиевдин кыргыз экономикасында үстөмдүк кылып жаткандыгы «ырасталып жатат», бирок президенттин уулун «көп деле» жактырышпайт, деп жыйынтыктаган Литценбергер дипломатиялык жашыруун билдирүүсүн.

Автор: Эльдияр Арыкбаев