Ысык-Көл облусунда илбирсти атып өлтүргөн мергенчи Аскарбек Каранаев сот тарабынан күнөөлүү деп табылса жарым миллион сом өлчөмүндөгү айып пул төлөөгө милдеттендирилип же үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мергенчинин өзү илбирсти карышкыр деп ойлогонун билдирүүдө.

Аңчылар биримдигинин мүчөсү Аскарбек Каранаев милицияда илбирсти атып өлтүргөндүгүн түнкү аңчылык маалында аны карышкыр экен деп ойлогондугу менен түшүндүрдү.

Облустук Ички иштер башкармалыктын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, мергенчи 16-январь күнү өлтүрүлгөн илбирстин башы менен терисин алып бара жаткан жеринен кармалган. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, анда ал жарым миллион сом өлчөмүндөгү айып пул төлөөгө милдеттендирилип же үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Кылмыш иши козголду, бир айдын ичинде аны сотко жөнөтөбүз. Териси менен башы алынып, буюмдай далил катары кылмыш ишине киргизилди. Каранаев күнөөсүн толугу менен мойнуна алды», — деди ал.

Тема боюнча: Окумуштуулар Кыргызстандагы илбирстерди жашыруун камерага тартышты [сүрөт]

«Таалим Форум» фондунун башкы директору Алмагүл Жумабаева илбирстин өлтүрүлүшүн «кыжырды кайнаткан факты» деп атап, окуяны экологиялык маданияттын төмөндүгүнөн улам болду деп эсептейт.

«Эгер адамдар анын [илбирстин] элибиз, ландшафт үчүн канчалык баалу экенин түшүнүшкөндө… Ал деген биологиялык түрдүн гана баалуулугу эмес да, ага жан дүйнө баалулугун, жаныбардын ал түрүнүн ыйык баалуулугун да салуу керек», — деди ал.

Жумабаеванын уюму 2016-жылдан тарта Кристенсен жана Леонардо Ди Каприо фонддору тарабынан түзүлгөн ак илбирстерди сактоо боюнча программа менен кызматташып баштаган.

Ак илбирстер менен анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдуу программанын жетекчиси Кыял Алыгулова илбирстин өлтүрүлүшү боюнча ишти аягына чейин чыгарышат деген үмүттө.

«Ал [Аскарбек Каранаев] татыктуу жоопко тартылып, мамлекеткее 500 миң сом өлчөмүндөгү айып пул төлөйт деген үмүттөбүз. Каранаев илбирсти байкабай өлтүрүп алганын айтууда. Ага байланыштуу ишти токтотуп коюулары мүмкүн. А балким андай кылышпайт. Бул браконьерди териси менен башын алып бара жаткан жеринен кармаган резонанстуу иш», — деп эсептейт Алыгулова.

Анын айтымында, илбирсти өлтүрүү үчүн каралган айып пул көлөмү мурда кыйла аз болгон.

«Балким илбирсти өлтүрүү үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү керектир. Андан сырткары ал тамактана турган тоо текелерди, аркарларды өлтүрүүгө тыюу салуу керек. Азыр аларга аңчылык лицензиялар берилүүдө», — деди ал.

Тема боюнча: Окумуштуулар Кыргызстандагы илбирстерге GPS-каргы аркылуу байкоо сала башташты

Ак илбирс жоголуп бара жаткан жаныбарлардын катарына кирет жана Кызыл китепке киргизилген. Ал Кытай, Монголия, Непал, Тажикстан, Ооганстан, Казакстан жана Өзбекстандын аймактарында жашайт.

Түрдүү эсептөөлөр боюнча, Кыргызстанда илбирстин 200гө жакыны жашайт. Өлкөдө аны атууга тыюу салынган.

Со-автор: Бактыгуль Мидинова
Сүрөт: YouTube